Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Бийлик кытайлык кыргыздар боюнча унчуга элек


Кытай. Шинжаң.
Кытай. Шинжаң.

Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүп жатышат. Жакындары түрмөдө экенин айткан онго чукул киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алып, жардам сурашты.

Алардын кайрылуусунда Кытайдагы кыргыздар Бээжин "саясий тарбиялоочу борбор" деп атаган лагерлерде бейкүнөө жана себепсиз кармалып, катуу кыйноого кабылып жатканы жазылган. Президент жана Тышкы иштер министрлиги кайрылууга жооп кайтара элек.

Сегиз кишинин колу коюлган кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековго жолдонду. Бийликке кайрылып жаткандардын бири - Муслихидин Салимов Кытайдан Кыргызстанга келип, жарандык алгандан кийин камалып кеткен досу Турдакун Абылеттин дайынын бир жарым жылдан бери таппай жүрөт.

- Кыргызстандын бийлигинен Кытайдагы кыргыздарды Кыргызстанга чыгарып алууну, жок дегенде Кытайдын өзүндө куугунтукту токтотуп, эркиндик берүүгө жардамдашууну суранып жатабыз. Бийликтен ушуну абдан өтүнөбүз. “Тарбия берүүчү лагерь" дегени түрмө экен. Анда камалган кыргыздардын кимиси кай жакта экенин эч ким билбейт, - дейт Муслихидин Салимов.

Кыргызстандагы кайрылмандар "Кытайдагы туугандарыбызга кесепети тийип калат" деп кооптонуп, буга чейин ачык маалымат берүүгө көнчү эмес. Өткөн аптада Кытайдан Кыргызстанга келип, жарандык алган жети киши Алматыдагы эл аралык басма сөз жыйынына барып, ачык маалымат беришкен. Барган сайын жакындарын издеген кайрылмандар көбөйүүдө.

Кыргызстанда жашап жаткан кайрылман Сейитбек Иса кыргыз паспортунун ээси. Өзү Кыргызстандын жарандыгын алган, бирок тууган-туушканы Кытайда калган.

- Менин ата-энем, урук-тууганымдын баары Кытайда. Кара-Чий деген айылда турушат. Биздин үй-бүлө чоң, баары намаз окучу. Аларды Кытайдын бийлиги "окутуп үйрөтүүчү лагерь" деп алып кеткен. Ал жер түрмө эле. Азыр урук-тууганым түрмөдө. Эки байкемдин бири үч жылга, экинчиси эки жарым жылга кесилип кеткен. Алардан тышкары 7-8 тууганым камакта отурат.

Аалы Сүйүнаалы уулу Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном округунун Ак-Чий ооданынан 2016-жылы окуу визасы менен келген. Ал да Кытайда камалып кеткен атасынын дайынын биле албай бушайман болуп жатканын айтты:

- Атам биринчи жолу 2013-жылы Кыргызстанга келип кеткен. Экинчи ирет чоң энемди алып, Кыргызстанга келип кайткан.Ошонун айынан камалган. Ал кеткенден кийин жарым жылдан кийин эле 2017-жылы март айында камакка алынган. Ошондон бери дареги жок.

Кайрылманды кайгырткан Кытай саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:37 0:00

Кытайда кармалгандардын арасында буга чейин кыргыз жарандыгын алгандар да бар. Бирок Кыргызстан алардын бирин да бошотуп ала элек. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков кыргыз жарандыгын алгандарды Кыргызстан коргоого милдеттүү деп эсептейт.

- Казакстан кытайлык казактарды бошотуп атат, - деди ал. - Алар кайрылмандарын Кытайдан чыгарып кетүүдө. Жөнөкөй тил менен айтканда "силерге бул калк көйгөй жаратып жатса, бизге бергиле, алып кетели" деп чыгарып кетип атпайбы. Кыргызстан деле ошондой кадамга барса болот. Бир гана бизде мүмкүнчүлүк чектелүү. Памирден келген отуздай кыргызды деле эптеп-септеп жайгаштырды да. Ал эми Кытайда миңдеген эл бар. Айтор, өтө оор маселе. Сабырдуулук жана дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылыш керек. Таптакыр унчукпай отуруп алган болбойт. Дипломатиянын ар кандай тили бар да. Бул жактагы элчини чакырып, ал жактагы элчи барып сүйлөшүп, маселени жумшартканга аракет кылуу абзел. Нотаны жиберип коюу оңой эле. Бирок ал кагаз менен чечилбейт. Эгерде биздин жаран камалып калса, анын укугун коргоого, талап коюуга биздин толук акыбыз бар. Себеби, ал биздин жараныбыз. Ал эми Кытайдын жарандары боюнча катуу талап кылуу оор. Ал ички саясатка киришкендей болуп калат. Ошол эле кезде эки өлкөнүн мамилеси жакшы, карама-каршылык жок болсо "Эмнеге мындай окуялар болуп жатат?" деген нукта сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз "Кытай менен чек ара болобу, башка болобу, бир да талаш маселебиз жок" деп айтып, кубанып келатканбыз. Чынында эле ошондой болчу. Менин түшүнүгүмдө Кытайдын саясаты ислам менен байланыштуу болуп атат окшойт. Ошонун арты менен катуу саясат жүргүзүп, кыргыз улутундагы жарандарды да куугунтуктап жатканы өкүнүчтүү. Анткени тарыхка кайрылсак кыргыздар исламда радикалдуу дин туткан эмес. Кытайдагы кыргыздар деле ошондой эле. Ошону түшүндүрүш керек да. Кыргыздардын аялдары паранжа жамынган эмес. Эми кытайлык кыргыздар боюнча жолугуп, кеңешип, сураганга жолдор бар. Аны колдонуш керек. Ал эми катуу талап кылуу кыйыныраак. Эки өлкөнүн салмагы эки башка да.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы кайрылмандар "Кытайда жалаң гана мусулмандар камалып жатат" деген маалыматтарды четке кагууда. Алардын президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусунда "интеллигенция өкүлдөрүнөн профессор Мамбеттурду Мамбетакун, тарыхчы Аскар Жунус сыяктуулар, ал эми катардагы кыргыздардан Абуталып Саамый, Султан Жасын, Малик Масмакун, Турдакун Абылет, Кенжакун Жумаалы, Сүйүналы Жүсүпемет, Сулайман Орозобай, Амантур Малик, Мүсүралы Үсөн, Камза Салымкожо, Абдылда Асанакун, сыяктуу 50 миңдей кыргыз камакта отурат" деп жазылган. Бээжиндин саясаты жалаң эле мусулмандарга тиешелүү эмес экенин Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун активисти Серикжан Билаш да "Азаттыкка" билдирген. Ал исламдан алыс кыргыз-казактар деле жапырт камалып жатканын, бейкүнөө абакта отурган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кеткенин айтып, муну Бээжиндин жер саясаты менен байланыштырган.

Буга чейин Казакстан Кытайга нота жиберип, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бийликтин жана жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыккан. Кыргызстандагы кайрылмандар "Казакстанда алгылыктуу иштер жүрүп жаткан кезде кыргыз бийлиги үн катпай отурат" деп, "Азаттыкка" да тынымсыз кайрылып келишти. Акыркы күндөрү жергиликтүү укук коргоочулар жана айрым депутаттар да кытайлык кыргыздардын көйгөйүн көтөрө баштады.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Тышкы иштер министрлигине кат жазып, Кытайдагы кыргыздар туш болгон жагдайды териштирүүнү суранды.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- "Кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматты тактап бергиле" деп ТИМге кайрылдым. Мисалы, "жарандык алабыз" десе жардам беришибиз керек. Кыргыздар тууралуу маалыматтар ырас болсо, анда биз да Кытайга расмий нота берүүгө тийишпиз. Казакстан да ушундай кадамга барды. Биз деле ошентсек туура болот.

Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном округунда 160 миңге жакын кыргыз бар. Кытайлык кыргыздардын тагдырына байланыштуу акыркы кайрылуу боюнча президент тараптан жана Тышкы иштер министрлигинен азырынча жооп ала алган жокпуз. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен да комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG