Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:14

Салымбеков: Кыргыз футболу секирик жасады


Кыргызстан менен Макао курамаларынын беттеши. Бишкек, 17-март, 2013.
Кыргызстан менен Макао курамаларынын беттеши. Бишкек, 17-март, 2013.

Кыргызстандын футболчулары Азиянын чакырыгы кубогунун тандоо мелдешинде биринчи орунду жеңип алды. Эми алар финалдык беттешүүлөргө катышат. Футболдогу ийгиликтер жана көйгөйлөр туурасында Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти, “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбековду кепке тарттык.

“Азаттык”: Аскар мырза, мына кыргыз футболчулары жеңишке жетишип, күйөрмандарын кубантып турган кези. Негизи эле бул ийгиликти сиздер кандай баалап жатасыздар?

Аскар Салымбеков: Бул ийгилибиз абдан жакшы болду. Кечээ мына Нооруз майрамына биздин футболчулар аябай жакшы маанайды тартуулашты. Биздин президентибиз айткандай, күн менен түн тогошуп, эми Кыргызстанда жарык көп болсун дедик эле. Ушул биздин биринчи жакшылыгыбыз – биздин футболчуларыбыздын жеңиши болду. Көп жылдардан бери ушундай официалдуу оюн боло элек эле. Анан кийин ошол Тажикстан, Пакистан командаларын жеңгенибиз бул жанагы ФИФАнын рейтингинде дагы чоң секирик болот. Финалдык оюндарда дагы жакшы жыйынтыктарды көрсөтсөк, рейтингибиз дагы өсөт деген чоң ишенимдемин.

“Азаттык”: Финалдык оюндардын кайсы жерде жана качан болоору белгилүүбү?

Аскар Салымбеков: Мальдива аралдарында жыл аягында же эмки жылдын башында болот деп жатышат. Бирок азырынча так айтыла элек...

“Азаттык”: Акыркы үч оюнда кыргыз командасы дагы да болсо күчүнө жакшы толо электигин көрсөттү, алешемдиктер болду дегендей сөздөр айтылып жатат. Сиздин оюңузча кантип команданы күчтөндүрүү керек?

Аскар Салымбеков: Эми биздин өзүбүздүн мамлекетибизде болгон чемпионаттарды күчтөндүрүү керек. Бизде болгону “Дордой” жана “Абдыш-Ата” деген эки гана профессионалдык клуб болуп жатат. “Алай” менен “Алганы” Бишкек, Ош мэриясы колдоп берип жатат. Ошондо төрт гана профессионал клуб болуп жатат. Бул аябай аз. Атаандашуу аз болуп жатат. Ошондуктан биз жанагы болгон спонсорлорду, аткаминерлерди дүйнөдөгү номер биринчи спорт болгон футболго көңүл бурдурсак дейбиз. Футбол академияларын түзүп, ошолор аркылуу өнүктүрсөк. Башка өлкөлөрдө жүздөгөн, миңдеген атаандаш командалар бар.

“Азаттык”: Мисалы ошол кыргыз командасын күчтөндүрүү үчүн сиз сырттан Дэвид Тетте өндүү оюнчуларды алып келдиңиз. Дагы башка бир ушундай мүмкүнчүлүктөрдү карап жатасыздар да?

Аскар Салымбеков: Эми биз алып келип жатабыз. Бирок бизге атаандаштык чөйрө керек. Мына биз тогуз жылдын ичинде сегиз жолу чемпион болдук. Атаандаштык болбогондон биздин жакшы балдарыбыз кетип калып жатат. Мына Азамат Байматов деген балабыз Казакстанга кетти. Валерий Кичин мына жакшы оюн көрсөтүп, “Торпедада” ойноп, орустун Нижний Новгород шаарынын командасына кетти. Бизге болсо былтыр Бразилиядан үч бала келип, эки жыл ойношту. Азыр Камерун, Гана деген мамлекеттерден келип ойноп жүрүшөт. Мына беш жылдан бери кыргыз атуулдугун алышып, курама командага ойношуп, Теттенин үч голу үч оюнда чечүүчү болуп жеңишке жетишпедикпи.

“Азаттык”: Чет жактан келген футболчуларга тең келген кыргызстандык жигиттер да суурулуп чыктыбы?

Аскар Салымбеков: Тең эмес, андан өткөн балдар дагы чыкпадыбы. Байматов, команданын капитаны Руслан Сыдыков мына 37-38 жашына карабай оюнда өзүн жакшы көрсөтүп жатат, Талант Самсалиев, Адыл Бекболотов, Мирлан Мурзаев дегендер.

“Азаттык”: Тажиктер эл аралык футбол федерациясынын рейтинги боюнча 152- орунда экен. Ал эми Кыргызстан 201-орунда. Ушул жеңиштерден кийин рейтингди жогорулатууга болобу?

Аскар Салымбеков: Эми шарт түзүлдү, рейтинг эсептелет. Биздин оюбузча, бир жыйырма-отуз даража алдыга жылабыз го. Ушундай официалдуу оюндар болуп турушу керек да. Анткени жолдоштук беттешүүлөр рейтингге кирбейт. Мына акыркы үч жылда курама командабыз эч жакта ойнобой ушундай орунга түшүп калганбыз. Биздин деңгээлибиз жакшы эле, Казакстан, Өзбекстан менен деле жакшы ойной алабыз. Биз азыр Мальдивага барганда Индия, Шри-Ланка, Мьянма, Филиппин, индонезиялыктар менен беттешебиз. Эгер аларды жеңип алсак, буйурса, рейтингден дагы жылабыз.

“Азаттык”: Кечээки оюнда күйөрмандар көп болду. Мурда деле ушундай кызыгуу бар беле? Алар дагы дем берсе керек футболчуларга?

Аскар Салымбеков: Курама командалар келгенде эл ушундай эле көп чогулат. Мурда акысыз киришчү эле. Кечээ мына билет сатып алып, стадион толтура болду. Күйөрмандарды талаадагы 12-оюнчу деп коёт, 11 оюнчу бар да негизи. Укмуштай көтөрүлүп, элдин баары “Кыргызстан! Кыргызстан!” деп кыйкырып жатса, оюнчуларга аябай таасир берет экен. А оюнчулар ушул күйөрмандар үчүн ойнойт да.

Кыргызстан - Макао курамаларынын таймашынан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG