Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:58

РАЖ шаардык кеңештеги бийлигин алдырды


Бишкек шаардык мэриясы жана кеңеши.

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы башкаруучу коалиция куралып, жаңы төрага шайланды. Бул жолу коалициялык көпчүлүккө "Республика-Ата-Журт" фракциясы кирген жок.

Бишкек шаардык кеңешинин 11-декабрдагы кезексиз сессиясында коалициялык көпчүлүк түзүлгөндүгү, коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары киргени жарыяланды.

Коалициянын жетекчиси, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Таалайбек Сагынов дароо эле шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселесин күн тартибине койду.

Добуш берүүнүн купуялуулугу боюнча талаш-тартыштардан кийин көпчүлүк коалиция төрагалыкка талапкер катары бул кызматта 2015-2016-жылдары иштеген, КСДП фракциясынын башчысы Алмазбек Кененбаевди алып чыкты.

Шайлоонун соңунда эсептөө комиссиясынын башчысы, депутат Эрнис Докенов добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады:

- Добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны 41, аларга таратылган бюллетендердин саны 41. "Макул" 25, "каршы" 13, “пикирин кармангандар” үч. Натыйжада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Алмазбек Кененбаев шайланды.

Кантсе да 33 депутаты бар көпчүлүк коалициядан көрсөтүлүп, 25 добуш алган Кененбаевге негизинен оппозицияда калган депутаттар каршы добуш берген. Бирок буга карабай жаңы төрага Алмазбек Кененбаев жалпы депутаттардын биримдиги үчүн иштөөгө сөз берди:

- Илим-билимибиз, тажрыйбабыз жетишинче иштейбиз. Бишкек шаардык кеңешине жана сүйүктүү Бишкек шаарыбызга татыктуу кызмат кылабыз. Негизи иш мерчемибизди көпчүлүк коалициянын келишиминин негизинде түзө баштайбыз. Бирок ошол эле кезде коалицияга кирбей калган фракция менен кошо, ынтымакта жана конструктивдүү иш алып барабыз.

Кененбаев ал жетектеген КСДП фракциясы буга чейинки коалициядан чыгып кеткенин жөн гана жаңылануу катары түшүндүрдү:

- Биздин фракция жаңы форматта иштейли деген ой менен мурдагы коалициядан чыктык. Биз шаардык кеңеште көбүрөөк, жандуураак иштеген коалиция болсун деп ниет кылганбыз.

Шаардык кеңешке жаңы төрага шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

​Ноябрдын этегинде Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы “Республика - Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн коалициядан чыкканын жарыялаган.

Ал эми “Республика – Ата-Журт” оппозицияда калуу тууралуу чечим кабыл алган. Аз күн мурда шаардык кеңештин төрагасы, “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев кызматын тапшырган. Мүзүралиев өзү бул жагдайды “саясий күрөштүн жемиши” деп түшүндүрдү:

- Бизди деле “коалицияга киргиле” деп айтышты. Бирок сүйлөшүүдө биз өзүбүздүн талаптарды өткөрө алган жокпуз. Алар койгон талаптарга биз макул боло албадык. Ошондуктан биздин фракция оппозицияда калууну чечти. Бизди саясий куугунтук кылды деген сөздөр жалган, андай болгон жок. Саясий куугунтук кылууга негиз да жок.

Ошентип, “Республика - Ата-Журт” партиясы Бишкек шаардык кеңешинде чечүүчү позициядан кол жууду. Буга чейин партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова вице-спикерликтен кеткен. Ал эми Жогорку Кеңештеги бул фракциянын башчысы Өмүрбек Бабанов ордун өз каалоосу менен бошотуп бергенин жарыялаган.

8-декабрда болсо “Республика-Ата-Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн Атыр Абдрахматова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басарынын кызматынан алынган. Мындай ырааттуу кадамдарды кээ бир адистер президенттик шайлоодон кийинки “саясий тазалоо” катары баалашууда.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова “мунун арты жакшылыкка алып келбейт” деген ойдо:

- Жаңы келген президент “бул менин кадрым, бул тигинин кадры” деп бөлүп жатат. Анын ичинен дагы “өткөн президенттик шайлоодо мени жактагандар жана мени жактабагандар” деп бөлүп жаткансыйт. Ошентип ар кайсы кызматтардан кишилерди алып жатышат. Эми жөн эле лидерлер же кайсы бир жетекчилер эмес, бардык кызматта Бабановду колдогондордун баарын кызматтан алышабы?

45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешинде беш фракция бар. КСДПга 13, "Республика-Ата-Журтка" 12, "Өнүгүү-Прогресске" сегиз, "Мекеним Кыргызстанга" жети, "Кыргызстан" фракциясына беш мандат берилген.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG