Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Жер чыры вице-мэрди каматты


Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов жана мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектелип камакка алынды.

Буга чейин Ренат Макенов 6-июлда Бишкектин №12 кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнүнө байланыштуу УКМКга сурак берген. Макенов ал учурда Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп туруп бул ишке тиешеси болгону айтылууда.

Ренат Макенов былтыр августтан бери Бишкектин биринчи вице-мэрлигин аркалап келген.

Ушул жылдын 5-июнунда Бишкек шаардык прокуратурасы баш калаада үч жарым гектар жердин менчикке берилиши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Ренат Макенов
Ренат Макенов

Башкы прокуратура 2014-жылы Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (азыр “жер ресурстарын башкаруу” деп аталат) Бишкек шаарынын 12-кичи районундагы 3,38 гектар жерди Н.Г. жана К.К. аттуу жарандарга бир жылга пайдаланууга бергени тергөөдө аныкталганын кабарлаган.

"Аталган участок жалпы пайдалануудагы жер экенине карабай 2015-жылдын 4-декабрында муниципалдык менчик башкармалыгы Бишкек шаардык башкы архитектура ишканасына материал жиберип, жерди иштетүүнүн багытын өзгөртүүнү талап кылат. Өз кезегинде Бишкек шаардык башкы архитектура ишканасынын жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз бүтүм чыгарып, жерди пайдалануу мөөнөтүн узартууга жана “соода, оюн-зоок борборун” курууга уруксат берип койгон.

Ага ылайык, 2016-жылдын февраль айында Бишкек шаарында жерге болгон укукту берүү комиссиясы сөз болуп жаткан жер аянтын пайдалануу укугун узартуу боюнча чечим кабыл алган. Ошого жараша бул жерди беш жылга пайдаланууга берүү тууралуу келишим түзүлгөн. Анын натыйжасында, 2017-жылы жер тилкеси төрткө бөлүнүп, “Б.С.” жабык акционердик коому тарабынан иштетиле баштаган" деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Бул факт боюнча козголгон кылмыш иши УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө жана сатууга байланышкан жаңжалдар байма-бай чыгып турат. Активисттер болсо алардын айрымдарына кылмыш иштери козголуп, кээ бири соттолгону менен, негизги коррупциялык схеманы ачуу аракеттери жок деп эсептешет.

Буга чейин Бишкек шаарынын аймагынан 80 гектардан ашуун жер тилкесинин ижара берилгени тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар "шаар бийлиги жер тилкелерин мыйзамсыз бөлдү" деп айтып чыгышкан.

Апрель айында "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов акыркы эки жылда борбор шаарда 80 гектардан ашуун жер тилкеси ижарага берилип кеткенин айтып, шаар бийлигин сындаган:

- Бишкек мэриясы 84 гектар жерди беш жылдык мөөнөттө капиталдык курулуштар үчүн ижарага берип салыптыр. Андан мамлекеттик бюджетке бир сом да түшкөн жок. Ошол эле учурда жеке ишкерлер ал жерлерге мамлекеттик социалдык объекттерди эмес, көп кабаттуу үйлөрдү салып, коммерциялык максатты көздөп жатышат. 84 гектар жерди ижарага берүү мамлекеттин мүлкүн, жерин жөн эле таратып, уурдаганга барабар.

Депутат ижарага берилген жер тилкелери Бишкектин түштүк ыптасында орун алганын белгилеген. Бул жак жашоого ыңгайлуу, абасы салыштырмалуу таза болгондуктан андагы үйлөр абдан кымбат саналат.

Бирок борбордун мэри Албек Ибраимовдун бир топ тилкелер мурдагы шаар бийлигинин учурунда таратылып кеткенин айткан. Ал эми акыркы эки жылда ижарага алты гектар тилке берилгенин ырастаган:

Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

- 2016-жылы чыккан чечимдин негизинде алты гектар жер ижарага берилген. 2018-жылы алты гектар жердин берилгени боюнча маселе учурда каралып жатат. Комиссия менен чечилет. Бул мыйзамдын негизинде кабыл алынат. Атайын комиссия конкурстук негизде чечим кабыл алат. Андан кийин сатылып кеткени жарандык административдик келишимдин негизинде болууда. Себеби ижарага алган соң сатканга мүмкүнчүлүк бар экен.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, курулушчу Ишенбай Кадырбеков мындай мыйзамсыз аракеттер акыркы жылдары ишкерликтин эң кирешелүү булагына айланганын белгилеген:

- Беш жылга ижарага берилген жерге көп кабаттуу үй курулат. Үйдөн болсо жарандар батир сатып алат. Батирлерди каттоого алганда үй менен кошо жер да менчикке кетип калып, "беш жылдык" дегени түбөлүк болуп калып жатат. Бирок ижарага берилген жерге көп кабаттуу үй курууга мэрия уруксат бербеши керек болчу. Ал уруксат берип коюп, ушундай кырдаал жаралууда. Бул жерде жоопкерчилик мэрияда.

Буга чейин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын, абройлуу болуп эсептелген аймакта курулуш баштоо аракети болуп жатканы тууралуу маселе парламентте козголгон эле. Анда аны "Ихлас" деп аталган компания курганы жатканы, бул компаниянын экс-президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго тиешеси бар экени айтылган. Мындай дооматтарды Илмиянов да, "Ихлас" да четке каккан. Бирок эки гектардан ашуун тилке мыйзам негизинде алынганын курулуш компаниясынын өкүлдөрү ырасташкан эле.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG