Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Болочок медик он бир жыл окугусу келбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтүнүн медициналык билим берүүнү 8 жылдан 11 жылга узартуу тууралуу токтому тармакта талаш-тартыш пайда кылды.

Өкмөт өкүлдөрү аймактарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги ушул жол аркылуу жоюлат деп ишендирүүгө аракет кылууда. Бирок тийиштүү шарт түзбөй, айлыкты көтөрбөй туруп мындай чечим чыгарууну чекилик деп эсептегендер бар.

Кыялдан үмүт үздүргөн токтом

Баткенде мектепти быйыл аяктаган Алимурат Бишкектеги Медициналык академияга кирип окууну ниет кылган. Бирок өкмөттүн токтому аны максатынан баш тартууга аргасыз кылууда:

- Өмүрүмдүн көп жылы окуу менен өтүп кетчүдөй экен. Ойлонуп, медик болбой эле коюуну чечтим. Мурдагыдай болсо окумакмын.

Кыргыз өкмөтү медициналык жогорку окуу жайларындагы жана медициналык факультеттердеги окуу мөөнөтүн сегиз жылдан 11 жылга узартуу тууралуу токтомду 2017-жылдын декабрында чыгарган.

Ага ылайык, студенттер тандаган адистигине жараша алты-жети жыл билим алгандан кийин ординатурада дарыгерликтин жалпы практикасында дагы бир жыл окууга милдеттендирилет.

Андан тышкары бир-эки жыл үй-бүлөлүк медицина багытында билим алууга, аймактарда тажрыйбасын арттырууга тийиш. Бул жол аркылуу өкмөт элеттеги бейтаптардын суроо-талаптарын канааттандырууну, үй-бүлөлүк дарыгерлердин тартыштыгын жоюуну көздөйт.

Өкмөттүн түшүндүрмөсү

2-июлда Бишкекте ушул маселе үчүн атайын тегерек үстөл уюштурулду. Өкмөттүн социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн саламаттыкты сактоо боюнча эксперти Анара Ешхожаева токтом эки жылдык талкуудан соң кабыл алынганын айтып, иштин чоо-жайын минтип түшүндүрдү:

Анара Ешхожоева.
Анара Ешхожоева.

- Учурда аймактарды дарыгерлерлер мени камсыз кылуу маселеси өтө оор абалда турат. Айрыкча үй-бүлөлүк дарыгерлерге муктаждык көп. Алыскы аймактарда иштеп жаткан үй-бүлөлүк дарыгерлердин сексен пайызы пенсия курагында. Медициналык окуу жайын бүтүп жаткан студенттер өздөрүнө ыңгайлуу бир тармакты - хирургияны же башка багытты гана тандап атышат. Үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштөөнү каалашпайт. Дээрлик бардык жаштар шаарда калып иштегиси келет. Райондорго баруудан баш тартышат. Ошондуктан ушундай кыйын жагдай жаралды. Андыктан мамлекет медицина кызматкерлеринин элге жеткиликтүү болушун камсыз кылып, ишинин сапатын жогорулатыш үчүн ушундай кадамды жасашы керек болчу...

Профессордук-окутуучулук чөйрөдө токтомду колдоо басымдуулук кылат. Маселен, Мамлекеттик медициналык академиянын үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов демилгени жактайт:

Нурлан Бримкулов.
Нурлан Бримкулов.

- Бул токтом өз убагында кабыл алынды, балким кечигип кабыл алынды десек да болот. Биздин өлкөдө азыр болгону 1500 үй-бүлөлүк дарыгер бар. Эл аралык талаптарга ылайык, Кыргызстандын эли үчүн 5000дей үй-бүлөлүк дарыгер керек.

Бримкулов окуу жылынын узартылышы аймактарда бейтаптардын санын азайтууга салым кошоруна ишенет. Ошол эле учурда жер-жерлерге жөнөтүлгөн студенттердин турак жай, эмгек акы маселеси чечилмейинче маселе жарала берерин белгиледи.

Укук жана шарт маселеси

Өкмөттүн чечими студенттерди тынчсыздандырууда. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультетинин студенти Александра Котеняткинанын пикирин угалы:

Александра Котеняткина.
Александра Котеняткина.

- Чынын айтсам, окуу жылынын узартылышы студенттерди кубандырган жок. Эмне үчүн нааразыбыз? Себеби, биз башында эле алты жылдык окуу жана эки жылдык ординатура болот деп ишенип, ошого жараша план түзгөнбүз. Күтүүсүздөн өкмөт токтом чыгарып, анын айынан биз депрессияга кабылдык. Азыр менин көпчүлүк досторум, анын ичинде Медициналык академиянын, Оштогу университеттин студенттери окууну таштап кетүүнү ойлоно баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова да өкмөттүн бул токтомун жарандардын конституциялык укуктарын одоно бузуу деп эсептейт:

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

- "Тандоо укугу" деген түшүнүк бар. Биз жогорку окуу жайларын бул токтом менен өтө шашылыш кабардар кылдык. Жогорку курста билим алып жаткандар окуу жылын аяктаарына аз калганда ушул токтом чыкты. Муну эмне деп түшүндүрөбүз? Эч кандай механизм жок. Бул сыяктуу шашылыш документтерди биз Жогорку Кеңеште бир канча жолу кабыл алганбыз. Нааразылыктарга карабай кабыл алганбыз. Анан кайра оңдоп-түзөтүлгөн учурлар болгон. Бул токтом деле жагдайды толук талдабай туруп кабыл алынгандай. Анын үстүнө биз эл аралык стандарттар менен окутабыз, чет элдерде колдонушат, бизден алган дипломдорду. Студенттерди зордоп эле аймактарга жөнөтүү туура эмес. Аларга база түзгүлө, шарт түзгүлө. Макул, бүтүрүүчү кыз районго же бир айылга барды дейли. Каякта жашайт? Күнүмдүк каражаттары эсепке алынган эмес. Ушул маселелердин баарын чечип, анан токтом кабыл алынса, албетте колдойт элек.

Депутат Исмаилова өкмөттүн токтому акыркы чечим эмес экенин, каалаган учурда аны артка кайтарса болорун кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда дарыгелерди даярдаган тогуз жогорку окуу жайы бар. Анын үчөө - мамлекеттик, алтоо жеке менчик. Мамлекеттик окуу жайларындагы бюджеттик орундун саны - 256. Ал эми келишимдик негизде ар бир окуу жайында жүздөгөн студенттер билим алат. Алардын катарында чет өлкөлүк студенттер да арбын. Окуунун жылдык акысы 40-50 миң сомдон жогору. Эгер токтом аткарылса, жакынкы жылдары медициналык адистикке окуган улан-кыздар азайып кетет деп болжолдогондор да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG