Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Тай бокс боюнча чемпионат курч мүнөздө өтүүдө


Учурда Ташкентте тай бокс боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. 24-сентябрда Азербайжандын борбору Бакы шаарында бокс боюнча дүйнө чемпионаты уланды.

Учурда Ташкент шаарында тай бокс боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында тай бокстан дүйнөнүн көп жолку чемпиондору, бишкектик бир туугандар Валентина жана Антонина Шевченко алгачкы беттешүүлөрдө марокколук жана бельгиялык атаандаштарын артыкчылык менен утуп алышты. Антонинанын кезектеги атаандашы орусиялык Светлана Усманова болмокчу.

Тай бокс дүйнө чемпионатында кыргызстандык жигиттерден Амангелди Талантов түркиялык Хабаш Антоунени упайдын айырмасы менен утуп алды. Ошондой эле 57 кг. салмакта Данияр Кашкаров ооганстандык атаандашын жеңип, венгр жигити менен таймашка чыгат. Бишкектик Дмитрий Валуевич да өз жеринде өзбекстандык жигитти жеңип, адистердин жогорку баасына татыды.

Тобокелге баш байлаган Ваккер

Кыргызстандык велоспортчу, Азиянын үч жолку чемпиону Евгений Ваккер Даниянын Копенгаген шаарда 20-сентябрдан бери дүйнө чемпионатынын жарыштарына катышып жатат. Бирок Евгений Ваккер 46 км. аралыкка жарышта ийгилик жарата албады.

Веложарыштарга дүйнөдөн тандалган 70 спортчу мөрөй талашууда. Алардын катарындагы дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, швейцариялык Фабиан Канчеллер үчүнчү орунду ээледи. Марага германиялык Тони Мартин озуп келди.

23-сентябрда 260 км. аралыкка веложарыш башталды. Евгений Ваккер узак аралыкка жарышка катышууда.

"Кабылан" баш байгеге талапкер

Учурда Таластагы “Манас-Ордо” улуттук борборунда көк-бөрү баштаган улуттук ат оюндары өтүүдө. Мында Кыргызстан менен Казакстандын 12 командасы улак тартышууда.

Ысык-Көлдүн “Кабылан” командасы Казакстандын “Шахрихстан” командасын 7:0 эсебинде утуп алды. Таластын “Ынтымак”, Сокулуктун “Кожомкул”, “Тынай” жана “Аю” командалары атаандаштарын утуп, алдыда баратат. 24-25-сентябрда да көк-бөрү, ат чабыш, жорго, кыргыз күрөш боюнча мелдештер уланат.

Жеңгендер Лондон олимпиадасына жолдомо алат

23-сентябрда Азербайжандын борбору Бакы шаарында бокс боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мында 132 өлкөнүн 700дөн ашуун тандалган спортчусу мөрөй талашат. Бул дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болгондорго 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо берилет.

Ошондуктан таймашуулар курч мүнөздө өтөрүн эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мамыт Акеров “Азаттыкка” айтып, 8 жигит өлкө намысын коргоп жатканын билдирди.

Кадырың кандай, Кыргызстан?

Эл аралык футбол федерациясы сентябрь айына карата дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн кадыр-баркын аныктаган маалыматын таратты. Анда мурда 177-орунда турган Кыргызстандын кадыр-баркы эки тепкичке төмөндөгөнү баяндалат. "Азия континентиндеги 46 өлкөдөн 39-орунда турганы эле футболдун деңгээли төмөн экендигинен кабар берет", -дейт футбол адиси Чынарбек Бейнешбеков.

Биринчи орунда Испания, экинчи Голландия, үчүнчү Германия турат. Футболго көп каражат жумшаган Италия алтынчы тепкичте турса, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия учурда жетинчи орунда.

Футболдун мекени аталган Англия алардан кийинки 8-катарда келүүдө. Орусия 13-орунда, Грузия 64-орунда, Өзбекстан 79-орунда, коңшу Казакстан 131-орунда турушат.

ФИФА футбол калыстарын окутууда

Учурда Бишкекте алгач ирет Борбор Азия мамлекеттеринин футбол калыстары үчүн ФИФАнын усулдук окуусу уюшулуп, ага катышкан калыстар атайын сертификатка ээ болушту. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаров 2010-жылкы дүйнө чемпионатында калыстык кылган. Өлкөдө эл аралык деңгээлдеги мелдештерди тейлеген Виктор Колпаков менен Кемел Токабаев инспектор аталган.

Мындан сырткары футзал боюнча дагы Нурдин жана Нурбек Букуевдер эл аралык калыс катары таанымал.

Олимпиада үчүн алдыда далай таймаш бар

Стамбулдагы грек-рим жана эркин күрөш дүйнө чемпионатында балбандар Лондон олимпиадасына жолдомо албай калышына кыргызстандык күйөрмандар кабатыр болушууда. Алдыда дагы дүйнө, Азия чемпионаттарынын таймашуулары турат.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, учурда 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жеңил атлетчи Юлия Архипова гана жолдомо алды.

- Спорттун калган түрлөрүнөн эмки жылдын июнь айына чейин балбандар, суучулдар, жеңил жана оор атлетчилер, мергендер жолдомо алып калышы ыктымал.

Даңкка жараша сый-урмат

24-сентябрда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ушул майрамга карата бир катар спорт ишмерлерине өкмөттүк сыйлыктар ыйгарылды. Алардын катарында грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Хаким Махмудовго “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наамы ыйгарылды.

Ардак грамота менен сыйлангандардын катарында грек-рим күрөшүнүн балбандары, 16-Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү Жанарбек Кенжеев, Каныбек Жолчубеков, алардын устаттары Виталий Филипповский, Садыкжан Юсупходжиев, кайык айдоочу, 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль жана устаты Олег Роганов жана башкалар бар.

Жеңилүү - чоң сабак

Татарстандын борбору Казан шаарында бильярддын эркин пирамида түрүнөн жаштар арасында дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында Ызатбек Ратбеков менен Азиз Мадаминов баш байгеге талапкер болбой калышты.
XS
SM
MD
LG