Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Элеттик кыздардын кыялы чексиз


Элеттик кыздар эмнени кыялданат? Жеткинчектердин жүзүн, алардын ой-максаттарын чагылдырган «Кыялдар атласы» көргөзмөсү Бишкекте ачык асман алдында өтүп жатат.

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында коюлган сүрөттөрдө Кыргызстандын жети облусунда жашаган 11 жаштан 19 жашка чейинки 46 кыздын жүзү, ой-максаты, кыялдары чагылдырылган.

Сүрөттөгү кыздар көрүүчүгө программист, дизайнер, котормочу, мугалим, дарыгер, адвокат, архитектор, жазуучу жана журналист кесибине ээ болгусу келерин айтып беришет.

Сүрөттөгү кыздардын бири, Таластын Сулу-Маймак айылында 10-класста окуган Айдана Мырзакулова атактуу комузчу болууну кыялданат. Бирок ал жашаган аймакта атайын ийримдер жок.

Атактуу комузчу болууну кыялданган Айдана.
Атактуу комузчу болууну кыялданган Айдана.

«Мен комузду айылдагы жеңеме барып эле үйрөнгөм, - дейт ал. - Нота билбейм, жөн гана жаттап үйрөнгөм да. Айылда комуз чертүүнү үйрөткөн ийрим жок. Мугалим да жок. Мүмкүнчүлүк болсо күү үйрөнүп, дастан айткым келет».

Сүрөт көргөзмөсүн уюштургандардын бири Южиния Чоңдун айтымында, Кыргызстанда Айдана өңдүү кыялына жетпей, өксүгөн кыздар четтен чыгат.

Ал айылда кыздардын билим алышына көбүрөөк көңүл буруп, алардын ичиндеги кыял, ой-максаттары менен эсептеше тургандай шарт түзүлүшү керек деген ойдо.

«Кыргызстанда алты жылдан бери жашайм, - дейт уюштуруучу. - Адегенде ыктыярчы болуп келгем. Азыр кино тартыш үчүн жүрөм. Кичине кезимде менин да кыялдарымды, максаттарымды эч ким уккусу келчү эмес. Эч ким жардам бергиси келчү эмес. Мен кино тарткым келчү. Ата-энем «макул, тартып көр, бирок кыйын болот го» дешкен. Бул жакка келгенде да ушундай кыйынчылыктарды көрдүм. Айылда жүргөн кыздар максатына жетүүдө кыйналышат экен. Аларга боорум ооруп, командабыз менен алардын кыялдарын орундатууга жардам беришибиз керек деп чечтик».

Көргөзмөдөгү кыздарды Южиния Чоң өзү айыл аралап жүрүп сүрөткө тарткан. Ал бул иш-чара аркылуу коомчулукка кыздардын билимге, жаңылыкка умтулуусу күчтүү экенин көрсөткүсү келген.

Мээрим болсо котормочу болгусу келет.
Мээрим болсо котормочу болгусу келет.

«Кыргызстанда аялдар абдан күчтүү, көп иштерди жасай алат, - дейт ал. - Мен «Кыргызстанда кыялданган кыздар бар. Аларда үмүт бар. Эгер биз жардам берсек, келечек ошолордо» деп сүрөт аркылуу көрсөткүм келди».

Иш-чарада коомдогу стереотиптерди жеңип, билим аркылуу ийгиликке жеткен жаш кыздар өз окуялары менен да бөлүштү.

Алардын бири, Кыргызстандагы IT компаниянын жетекчиси Санира Мажикова кыздарды эч убакта артка чегинбөөгө, кыялын унутпоого чакырды:

Санира Мажикова.
Санира Мажикова.

«Мен программист болгум келгенин айтканда: «Бул кыздын жумушу эмес, эркектердин арасында эмне кыласың?» дешкен. Бирок мен өзүмө ишенгем. Ишти алып кете аларыма көзүм жеткен. Үйдөгүлөр менен көпкө сүйлөшүп, анан окууга тапшырып калдым. Акыркы эки жылдан бери IT компанияны жетектейм. Эч качан артка чегинбеш керек».

Долбоордун демилгечилери кыргыз кыздары алдына кандай максат коерун аныкташ үчүн 2018-жылдын октябрь-декабрь айларында Кыргызстандын жети дубанындагы 600дөн ашуун кыз менен жолугуп, ой-пикирлерин уккан. Анын ичинен билим алууга өзгөчө ынтызар 46 кыз тандалып алынып, сүрөттөрү көргөзмөдө илинди. Бул иш-чара 3-июнда аяктайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG