Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

"Дыйкан" базарында тиреш күчөдү


"Дыйкан-Пишпек" базары
"Дыйкан-Пишпек" базары

Бишкектеги “Дыйкан-Пишпек” базарынын соодагерлери башка жерге көчүрүүгө каршы болуп, нааразычылык акцияларын улантууда.

Соодагерлер бүгүн базардын жанында мэрия баштаган оңдоо иштерин токтотуп, жол салуу үчүн казылган жерди көмүп чыгышты. Алар мэриянын бул аракетин базарга автоунааларды киргизбөө максаты деп баалашууда. Өз кезегинде мэрия “Дыйкан” базары баары бир жабыларын жана реконструкция башталган жол магистралдык трассага айланарын билдиришти.

“Дыйкан” базарынын соодагерлери менен мэриянын тиреши өткөн жылы күздө эле башталган. Экотехинспекция “Дыйкан” базары коопсуздук эрежелеринен тыш жайгашып, ал аз келгенсип базарга жанаша мунайбаза бар экенин жүйө келтирген. Ал эми шаардык мэрия “Дыйкандын” жетекчилиги 2008-жылдан бери тийиштүү салыкты шаар казынасына төлөбөй келгенин билдирген.

Бирок базар директору Анарбек Сейитказиев 2008-жылдан бери 38 миллион сом салык төлөнгөнүн, соодагерлерди башка базарга алып баруу аракети жасалып жатканын ырастайт.

Анарбек Сейитказиев
Анарбек Сейитказиев

- Бизге эрегишип таза асфальтты бузуп салды. Эми болсо жолдун экинчи тарабын бузабыз деп жатат, бул атайын "Дыйканга" кысымчылык көрсөтүп жатат. Биз буга түшүнгөн жокпуз жана рейдерчилик деп айтабыз. Бир жылдан бери мэрия менен аким бизге асылып келатат. Бул - өкмөттүн базары. Өкмөткө мен айына 1 миллион сом ижара акысын төлөп келем.

Кыргызстанда жок эстакада курулат

Бишкектин Ленин райондук акимчилиги “Дыйкан” базары баары бир жабылат деп так кесе айтууда. Аким Нурдин Тынаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, базарга барчу жол жакынкы убакта дагы узартылып, магистралдык трассага айланышы керек. "Акча бөлүнгөн, долбоор чийилген, акыркы пункт базарды көчүрүү гана калды", - дейт Тынаев.

Нурдин Тынаев
Нурдин Тынаев

- Быйыл Ленин районуна тиешелүү 32 жолду оңдойбуз. Алардын узундугу 50 чакырымдан ашат. Биз өз ишибизди, милдетибизди аткарабыз. Жагабы, жакпайбы баары бир жолду жасайбыз. Анткени бул жолду бүткүл шаардын тургундары колдонот. Андыктан 5-6 киши үчүн биз базардын жолун токтотпойбуз.

Район акиминин айтуусунда, “Дыйкан” базарындагы абалды жетекчилик өз кызыкчылыгына курчутуп жатат. Аким базар башка жакка көчүрүлсө, эстакадалык көпүрө курулат. Бирок бул долбоор үч жылда ишке ашат деп күтүлүүдө.

"Дыйкан" кайда көчүрүлөт?

Анткен менен “Дыйкан” базарынын соодагерлери башка жакка көчүүнү каалабай турушат.

"Сары-Өзөн" базары
"Сары-Өзөн" базары

“Дыйкан” базарынын соодагерлерин Бишкектеги “Дордой дыйкан” жана “Сары-Өзөн” базарына көчүрүү пландалууда. “Дордой дыйкан” ачылганына бир нече жыл болсо да азыркыга чейин соодагерлерге толбой келсе, “Сары-Өзөн” базары учурда бош турат.

Өз кезегинде жаңы эле курулуп бүткөн "Сары-Өзөн" базарынын жетекчилиги “Дыйкандын” соодагерлерине үмүт артып жатканын жашырбайт. Аталган базардын жетекчи орун басары Эркинбек Калыгулов жакында соода жайдын ачылышы ​болоорун айтты.

- "Дыйкан" базарынын азыркы жетекчилигинин айынан соодагерлер бул жакка келбей жатат. Ал жакта соодагерлерди бөлүп-жарып, "башка жакка кетип калсаң экинчи келбейсиң" деп жатышат. Чындыгында бизде бардык талаптар түзүлгөн, 500гө жакын адам орундарды алып, базардын ачылышын күтүп жатат. Биздин базар 1500 соода орун бере алат. Базар аэропорттун жолунда жайгашканы менен, кошумча үч жеринен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан жол тыгыны болбойт.

“Дыйкан-Пишпек” базарындагы коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталбаган жагдайдан улам Бишкек мэриясы өткөн жылдын октябрь айында базарды жабуу тууралуу эскертүү берген. Базар он күндөн кийин жабылат дегенге карабай, азыркыга чейин иштеп келатат. ​

"Дыйкан-Пишпек" базары
"Дыйкан-Пишпек" базары

Аталган базар 2008-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасы менен Бишкек мэриясынын келишиминин негизинде муниципалдык базар катары ачылган. Баштапкы макулдашууга ылайык, базардан түшкөн кирешенин 20 пайызы шаар бюджетине түшүшү керек болчу. Бирок мэрия "Дыйкан" базары 2013-жылы жеке менчик "Лагуна" ЖЧКсына өтүп кеткенин айтып, ал үчүн уруксат кагаздары болгон эместигин билдирүүдө.

Мындан тышкары мэрия базар ачылгандан бери шаар бюджетине эч кандай каражат түшпөгөнүн айтса, “Дыйкан” жетекчилиги эч кимге карызы жок экенин ырастап келүүдө.

Соодагерлердин митинги уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG