Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 22:15

«Евробиримдик Кыргызстандагы реформаларды колдойт»


Петер Буриан Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен жолугушууда. 26-апрель, 2019-жыл.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүшүнө кызыгат. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атайын өкүлү Петер Буриан «Азаттыктагы» маегинде билдирди.

«Азаттык»: - Кыргызстанда кийинки убакта бир топ саясий окуялар болуп жатканын көрүп жатасыз. Ошондой эле өзгөрүүлөр Евробиримдикте да болуп, шайлоонун жыйынтыгы менен жаңы жетекчилер келгени жатат. Акыркы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилени кандай баалайсыз?

Буриан: - Былтыр апрель айында сиздердин өлкөнүн президенти Брюсселге абдан маанилүү сапар менен келген эле. Анда кыргыз президенти өзүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берген. Тактап айтсак, юстиция тармагындагы, укук коргоо тармагындагы реформалар, аймактарды өнүктүрүү, анын ичинде калкты таза суу менен камсыз кылуу жана санариптештерүү аракеттерин улантуу боюнча өз планын айткан.

Бул кеңейтилген кызматташтык жөнүндө келишим абдан сапаттуу иштелип чыкты деп ойлойм.

Албетте, биз дал ушул багыттарды абдан кубаттаганбыз. Дал ушул сүйлөшүүлөрдү негиз кылып Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишимди иштеп чыктык жана бул документти даярдоо боюнча иштер жакынкы күндөрү гана аяктады. Бул кеңейтилген кызматташтык жөнүндө келишим абдан сапаттуу иштелип чыкты деп ойлойм.

Евробиримдик бул келишимдин негизинде Кыргызстандагы реформалык процесстерди жана соода-экономикалык алаканы колдоону уланткысы келет. Биз буга чейин Кыргызстанга өз өндүрүмүн кеңири ассортиментте Европанын базарына сатууга шарт түзгөн ВСП+ Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга укук бергенбиз.

Мен өткөн аптада Бишкекке барып келдим. Анда сиздердин тиешелүү министрлер менен чыгарылган өндүрүмгө жеңил жол менен сертификат берүүгө шарт түзүш үчүн лабораторияларды жабдуу боюнча сүйлөштүк.

Эгер Кыргызстандан чыккан өндүрүм биздин талапка жооп берсе, Евробиримдикте эле эмес, башка өлкөлөрдөгү рынокко да чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондуктан биз эки тараптуу мамиледеги көп багыттарды абдан оң баалайбыз.

Ошол эле кезде Евробиримдик Кыргызстан муктаж болуп турган айрым маселелер боюнча жооп кайтарууга даяр. Мисалы, уран калдыктарын сактоочу жайларды зыянсыздандыруу боюнча иштин маанисин түшүнүп жатабыз. Бул маселеге Кыргызстан өз дипломатиялык аракеттери аркылуу эл аралык коомчулуктун көңүл буруу жаатында лидер деп айтсак болот. Анын жыйынтыгында быйыл Евробиримдиктин көмөгү менен Миң-Куш жана Шекафтар аймагындагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча иштер башталат деп үмүттөнүп жатабыз. Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, жыйынтык көрсөтсө башка донорлор аркылуу да иштер улантылат. Евробиримдик бул долбоорду ишке ашырыш үчүн жалпысынан Борбор Азия чөлкөмүнө 34 миллион евро бөлүүнү чечкен.

«Азаттык»: - Сиз билгендей, Кыргызстанда жарандык коом жигердүү. Евробиримдик менен мамиледеги өзгөрүүлөрдү карап, баам салып турат. «Азыр жаңы келишим иштелип чыккан соң эми эмне өзгөрөт?» деген суроо болуп жатат. Чынында эле жаңы келишим кабыл алынышы Брюссел менен Бишкектин мамилесинде эмнени өзгөртөт?

Буриан: - Албетте, кандай гана эки тараптуу кызматташтык болбосун жарандык коомдун пикири эске алынат. Анткени жарандык коом - бул маанилүү күч жана туруктуулуктун элементи деп билебиз.

Сиздердин өлкөдөгү жарандык коом өкүлдөрү Евробиримдик менен кызматташтыкка жигердүү катышып, өз пикири менен бөлүшүп келет. Биз дал ушул жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам жана башка чечимдерди кабыл алууда консультативдик топ катары катышышын каалайбыз. Мындай иш буга чейин деле болуп келген, бирок биз анын мындан да күч алышын каалайбыз.

Бул жагынан Кыргызстан реформаларды алга жылдырууда жөнөкөй адамдардын түйшүгүн чагылдырган жарандык коом жапырт катышкан өлкөнүн мисалын көрсөтсө деген оюбуз бар.

«Азаттык»: - Европа Биримдиги - ириде Европадагы өлкөлөрдүн башын кошкон саясий уюм. Биримдик демократиялык баалуулуктарды коргой турганы айтылып жүрөт. Ал эми Кыргызстан - Борбор Азиядагы парламенттик демократия жолун тандаган жападан жалгыз өлкө. Кыргыз коомунда «чөлкөмдө демократиялык баалуулуктарды илгерилетүүгө аракет кылган өлкөгө Европа анча көп деле колун сунган жок» деген пикирлер айтыла калып жүрөт. Сиз бул суроого кандай жооп бересиз?

Буриан: - Европа Биримдиги ар кыл өлкөлөр менен алака түзүүдө, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмү менен кызматташууда ал өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурабыз. Албетте, биз кайсы бир өлкөгө өзгөчө өнүгүү моделин таңуулабайбыз. Бул ошол өлкөнүн жарандарынын колунда болушу керек. Бирок Кыргызстанга парламенттик системанын үлгүсүн көрсөтөт деп чоң ишеним менен көз салып турганыбызды жашырбайбыз. Бул өнүгүү жолун ар кыл долбоорлор жана инвестиция менен колдоп келе жатабыз. Менин оюмча, Евробиримдиктин аткарып жаткан иштери тууралуу жетиштүү кабар берилбей жатат.

Биз айрым каражаттарды түздөн-түз бюджетке которуп, сиздердин өлкөнүн жетекчилери аныктаган реформалык долбоорлорду колдоого жумшап жатабыз.

«Азаттык»: - Жакында Европарламент жаңыдан шайланды. Анын жыйынтыгы менен Евробиримдиктин институттарынын жетекчилери алмашканы турат. Дал ушундай учурда Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата саясаты уланабы? Буга чейин президент Жээнбековдун Брюсселдеги сапарынын жүрүшүндө Еврокомиссиянын учурдагы төрагасы Жан-Клод Юнкер мырза Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалап, Бишкекке сапар менен барарын айткан эле. Ал сапар ишке ашканы жатабы?

Буриан: - Мен Борбор Азия өлкөлөрү менен тереңдетилген жана кеңейтилген кызматташтык жаатында ырааттуу саясат уланат деп ырастагым келет. Жаңы комиссиянын алдында Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык стратегиясынын алкагында конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгып, аны ишке ашырууга каражат бөлүү милдети турат. Жаңы комиссия бюджетти кабыл алат. Азыртадан эле Еврокомиссия эл аралык кызматташтык долбоорлоруна мурдагыга караганда каражатты 30 пайызга көбөйтөрү белгилүү болду. Ал эми Юнкер мырза Бишкекке барууга даяр экенин билдирген. Учурда сапардын так мөөнөтүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Мен алдын-ала айтпай турайын. Бирок Юнкер мырза өзү жетектеген комиссиянын иши аягына чыкканга чейин Бишкекке келип кетет деп үмүттөнүп жатабыз. Бул сапар Европа Биримдигинин Кыргызстанга кызыгуусунун бир ишараты болот деп ойлойм.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG