Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Адам өнүксө анан аймак өнүгөт


Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Билим берүүдөгү өксүктөр, бийлик институттарынын чабалдыгы жана башка көйгөйлөр тууралуу ишкер жана экономист Руслан Акматбектин блогу.

Максат Жээнбай уулу элет жеринде соода менен алектенген ийгиликтүү ишкер. Салык төлөйт, калкты иш орундары менен камсыз кылат. Үч баланын атасы. Бирок балдары чоңойгондон бери Бишкекке көчүп келүү жөнүндө ойлонгону ойлонгон. Биринчиден, балдарына татыктуу билим бергиси келет. Экинчиден, бизнесин кеңейтүү үчүн борбордо иш жүргүзүү келечектүү да көрүнөт. Жашаган жери облус борбору болгонуна карабай, балдары жөндөмүн арттыра турган, ара тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзгөн ийримдер жокко эсе. Канчалык биз жашырсак да бүгүн, тилекке каршы, аймакта жашагандарда “бир өлкө – бир келечек” деген маанай жок. Борбор менен аймактардын ортосундагы ажырым барган сайын күчөгөнү күчөгөн. Экономикалык активдүүлүк, толук кандуу жашоо борбордо гана бар. Эми кантебиз?

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Эң оболу “баары жакшы, программа жаздык, бекиттик” деген кагаз жүзүндөгү Союздун духу жыттанган отчетторду, көз боёмочулукту токтотуп, жагдайды объективдүү баалаш керек. Эч ким түшүнбөгөн проценттик өсүштөрдү токуй бербей, дыйкандын сээп, айдаганын өзү кыйратып жасап койгонсуп доклад кылбай, критерий катары чындыгында акыркы жылда канча жаңы ишкана пайда болду же канча жаңы иш орду түзүлдү деген суроого түз жооп берүү зарыл. Аймактардагы өкмөт өкүлчүлүктөрдүн, жергиликтүү бийликтин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн кайра карап чыгуу зарылчылыгы бар. Маркум Салижан агай айткандай: “Биздин бийлик чындыктын тили менен сүйлөмөйүн абал оңолбойт”.

Кечээ жакында эле эксперимент катары бир катар облус администациясына байланышып, эки суроо менен кайрылдык. Биринчиси, “Биз сиздин облуста ишкана ача турган болсок, эмне кылышыбыз керек?” Экинчиси, “Биз инвесторбуз, облусуңузга инвестиция кылууга кызыкдарбыз, эмнеден баштообуз зарыл?” - деген жөнөкөй талаптарды койдук. Жакшы жагы, бардыгы көңүл буруп, жардам берүүгө аракет кылышты. Жаман жагы, колдоно турган бир программма, мыйзам же адистик кеңеш бере алышпады. Бүт эле, “келсеңиз сүйлөшөбүз” менен бүттү. Колдорунда милдетин так аткарууга жардам бере турган, ишкерге чечим сунуштай турган инструментарий жок. Борбордо кабыл алынган программалардын иштебегени анык байкалды. Мындай мамиле инвесторго, ишкерге канчалык көмөк көсөтөт? Сөзсүз түрдө телефон чалбай, электрондук сайттан керектүү маалыматтарды алсак, албетте, ыңгайлуу болмок. Бирок бир да облустун расмий сайты жоктугу ошол сурамжылоодо өзүбүз үчүн да жаңы ачылыш болду. Демек, коммуникация маселеси абдан көйгөйлүү. Биздин бул багытта канчалык артта калганыбызды салыштыруу үчүн коңшу Казакстан дубандарынын сайттарына кирип көрсөңүз жетиштүү.

Экинчиден, акыркы убактарда өнүгүү маселеси толугу менен эл аралык уюмдарга ыйгарылгандай түр бар. Сиз жаран катары жакын арада бир акимдин же губернатордун бир демилге көтөргөнүн же бир көйгөйдү айтып чыкканын уктуңуз беле? Бишкекте демилге көтөрүлүп, чү дегенде эле донор издемей кадимкидей адатка айланды. Албетте, эл аралык уюмдардын өнүгүүгө салым кошуусу алкоого татыктуу. Бирок биз өлкө катары өз алдынча оокат кылганды, өзүбүздүн күчүбүзгө таянып өнүгүүнү качан үйрөнөбүз? Айылдагы суу маселеси, бала-бакчанын жоктугу немис салык төлөөчүлөрдүн эмес, биздин көйгөй экендигин эстетүүнүн кажети барбы?

Аймактарга сапар тартканда, жакырчылык оркоюп дароо көзгө урунат. Жакырчылыктын айынан түркөйлүктүн, кылмыштуулуктун, зомбулуктун сазына батып баратабыз. Эң кызыгы, мекендештерибизге үйдө түзө албаган шартты сыртта жүргөн мигранттарга түзүү менен алекпиз. Бул эптеп журтубузга келбей Орусияда эле жүрсө деген эле мамиле да.

Балким “каражат жок, мыйзам уруксат бербейт...” деген аракетти чектеген аң сезимди өзгөртүүнүн заманы келди. Ошол эле мигрант, кандайдыр бир деңгээлде туулган жери менен мамилени улантып, жердештерине жакшылык жасагысы келет. Ошол аракетти позитивдүү нукка буруп, аймактарды өнүктүрбөйлүбү. Өзгөрүү билим берүү аркылуу натыйжалуу болору анык. Бирок заманбап билим берүү деген бул курулай маалымат эмес да. Биз болсо адам бир гана кара курсактан, билим берүү болсо имарат менен компьютерге эле көз карандыдай саясат жүргүзөбүз.

Кыргыз мектептеринин бири.
Кыргыз мектептеринин бири.

Бүгүнкү күндө аймактагы ар бир жараныбызга турмушта колдоно ала турган, жашоосун жакшырта турган жөндөмдөрдү үйрөтүүнүн зарылчылыгы бар. Диплом ээси кыла бербей, кесип ээси кылганга умтулсак, оокат кылганды билген жөндөмдүү жарандарыбыз көбөймөк. Үй-бүлө куруу, бала багуу, финансылык сабаттуулук, коммуникация, кол өнөрчүлүк, иш баштоо... Дал ушундай жөндөмдөр турмуш деңгээлин көтөрөт. Бүгүн аймактар “биринчи мугалимдерге” муктаж. Ар бир мекеме коомдук мектепке айланып, элдин түйшүгүн бир учунан кармашы керек болуп жатат.

Руслан Акматбек

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG