Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Сары кыштак, сары бала, сары кар


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнү. 68 жашты тосуп жаткан акын агабыздын балалыгы, кыштагы, энеси тууралуу ырын окурмандарга сунуштайбыз.

Асман-Жердин көрүнбөгөн аягы,

Ат-Башыга бара калып, баягы.

Кыроо баскан бубагынан зымдардын,

Кышты көрдүм, көрдүм сары баланы.

...Жепирейген жерге жакын там эле,

Жетим кемпир, жетим бала бар эле.

Кайыңдыда кайра-кайра кыш болуп,

Кайра-кайра жаай берчү кар эле.

Сайдын ичин тос каптаса буу кылып,

Сары бала карды каптап чуу кылып.

Энем болсо челек-челек кар ташып,

Эртели-кеч алчу эле суу кылып.

Эски тамга ойноп келип кулаймын,

Эшик таза, а мен күндө “ылаймын”.

“Кагылайын, бизге берген өзү албай,

Кардын суусу суусу болот Кудайдын!”-

Деп энекем күбүрөнүп тигинтип,

Таштектеги сууга салып киринтип.

Мешке кактап көйнөгүмдү, турсамды,

Мектебиме жөнөтчү эле кийинтип.

Айылдардан анда жалаң кут агып,

Араң тийген Күн уяттан жукарып.

Үшүгөндөн кире качып от үйгө,

Үшүгөндөн аяз турчу кызарып.

Кайран кез ай, бубак кез ай зымдагы,

Каңгып кетип кайткан кезде шымдары

Картон болуп катып калып, апалар,

Кактап мешке, кайра “киши” кылганы.

Колтугунан чыга калып муз-кардын,

Коюнуна кар салчу элек кыздардын.

Эмне кылар айла таппай ошондо,

Эриндери күйүп кетчү ызгаардын.

Морлорунан күн-түн түтүн бийлеген,

Момун элек мончосу жок кирдеген.

Кой сарайга кеткен жолдо дагы эле,

Кош из жатат түшүп калган чийнеден.

Куйрук, жалсыз кайда жүрдүм жалгыздап,

Курган өмүр акыр бир күн баргызмак.

Кучагыңа кулап турам мына эми,

Курман сарай, Жалгыз булак, Жалгыз бак,

Сабагы бар, сагындырган сайы бар,

Сары кыштак, сары бала, сары кар.

Көкүрөгүм толуп-ташып, өрөпкүп,

Көз алдымдан чубап турдуң баарыңар.

Ушунча жыл мени кимге кул кылды,

Улуулугуң бүгүн араң туйдумбу?

Тооңу тиктеп шамалыңа тууган жер,

Тосуп турдум топозго окшоп мурдумду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG