Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:26

Журналисттик иликтөө каршылыксыз жүрбөйт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүн маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Өлкөдөгү журналистиканын алдында кандай чакырыктар турат?

Элдияр Арыкбаев - Кыргызстандагы эркин маалымат каражаттарынын бири саналган «Клооп» порталынын башкы редактору. Аталган портал журналисттик иликтөөлөрдү жасап келет.

Ататүрк сейил багынын аймагынан таратылган жер тилкелер боюнча «Клооптун» журналисттери жакында эле даярдаган иликтөөсү талкуу жараткан. Элдияр Арыкбаевдин айтымында, Кыргызстандагы журналисттердин ишинин сапатын жакшыртуу жолунда бир топ сыноо турат:

- Эгер Кыргызстандагы журналистиканын сапаты жөнүндө кеп кылсак, ал дале болсо жогору эмес деп айтсак болот. Журналистика көп түрдүү боло албай жатат. Бизде көпчүлүк учурда маалыматтык жанрдагы материалдар жарыяланып, ушул багытка көңүл бурулат. Ал эми терең аналитикалык репортаждарды, иликтөөлөрдү жасоого анча батына албай турушат жана ушул багытты өнүктүрүшүбуз керек. Анткени мындай материалдар өлкөдөгү көйгөйлөрдүн масштабын терең түшүнүүгө жардам бермек.


«Клооптун» башкы редакторунун пикирин «Журналисттер» бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов да колдойт. Анын айтымында, учурда кыргызстандык журналисттердин алдында ачык булак, маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаңыча иштөө талабы турат:

- Бүгүнкү журналисттер тынбай изденип, көп нерсени үйрөнүшү керек. Бул багытта биздин бирикме кайда барбайлы журналисттерди "жаңы технологияга ачык болгула, бүгүн саат сайын өзгөрүп жаткан учурда мезгилге шайкеш келели" деп чакырып жатабыз.

Тулегенов сөз эркиндигин коргоо, коомго бейтарап маалымат жеткирүү милдети актуалдуу экенин кошумчалайт.

Адистердин баамында, журналисттик иликтөөлөр жүрүп, мамлекеттик органдардын, саясатчылардын жана бизнес өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иштерин ашкерелеген сайын каршылык күчөйт. Парламент депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, мындай маанай акыркы учурда ачык эле сезиле баштады. Ал эми «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов мындай кырдаалды журналисттер үчүн чакырык катары баалап, ага сапаттуу иликтөөлөр менен гана жооп берүү керектигин айтууда.

Бийлик ар дайым сөз эркиндигин коргоорун белгилеп, демократиялык баалуулуктарды коргоодо журналисттердин ишенимдүү өнөктөшү болгонун ырастап келет. Бул жылы да президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, сөз эркиндиги өлкөнүн негизги жетишкендиктеринин бири экенин белгиледи.

Олжобай Шакир
Олжобай Шакир

Журналист жана жазуучу Олжобай Шакир бийлик башчылары медианын күчүн сөз менен гана белгилебей, чыныгы иш менен далилдеш керек деген пикирде. Шакир буга чейин журналисттер бир нече тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылган иликтөөлөрдү жарыялаганы менен бийлик эч кандай чара көрбөгөнүн мисал келтирди.

- Президент же башка бийлик өкүлдөрү коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыяласа, мыйзамсыз иштерди ашкерелеген материалдарга колдоп-буттуп жардам бериши керек эле. Бул эркин маалымат каражаттары эле эмес, колунда рычагы бар мамлекеттик телеканалдарды кошо колдонуп, ачыкка чыккан фактылар боюнча чара көрүлүшү керек болчу.

Кыргызстанда акыркы мезгилде айрым саясатчылар жана саясий топтор журналисттердин үстүнөн сотко кайрылган учурлар көбөйдү. Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн «Медиа полиси» уюму маалымат каражаттарына карата соттук доолордун так саны жок экенин билдирет. Ар бир көз карандысыз медиа уюм ар башка санды айтып келет. Бирок адистер акыркы мезгилде журналисттерге карата доолорго көңүл бурулуп, коомдук кызыгуу пайда болгонун айтышат. Бул айрыкча 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «Заноза» сайты, «Азаттык» радиосу жана журналист Нарын Айыпка карата миллиондогон доо талап кылган учурда сезилген.


Соңку мезгилде азыркы бийлик тарабынан маалымат каражаттарына карата соттук доолор боло элек. Бирок айрым саясатчылар гезиттерге доо коюп, утуп алган учурлар болду. Маселен, жакында эле «Азия Ньюс» гезити ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 1 миллион сом, «Kyrgyz Today» порталы саясатчы Акматбек Келдибековго 30 миң сом төлөөгө милдеттендирилди. Муну менен катар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык делген «Апрель» каналынын имараты камакка алынып, интернеттен гана чыгууга мажбур болду.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен сөз эркиндиги боюнча абалы салыштырмалуу жакшы өлкө катары кабыл алынып келет. «Чек арасыз кабарчылар» уюму аныктаган сөз эркиндиги боюнча индекске ылайык, быйыл Кыргызстан 180 өлкө ичинен 83-тепкичте орун алды. Бул былтыркыга караганда 15 тепкичке жогорулаган.

Ал эми «Freedom House» уюмунун аныктоосуна ылайык, интернеттин эркиндиги боюнча өткөн жылдагыдан бир баскыч артка кетип, быйыл да «Интернет жарым-жартылай эркин» деген катарда кала берди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG