Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

"Кыздарым энесин сагынып ыйлашат..."


Нургүл Имангазиева 26-сентябрда 17 күндүк комадан кийин көз ачкан эмес.
Нургүл Имангазиева 26-сентябрда 17 күндүк комадан кийин көз ачкан эмес.

Төрөттөн каза болгон келин боюнча Бишкектеги Эне жана балдарды коргоо борборунун дарыгерлерине иш козголду.

Нургүл Имангазиева 22-августта операция жолу менен көз жаруу үчүн аталган төрөтканага барып, ажал тапкан.

Колуна ымыркайын көтөрүп, жөжөдөй кыздарын жетелеген Бакыт Касенов мындай күнгө туш болорун күтпөгөнүн айтууда.

Учурда ал келинчеги Нургүл Имангазиеванын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап, акыйкаттык издеп жүрөт:

Бакыт Касенов маркумдун күйөөсү.
Бакыт Касенов маркумдун күйөөсү.

- Төртүнчү кызыбызды күтүп жатканбыз. Буга чейин Ысык-Көлдөгү төрөтканада балабыз чарчап калган. Ошон үчүн Бишкекке келгенбиз. Жолду катар кыйналган жок. Ал күнү операция болорун да билген эмеспиз. Сүйлөшөлү десек, "бүгүн төрөйт" деп ичкери алып кетишти. Кызымды колума карматканда аялым калчылдап, кыйналып жатканын көрдүм. Кан көп кеткенин айтышты. Мени башка бөлмөгө алып кирип, кызматы үчүн акча сурашты. Дарыгерлер мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек! Бул жерде алар 100% күнөөлүү! Кыздарымдын убалы кимге? Улуу кызым улам сурап, апасын сагынып жатат.

Маркумдун жакындарынын айтымында, 22-августта болгон бул окуядан кийин Нургүл Имангазиевага дагы беш жолу операция жасалган.

Келиндин бир тууган эжеси Наргүл Имангазиева сиңдисинин өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү донор издеген.

Наргүл Имангазиева маркумдун эжеси.
Наргүл Имангазиева маркумдун эжеси.

- Сиңдимдин абалын укканда эле Бишкекке жөнөдүк. Жолду катар туугандарга чалып, кан издеп жаттык. Ошол убакта менин бир тууган агам донор болууга макулдук берди. Ал бала кезинде сарык болуп ооруган. Аны мен сарсанаа болуп жатып унутуп коюпмун. Эстегенде Бишкектеги ата-энеме чалдым. Алар дарыгерлер "эч нерсе болбойт" дегенин айтты. Андан кийин дагы беш жолу операция жасалды, бирок Нургүл комага түшүп калды.

Нургүл Имангазиеваны акушер-гинеколог Гүлнура Мамаева кабыл алган. Ал келиндин өлүмүнө дарыгерлердин күнөөсү жок деп эсептейт.

Маркум ооруканага оор абалда келгенин гана айтып, ашыкча комментарий берүүдөн баш тартты:

- Абалы оор болчу. Ал күнү төрөтпөй койгонго арга жок эле. Өмүрүн сактап калуу үчүн колумдан келишинче аракет кылдым. Меним күнөөм жок.

Жогорудагы окуя боюнча Бишкектеги Эне-баланы коргоо борборунун дарыгерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси боюнча (“Медициналык кызматкердин кесиптик милдетин талапка ылайык аткарбай коюшу”) кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева учурда тергөө жүрүп жаткан билдирди:

- 1986-жылы туулган келин төрөттөн кийин комага түшүп калып, анан каза болгон экен. Окуя боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы 119-берене менен кылмыш ишин козгогон. Биринчи дайындалган экспертиза "дарыгерлердин күнөөсү бар" деген тыянак чыгарыптыр. Азыр комиссия түзүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлиги да текшерүү жүргүзгөн. Министрликтин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева комиссиянын жыйынтыгына таянып, Имангазиеванын окуясында дарыгерлер кемчиликтер кетиргенин жашырган жок:

- Биз аягына чейин чуркап жүрдүк. Нургүлдү сактап калуу үчүн колдон келген аракетти жумшадык. Документтерди текшерсек, дарыгерлер тараптан да кемчилик кетиптир. Биринде кеч реакция кылса, биринде үлгүрбөй калышкан. Туугандары "дарыгерлер акча алган" деп айтып жатышат. Аны эми укук коргоо органдары тактасын. Биз өз иликтөөбүздү жүргүзүп, баарын өткөрүп бердик.

32 жаштагы Нургүл Имангазиева Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылынын мектебинде англис тил сабагынан мугалим болуп эмгектенчү. Анын өлүмү боюнча сот иши качан болору азырынча белгисиз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун маалыматына караганда Кыргызстан эне өлүмү боюнча Борбор Азия менен Чыгыш Европада биринчи орунда турат. Жылына орто эсеп менен 50-60 аял төрөттөн көз жумат.​

"Азаттыктын" архиви: "Төрөттөн ажал тапкандар", 13.11.2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG