Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

ИИМ Атамбаевди сурактан күтөт


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам алдында бардыгы бирдей экенин эскертип, мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев тергөөгө мыйзамдын чегинде жооп бериши керектигин билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө гана жооп берерин, суракка барбай турганын билдирип келет.

Бирок адвокатынын айтымында, мындай сунушту Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы кабыл алган жок. Мындай жагдайда маселе кантип чечилиши керек?

Президенттин позициясы

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүйдүн Панфилов районундагы жергиликтүү актив менен жолугушууда Алмазбек Атамбаевдин суракка баруудан баш тартып жатканы боюнча суроого жооп берди.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү болушу керектигин айтып, бул маселе мыйзамдын алкагында гана каралууга тийиш экенин белгиледи:

«​Мурдагы президент «суракка барбайм» деп жатат бул бийликтин алсыздыгын көрсөтүп жатабы же башка себеби дагы барбы? Деги эле Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу пикириңиз кандай?» деген бир суроо түштү. Ал азыр күбө катары суракка чакыртылып жатат. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана аракеттер болушу керек. Мурдагы президентпи, мурдагы премьер-министрби, мурдагы депутатпы же катардагы аткаминерби, мыйзам бардыгына бирдей болууга тийиш. Бардык жарандар мыйзамга баш ийиши керек. Ошондо гана мамлекетте тартип болот».

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун ушундай жообуна удаалаш эле мурдагы президенттин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев Ички иштер министрлигине барып, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун бошотууга байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөчүнүн суроолоруна жазуу жүзүндө жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Адвокаттын айтымында, мындай сунушту тергөө кызматы кабыл алган эмес:

«​Эгерде алар иш боюнча суроолорду алдын ала берсе, экс-президент жазуу түрүндө жоопторду даярдап, алардын өздөрүнө гана кайтарып бере турганын айттым. Ал жактын тергөөнүн купуялуулугун сактоо талабын эске алуу менен берилген суроолор жана аларга карата жооптор жалпыга маалымдоо каражаттарына берилбей турганын билдирдим. Мына ушундай кылсак, ошондо конституциялык ченем жана экс-президенттин кол тийбестигин караган «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу» мыйзамдын талаптары да бузулбай турганын айттым. Бирок алар мындан баш тартышты. Мен ошондуктан «Батукаев иши боюнча жоопторду ичине камтыган маалыматтар аларга керекпи?» деп күмөн санап калдым».

«Мыйзамдын талабын бурмалоо амалы»

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматындагы жолугушуу тууралуу билдирген Слесарев Атамбаев дагы эле экс-президент деген макамга ээ экенин, парламенттин аны бул статустан ажыратуу тууралуу токтому кол тийбестигин алууга негиз боло албасын кошумчалады.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев адвокат Баш мыйзамды туура эмес чечмелеп жатканын айтып, жакында шайкеш келтирилген мыйзамга жана парламенттин тиешелүү токтомуна ылайык Атамбаевдин кол тийбестиги алынганын белгиледи:

«​Аны тергөө органдары чакыртып жаткан соң ал бардык жарандар сыяктуу эле суракка барып, көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Анын адвокаты Конституцияны өзү каалагандай түшүнүп, кабыл алып, шарт койгону туура эмес. Баш мыйзамда экс-президент тууралуу анын макамы мыйзам менен аныкталат деген жери бар. Анда экс-президенттин кол тийбестиги 2006-жылы алып салынган. Ал эми буга чейинки эски мыйзамда кала берген экен. Аны биз Баш мыйзамга шайкеш келтирдик. Демек, анын кол тийбестиги алынган соң бул тууралуу сөз да болбошу керек. Мында талаша турган эч нерсе жок. Ал кадимки жаран катары суракка барып, көрсөтмө бериши кажет. Анын логикасына таянсак, депутаттар мандатын тапшыргандан кийин суракка чакырса, барбай коё берсе боло береби? Соттор кызматтан кеткен соң, суракка чакырса, «кол тийбестигим бар» деп тергөөгө келбей койсо болбой калат го. Ошондуктан бул жерде мыйзамдын талабы кынтыксыз аткарылууга тийиш».

​Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова буга чейин Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, күбөлөрдөн сурак учурунда гана көрсөтмө алынарын айтып, жазуу түрүндө жооптор кабыл алынбасын белгилеген.

Карима Аманкулова кодекстин тиешелүү талаптарына шилтеме келтирди:

«​Жазык-процессуалдык кодексти ачсаңыз, анда «күбө көрсөтмө берүү үчүн суракка келүүгө милдеттүү» деп турат. Күбө соттун, тергөөчүнүн же прокурордун чакыруусу боюнча суракка келип, иш боюнча ага белгилүү жагдайлардын чындыгын айтууга жана берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү. Ошондой эле иш боюнча ага белгилүү жагдайларды уруксатсыз ачыкка чыгарууга жол берилбейт. Себепсиз суракка келбей койсо, анда ал күч менен алынып келиниши мүмкүн. Биз буга чейин тергөө кызматынын жетекчиси «эч кандай жазуу түрүндөгү билдирүүсүз эле өзү келип, көрсөтмө бериши керек» деп айтканын жарыялаган болчубуз.

Парламент 27-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып, Атамбаев 2013-жылы президент болуп турганда кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин жарыялаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG