Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:36

Ажал чакырган дары


Иллюстрация

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти менен Улуттук фтизиатрия борборунун кызматкерлерине кылмыш иши ачылып, тергелүүдө. Буга кургак учук менен ооругандарды алдын-ала текшерүүдөн өтпөгөн дары менен дарылап, эки кишинин каза таап, бир нече адамдын абалы оорлогону себеп болду.

Казакстанда чыгарылган дарыны текшербей туруп колдонууга ким уруксат берди? Ал дарыны колдонууга кандай зарылдык болду? Деги Кыргызстанга дары-дармектер кандай жол менен келип, кандай текшерилип, колдонууга уруксат кандай берилет?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин дарыларды атайын экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жумакан Урманбетова, ушул департаменттин каттоо бөлүмүнүн башчысы Замирбек Акаев жана Улуттук фтизиатрия борборунун башкы врачы Бердибек Сейилканов катышты.

Дартты жеңбеген дары көп

Дартты жеңбеген дары көп

Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн тармактык маркетинг же пирамида системасы менен алып келген дарыларды айыкпаган дартка даба деп саткан компаниялардын саны арбып, өз катарына кардарларды көбүрөөк тартуусу күчөп баратат.

“Азаттык”: Бердибек мырза, Улуттук фтизиатрия борбору Казакстандагы “Жугуштуу дарттарга каршы дарылар илимий борбору” деген жеке менчик уюм чыгарган ФС-1 деген айрым маалыматтар боюнча, мурда эч жерде алдын ала текшерилбеген, Кыргызстанда катталып, расмий уруксат берилбеген дарыны эмне үчүн Бишкектеги ооруларга колдонду? Аны алып келүүгө кандай зарылдык болду? Же Кыргызстандагы оорулуулар чет өлкөлүктөр тажрыйба жүргүзүүчү лаборатория болуп калдыбы?

Бердибек Сейилканов: Бул дарынын үчүнчү фазадагы сыноосу биздин Улуттук фтизиатрия борборунда өткөрүлүп жаткан болчу. Ага чейин биринчи, экинчи фазасы ошол эле Казакстандын кургак учукту дарылоо ооруканаларында өткөн. Андан кийин үчүнчү фазадагы сыноо чет өлкөлөрдүн биринде өтүшү керек деген талап бар экен. Ошол себептен өткөргөнгө макулдук берилген документтердин негизинде биз ал дарыны оорулууларга бере баштаганбыз. Бардык документтер өз жайында экендигин көргөндөн кийин өткөрө баштаганбыз.

Ушундай эле сыноо Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы кургак учукка каршы ооруканасы менен да келишим түзүлгөн. Биз дагы оорулуулардан алдын ала макулдугун алып, келишим түзүп туруп анан өткөрө баштаганбыз.

“Азаттык”: Жумакан айым, Департамент текшерилбеген жана катталбаган дары колдонулуп жаткандыгын качан билди? Деги Кыргызстанда кандай дары-дармектер, кайдан келери, канча көлөмдө келери сиздерге күн мурунтан белгилүү болобу?

Жумакан Урманбетова: Адегенде мындай аракеттер мыйзам чегинде жүргүзүлүшү керек экендигин баса белгилей кетейин. Бул дарынын келгенин жана оорулууларга клиникалык сыноо жүргүзүлүп жаткандыгын май айында гана билдик. Билгенден кийин биз катталгандыгын жана уруксат берилгендигин иликтесек, эч кандай текшерүүдөн өтпөгөнү белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу да расмий түрдө уруксат берилген эмес экен.

Азыр тергөө жүрүп жатат, ал кайдан, эмне үчүн алынып келгени ошондо ачыкка чыгат го. Ал эми мыйзам боюнча ар бир дары алынып келердин астында мамлекеттик каттоодон өтүшү керек. Мамлекеттик каттоо деген бул фармакологиялык, фармацевтикалык экспертизадан жана лабораториялык иликтөөдөн өткөрүү дегенди билдирет. Ушулар жасалгандан кийин мамлекеттик реестрге киргизилет. Ошол реестрге киргенден кийин гана расмий лицензиясы барлар алып келүүгө укук алышат.

Дарыларды алып келгенден кийин бажылык текшерүүдөн жана каттоодон өткөрүлөт. Алып келгенге чейин эле канча көлөмдө, кандай дарылар келип жатканы бирдиктүү база аркылуу белгилүү болот, себеби күн мурунтан берилген уруксаттын негизинде жалпы базага киргизилет. Ошондон кийин гана сертификациялоодон өткөрүлүп, сертификат берилет.

“Азаттык”: Замир мырза, сиздер дарыны каттоо өтүнүчү менен кайрылган учурда гана каттай алат экенсиздер, бирок дары деген адам өмүрү менен байланыштуу болгондон кийин бажыкана аркылуу кандай дарылар өтүп жаткандыгын алдын ала билүү аракети көрүлбөйбү?

Замирбек Акаев: Чек арадан өтүп жатканда кандай дарылар, канча көлөмдө, кайдан алынып келе жатканы каттоодон өткөрүлөт. Бирок бизге алдын ала маалыматтар берилбейт. Эгер аткезчилик менен келген дарылар болсо, албетте алар катталбай калат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG