Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Базарбеков: Соттор өтө эле жалтаң, коркок болууда


Кыргызстанда жарандардын сотторго ишеними мурдагыдан да азайып кетти. Мындай пикирин бүгүн "Азаттык" радиосуна Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди.

“Азаттык”: Жарандардын сотко ишеними жок экенин көз каранды эмес талдоочулар айтып жатышат. Буга эмне себеп? Мыйзамдар жетишсизби?

Базарбеков: Сотторго ишеним мурда деле жок болчу, азыр андан да азайып кетти.

Азаттык”: Эмне себептен деп ойлойсуз?

Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Базарбеков: Сиз жогоруда "мыйзамдар" дедиңиз. Мыйзамдардын жаман же жакшысына эмес, биринчиден алардын аткарылышына көз салышыбыз керек. Адилеттүүлүк үчүн деп чыгарылган мыйзамдар аткарылбай жатат. Мисалы, мен азыр адвокаттык кесипти аркалап иштеп жатам. Жеке баамымда, биздин жаңы тандалган соттор өтө эле жалтаң, коркок болуп калган. Эмне үчүн? Себеби алар бийликтен көз каранды. Кээ бирлери “жогору жак болбой жатат” деп ачык эле айтат экен. Демек, алардын ишине кийлигишүү бар. Кийлигишүүнү формалдуу эмес, реалдуу түрдө токтотсо гана сот адилеттүүлүгү орнойт.

Азыр болсо кандай? Мыйзамыбыз бар, жакшы. Ушулар көз каранды болбосун деп эмгек акысын көбөйттү. Эмнеге жетиштик? Көбөйтсө деле болбойт экен.

“Азаттык”: Буга кандай чара көрүш керек?

Базарбеков: “Балык башынан сасыйт” болбой, бийлик башындагылар соттордун ишине аралашпашы керек. Кийлигишип жаткандарды мыйзам боюнча кылмыш жообуна тартууга туура келет. Себеби, “эгер жогору жактагы кызмат адамдары соттордун ишине кийлигишсе, алардын жоопкерчилиги каралышы керек” деп жазылган.

“Азаттык”: А ошону аныктап, далилдеп берүү мүмкүнбү?

Базарбеков: Бул жерде биз: “Корбашы өзү отурса, кантип айтам?” деген анекдоттогудай болуп жатабыз...

“Азаттык”: Сиздин жогорудагы пикириңиз саясий иштерди караган сотторго тиешелүүбү?

Базарбеков: Ооба.

“Азаттык”: Ал эми катардагы жарандарга байланыштуу иштерди караган судьялардын мамилесинде өзгөрүү барбы?

Базарбеков: Жамандагандай болбоюн, бирок жөнөкөй эле мыйзам талаптарын түшүнбөгөндөр четинен чыгууда. Демек, алар туура эмес тандалган. Албетте, баары дебейм, бирок көпчүлүгү ошондой. Алар тандалып жатканда да жогору жактан кийлигишүү болгон деп эсептейм.

“Азаттык”: Паракорчулук күч болгону да негизги себептердин бири катары айтылып келет...

Жеке баамымда, биздин жаңы тандалган соттор өтө эле жалтаң, коркок болуп калган. Эмне үчүн? Себеби алар бийликтен көз каранды. Кээ бирлери “жогору жак болбой жатат” деп ачык эле айтат экен. Демек, алардын ишине кийлигишүү бар.

Базарбеков: Мурда паракорчулукка каршы катуу киришип калышты эле. Бирок акыркы учурда, өзүңөр байкап көрсөңөр, ошол соттордун баары “жаңы тандалды” деп кайра эле иштеп жатышат. Муну угуп, көрүп жүрөм. Паракорчулук азыр мурдагыдан да квалификацияланып калды.

“Азаттык”: Демек, маселе сотторду тандоо системасында болуп жатабы? ​

Базарбеков: Мыйзамдын жөнөкөй талаптарын аткарбай жатса, демек Сотторду тандоо кеңешинен кемчилик кеткен. Ал кеңеш так, таза тандаса мындай болбойт эле го. Себеби булар тандалып келген соттор да.

Дагы бир маселе – Кыргызстанда мамлекет адвокаттык институтка көбүрөөк камкордук көрүшү зарыл болуп турат. Мен муну өзүм адвокат болуп иштеп жаткандыктан эле айткан жерим жок. Адвокаттар коомдук уюм катары эле каралып, өзүбүз менен өзүбүз болуп жатабыз.

“Азаттык”: Мамлекет сиздерге кандай жардам бере алат?

Базарбеков: Сот процессинде же башка бир адам укугун коргоо жараянында айыптоочу да, соттолуучу да тараптарга тең укуктуулукту камсыз кылыш керек. Бул боюнча деле мыйзамдар бар. Бирок алар иш жүзүндө аткарылбай калып жатат. Мисалы, өнүккөн чет мамлекеттерде адвокаттык институт өтө өнүккөн. Биз андай деңгээлге жете албай жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG