Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Көчөдөгү төрөт үчүн ким күнөөлүү?


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте кош бойлуу келин төрөт үйүнүн короосунда көз жарды. Бул окуядан кийин көпчүлүк Интернет колдонуучулар төрөткананы айыптап чыкты.

3-июлда Бишкектеги №2 төрөткананын короосунда көз жарган келин тууралуу видеотасма тарап, кызуу талкууга түштү.

Тасмадан келиндин оорукананын эшигинин алдында төрөп жатканын, ага ак халатчандар эмес, төрөткананын айланасында жүргөндөр жардамга келгенин көрүүгө болот.

Аны көргөн Интернет колдонуучулар дарыгерлерди катуу сынга алышты. Бири толготкон аял төрөтканага оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда барганы үчүн кирбей калганын, дагы бири дарыгерлер эмгек өргүүсүндө экенин жазды. "Төрөт маалында ымыркай асфальтка түшүп жабыркады" деп айткандар болду. "Окуяга күбө болдум" дегендердин бири буларды айтты:

Курсактагы түйүлдүк
Курсактагы түйүлдүк

- Келинчегим бул төрөткананын башка имаратында төрөгөн. Кечээ ага кезиккени келгенде ал аялды көргөм. Каканак суусу агып кетип, дубалга сүйөнүп турган экен. Жанындагы жолдошу машине издеп жүрүптүр. Ошондо эле бул үй-бүлөнү көрүп таң калып койгом. Он-он беш мүнөттөн кийин келе жатсам, ал келин төрөп, чаканын үстүндө баласын кармап отуруптур. Ошол жердеги адамдар "жок дегенде киндигин кесип берип койгулачы" деп кыйкырып жатып, дарыгерлерди чакырдык.

Төрөткананын башкы дарыгери Азамат Алымбаев "окуя жогоруда айтылгандардан такыр башкача болгон" деди:

- Биздин төрөткана Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 2-июлдан 31-июлга чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылган. Бул жерде оңдоо иштери башталган, ошон үчүн эшиктер жабык. Дубалда бейтаптарды биринчи төрөткана кабыл алары жазылып турган. Аны окуган жолдошу такси чакырып келгиче аялдын толгоосу келип, отуруп эле төрөп коюптур.

​Эне-бала учурда №2 төрөткананын көзөмөлүндө турат. 40 жаштагы келиндин бул жетинчи төрөтү. Аны менен баарлашууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Дарыгерлердин айтымында, жубайлар журналисттерди палатага киргизбөөнү өтүнгөн.

Башкы дарыгер Азамат Алымбаевдин айтымында, наристе 4 килограмм 900 грамм салмак менен төрөлдү, эне-баланын саламаттыгы канааттандырарлык:

- Биздин дарыгерлер баланы текшерүүдөн өткөрүп, эне-баланы палатага жайгаштырган. Эки сааттан кийин анын абалын текшергенибиз. Кансыраган жок. 200 миллилитр кан - кадыресе көрүнүш. Ал эми ымыркайдын саламаттыгы 7-8 баллга бааланды. Демек, бул да норма дегенди түшүндүрөт, - деди Азамат Алымбаев.

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Кыргызстандын аймактарындагы төрөтканаларды кыскартып, ирилештирүү жараяны төрөт курагындагы элеттик энелердин өмүрүнө коркунуч жаратып, жакындарын оор түйшүккө салууда.

Анткен менен укук коргоочулар дарыгерлерди "толгоо тартып жаткан аялга түшүнүү менен мамиле кылган эмес" деп сындап жатышат. Алардын бири - Кыргызстандагы "Тукум улоочулук ден соолук альянсынын" директору Галина Чиркина.

- Кандай болгон күндө да Гиппократка берилген дарыгерлердин антын жана милдетин эч ким жокко чыгарган эмес. Медициналык имаратта болгон окуяга дарыгерлер сөзсүз жооп бериши керек. Мындай мамилеге дарыгерлердин этикасы жол бербейт. Ремонт болуп, тиешелүү шаймандар жана шарт жок дейли. Бул учурда кабылдамадагы дарыгер келиндин абалын адегенде текшерип же жок дегенде "Тез жардам" чакырып бериши керек эле. Тилекке каршы, бизде эл менен тыгыз иштешкен кабылдама кызматкерлеринде сезгичтик жок. Алар жагдайга түшүнүү менен мамиле кылышпайт, - деди ал.

Ошол эле учурда, Чиркина көз жарган келин да төрөткө жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек болчу деген оюн кошумчалады. Энелердин жоопкерчилиги да маанилүү экенин акушер-гинеколог Гүлзина Матраимова белгиледи:

- Дароо эле дарыгерлерди күнөөлөгөнгө даярбыз. Мен бул окуядан улам бир тарапты күнөөлүү деп айтуудан алысмын. Тилекке каршы, кыргыз келиндеринин балага болгон жоопкерчилиги жана төрөткө болгон сабаттуу мамилеси калыптанбай келет. Эң биринчи эле балага жоопкерчиликти эне алышы керек. Ал "кайсы жакта төрөйм, качан көз жарам" деп толук даярдык көрүшү керек. Адатта дарыгерлер келиндерге 37-42 жума аралыгында көз жарып калышы ыктымал экенин жана андагы ар бир күнгө даяр болуш керек экенин эскертет.

Расмий маалыматка ылайык, 2017-жылы 48 аял төрөттөн каза болгон.

"Азаттыктын" архиви: Төрөттөн ажал тапкандар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG