Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Бакытбек: Хирургия өзгөчө сапаттарды талап кылат


Бакытбек Кадыралиев операцияда.
Бакытбек Кадыралиев операцияда.

"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүнүн бул жолку коногу - Пермдеги Жүрөк институтунда кардиохирург болуп иштеген Бакытбек Кадыралиев.

33 жаштагы Бакытбек Орусияга он жыл мурда билим алууга келген. Москвадагы А.Н.Бакулев атындагы улуттук медициналык борбордо аспирантураны ийгиликтүү аяктап, учурда С.Г. Суханов атындагы ооруканада кардиохирург болуп иштейт.

"Хирургияны мектепте эле тандагам"

Бир кезде Теңир-Тоодон Орусияга билим издеп келген жигит медиктердин үй-бүлөсүндө туулган экен.

"Атам Кайыпбек Кадыралиев 45 жылдан бери Нарын облустук ооруканасында кардиология бөлүмүн жетектеп келатат. Апам жыйырма жылдан ашык медайым болуп иштеп, азыр эс алууда", - деди ал.

- Агаларымдын бири кардиолог-терапевт, экинчиси Кыргызстанда эпидемиолог. Бала кезде атамды ээрчип, жумушуна көп барчумун. Үйгө деле конокко дарыгерлер гана келет эле. Кичинемден ушул чөйрөдө чоңойдум.

Кийин Бишкектеги Медициналык академияны аяктагандан кийин 2008- жылы Москвадагы А.Н.Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамырлар боюнча улуттук медициналык борборго ординатурага тапшырып, аспирантураны ошол жерден бүтүрдүм. Башында Пермге кесиптештер тажрыйба алууга чакырган. Бул жерде күчтүү кардиохирургиялык мектеп бар. Анан бул жактагы базаны көрүп, беш жылдык келишим түзүп, калып калдым.

Кесиптештери менен.
Кесиптештери менен.

Советтик кардиохирургдардан сабак алдым

Орусиядагы белгилүү советтик кардиохирургдар Сергей Суханов менен Лев Бокерия - менин устаттарым. Эмгек жолумдун башталышында бул адамдарга жолугуп калганыма ыраазымын. Алар - менин кандидаттык диссертациямдын илимий жетекчилери, кардиохирургиядагы биринчи мугалимдерим.

Медицина өзү татаал илим. Психологиялык жактан күчтүү, дене-боюң жагынан чыдамкай болушуң керек. Кээ бир операциялар 12 сааттан узакка созулат.

Сергей Суханов менен кошо бир жарым миңден ашык операция жасадым. Бул адам мени кесипке даярдап, чеберчилик жактан таптаган. 2015-жылы жүрөккө биринчи жолу өз алдынча операция жасашыма да себепкер болгон.

Мен АКШда жана Европа өлкөлөрүнө барып, эл аралык конференцияларга катышып, кесиптештер менен тажрыйба алмашып турам.

Ал жакта дарыгерлер жүрөккө өз алдынча операцияны кырктан өткөндө жасай башташат. Мен өз алдынча операцияны 29 жашымда биринчи жолу жасадым. Буга мыкты даярдык керек. Ординатурадагы, аспирантурадагы билим менен тажрыйба аздык кылат. Тажрыйбалуу кардиохирургдун операцияларына 1-2 миң жолу катышып, чочконун же торпоктун жүрөгүнө эксперимент жасап машыгасың. Медицина өзү татаал илим. Психологиялык жактан күчтүү, дене-боюң жагынан чыдамкай болушуң керек. Кээ бир операциялар 12 сааттан узакка созулат.

Устаты Сергей Суханов менен.
Устаты Сергей Суханов менен.

"Адам өмүрү оңой эмес"

Жүрөккө беш жүздөн ашык операция жасадым. Операцияга киргенде адамдын өмүрү жөнүндө гана ойлоносуң. Устаттарым «өзүңөрдүн апаңарды же атаңарды элестеткиле, ошондо гана адамдын өмүрүнө кайдыгер болбойсуңар» деп үйрөтүшкөн.

Мындай нерсени эч качан өзүңө же башка бирөөнө каалбайсың, бирок жоопкерчиликти катуу сезесиң. Ошол эле учурда хирургдун колу канчалык жеңил болбосун, анын мыкты билимине жана тажрыйбасына карабай, ооруканадагы шарттар менен тийиштүү жабдуунун камсыздалышы абдан маанилүү. Албетте, хирургия - бул табияттан берилген кандайдыр бир шык, касиет. Бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Чечкиндүүлүк да керек. Адам өмүрү оюнчук эмес.

Операцияларда адамды жоготуп жатсаң, билим менен тажрыйбанын жетишсиздиги, керектүү жабдыктардын жоктугу же команданын начардыгы себеп болушу мүмкүн. Андай болбосо, анда бул сенин ишиң эмес. Муну да убагында кабыл алып, түшүнүү керек.

Медицинада артта калдык

Азыр медицина жыл сайын эмес, ай сайын өзгөрүп, өнүгүп жаткан убак. Мурун жүрөккө операция кылыш үчүн адамдын көкүрөгүн ачыш керек болсо, азыр заманбап технологиялар менен кичине тешик аркылуу толук операция жасаса болот.

Казакстанда жүрөктү трансплантациялоо боюнча 52 операция болду. Кыргызстанда, менин билишимче, мындай операция жасала элек.

Инвазивдүү хирургиялык техникалар менен жүрөктөгү клапандарды алмаштырып, тосмолорду коюу жайылган. Роботтор колдонулуп жатат. Мындай ыкмалар адамдын өмүрүн 10-15 жылга узартып, анын төрт-беш күндүн ичинде эле басып кетишине шарт түзөт.

Андан тышкары адамдын жүрөгүн алмаштырууда чоң жетишкендиктер болуп жатат. Казакстанда жүрөктү трансплантациялоо боюнча 52 операция болду. Кыргызстанда, менин билишимче, мындай операция жасала элек. Биз бир топ артта калып калдык.

Бизде Иса Ахунбаев негиздеген, күчтүү кардиохирургиялык мектеп бар. Бирок алты миллион калк жашаган өлкөдө жыл сайын жүрөккө 700-800 операция жасалат. Жүрөк-кан тамыр оорулары Кыргызстанда да биринчи орунда. Биздин көп мекендештер Орусия, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө барып дарыланууга мажбур болуп жатышат. Адамдарды кыйнабай, бул операцияларды Кыргызстанда эле кылса болот деп ойлойм. Биз медицинадагы жетишкендиктерден артта калбашыбыз керек.

Атасы менен жүрөк оорулары боюнча конференцияда.
Атасы менен жүрөк оорулары боюнча конференцияда.

"Акыры мекенге кайтам"

Эртеби-кечпи мекенге кайтып, өзүмдүн жеримде кызмат кылууну ойлоном. Азырынча тажрыйба топтошум керек, өсүшүм керек. Эми Орусияда докторлук диссертацияны жактоону максат кылып турам. Ошону менен катар эле Кыргызстанга барып, кесиптештер менен тажрыйбамды бөлүшүүгө даярмын. Чет жактан үйрөнгөн нерселерди Кыргызстанда колдонгубуз келет, бөлүшкүбүз келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG