Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Мамасалиева: Ошто өкмөткө ишеним төмөн


Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

Ош шаарындагы этнос аралык мамилелердин азыркы абалы тууралуу Оштогу “Интербилим” ресурстук борборунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева ой бөлүштү.

- Июнь окуясына эки жыл болуп калганына карабай эки улут ортосунда кодулоо, басмырлоо фактылары катталып жатканы айтылып жатат. Сиз эмнени байкай алдыңыз? Мындай айың кептер канчалык жүйөлүү?

- Ош шаарында этностор арасындагы мамилелер акырындык менен жакшырууда. Абалды 2010-2011-жылдар менен салыштырып болбойт. Бирок дагы эле коркунуч, кооптонуу бар. Мисалы, айылдан келген кыргыз балдар өзбектерге дагы эле орой мамиле жасап жатышса, ал эми кыргыз жарандар экстремисттик күчтөрдүн бар экенин көрүп кыжырланууда. Мисалы үчүн Кадыржан Батыровдун медиа мейкиндигинде байма-бай кайрылууларды жасашы жана Навои коомдук уюму эл аралык коомчулук арасында далилденбеген маалыматтар менен Кыргызстандын абийирин төгүп жатканы баарына эле маалым. Бул көрүнүштөр токтобосо тынчтыкты орнотуу кыйын болот деп эсептейм.

- Кодулоо, басмырлоо фактылары боюнча укук коргоо органдарына кайрылган учурлар барбы?

- Укук коргоо уюмдарына кайрылган учурлар бар. Бирок эми бул уюмдарынын кызматкерлери мындай арыздардын кээ бирлерин каттап калса, айрымдарын каттабайт. Деги эле укук коргоо уюмдарынын кызматкерлеринин саны аз да.

Мындайча айтканда, кыргыздар мэр Мелис Мырзакматовдун айланасында коргонууну издешсе, ал эми өзбек жарандар эл аралык уюмдарга ишенишет. Биздин жергиликтүү кызматкерлерге анча деле ишене беришпейт. Негизи андай болбошу керек.

Кыргызстандын жарандары өкмөт тараптан болгон коопсуздукка ишеними бийик болушу абзел. Өкмөт коопсуздукту бийик даражада камсыздоого тийиш. Июнь коогалаңында жабыркаган жарандардын өкмөткө болгон ишеними дале төмөн. Мисалы, биздин сурамжылоого ылайык, ишеним 30 пайызды гана түзөт.

Убагында ал милдет мамлекеттик дирекцияга жазылган болчу. Бирок дирекция өкмөткө болгон ишенимди жогорулата албады.

- Эки жылдан бери эки улутту жараштыруу үчүн түрдүү аракеттер жасалганы айтылып келет. Айтканыңызга караганда, дале болсо бул аракеттерден толук кандуу натыйжа чыкпай келет. Канткенде аракеттерден майнап чыгат?

- Бул суроолорду өкмөт эң биринчилерден болуп коюп, ага карата мамиле кылышы керек. Азыркы убакка чейин, эки жылдан бери этникалык мамилелерди өнүктүрүү концепциясы бекитиле элек. Биз алигиче июнь окуясынын кесепети менен гана күрөшүп келе жатабыз.

Өнүктүрүү, эки элди жараштыруу программалары жакшы иштебей эле. Үстүртөн эле болуп, түпкүрүнөн иштебей жатат. Эмнеге дегенде ошол концепция кабыл алына элек. Анан жергиликтүү программалар, анын ичинде шаардын реконструкциясы ошол концепцияга ылайык жүрүшү керек.

XS
SM
MD
LG