Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Үч айда бүткөн үйлөр


Кийинки жылдары Кыргызстанда турак жай курулушунда ар кандай ыкмалар колдонула баштады.

Шаар тургуну Манас былтыр Бишкекте конструкциясы оңой жана баасы арзан канадалык технология менен эки кабат үй салды. Ал бул ыкма менен там салгандарды Интернеттен эле көрүп жүрчү.

- Борбордо батирлер кымбат болгондуктан жер там издедик. Анан короосу чоң эски үй менен участок таап калдык. Жаңы үй салалы дедик. Бирок убакыт жок, бат бүтүш керек эле. Мен буга чейин атайын панель (түзүмдүк бөлүүчү панель) менен салынган үйлөрдү угуп жүргөм. "Бизде Кыргызстанда бар бекен?" деп издедик. Анан бар экенин билип, салынып жаткан үйлөрдү барып көрүп жаттык. Бир-эки ай ойлонуп жүрдүм. Курулуштагы тааныштарымдын баары каршы чыгышты. Мен салып көрөйүн дедим.

Ошентип, Манастын тобокелге салып курдурган 180 чарчы метр эки кабаттуу үйү 17 миң долларга бүткөн. Азыр бөлмөлөрдүн ичинде бир аз жумуштары калды. Кеч күздө көчүп кирген Манас жеңил конструкция менен салынган үйүнүн жылуулук, коопсуздук жактарын айтып берди:

- Эми меники толук бүтө элек. Бирок нымдуулук деле жок. Эртели-кеч желдетип ачып коебуз. Желдетүүчү системаны коюп койсо болот да. Кышында укмуш жылуу болот экен. Эки жылыткычты түнкүсүн эле иштетип жаттык. "Жайында салкын болот" дешти. Ал эми коопсуздук үчүн электр сайган жерлерге автомат коюп койдум. Коопсуздугун өзүң карап алсаң эле, калганы жакшы экен.

Конструкциясы оңой жана баасы арзан ушундай тамдарды салган компаниялар пайда болуп, Бишкекте эле эмес, алыскы Ат-Башыга барып да кызмат көрсөтүп жатышат. Алар курулушта канадалык технология менен, башкача айтканда өрткө, сууга, суукка, ысыкка чыдамдуу атайын панель (түзүмдүк бөлүүчү панель) материалдарын колдонушат. Кыргызстанда үч-төрт жылдан бери ушундай үйлөрдү курган ADECS курулуш компаниясынын жетекчиси Уларбек Бакырдинов буларды айтып берди:

Уларбек Бакырдинов.
Уларбек Бакырдинов.

- Биздин технологияда панелдер эң негизги материал катары колдонулат. Панелдер - узундугу эки жарым метр, туурасы бир метр жыйырма беш миллиметр болгон “сендвичтер”. Эки жагында ОЗВ жыгачтар, ортосунда 150 миллиметр көбүкполистирол болот. Анан алар тактайларга бекитилип, байланып, там куралып кете берет. Тамдык куруп баратып эле ашкана, даараткана салынып кетет. Материалдар бышык жана сапаттуу жасалат.

Бул компания бир жылдын ичинде ушундай жол менен кыркка жакын үй салууга жетишти. Үй куруу кардардын чөнтөгүнө жараша, курулуш материалдарынын сапатына карап бааланат. Орто эсеп менен 60-70 чарчы метр 3-4 бөлмөлүү там 19-20 миң долларга бир-эки айда курулуп бүтөт. Бакырдинов быйыл алыскы аймактарга чейин буюртма көп экенин айтууда.

- "Евро ремонт кылып, толугу менен үйдү бүтүрүп бергиле" дешсе, 1 чарчы метрине 15 миңден 17 миң сомго (200-250 доллар) чейин болот. Бирок курулуш материалынын сапатына жараша санайбыз. Кардар "мыкты сапаттан" деп буюртма берсе - кымбатын алып келебиз. Ошого жараша баасы да кымбатташы мүмкүн. Ал эми пайдубалын, дубалын, чатырын, анан терезе-эшиктерин гана бүтүрүп берсек - бир чарчы метрине 10 миң сомдон айланып калат.

Мындан тышкары соңку 4-5 жылдын ичинде өлкөдө жүк ташуучу контейнерден там салгандар да көбөйдү. Темирден үй салып берген компаниялар эле эмес, өз алдынча там куруп алгандар да бар. Маселен, Баткендин Кызыл-Кыясында контейнерден салынган үйдө жашап жаткан Ибрагим Балтабаев мындай тамдар жаратылыш кырсыктарына туруктуу болооруна ишенет.

- Контейнерден курганда биринчиден арзан жана тез бүтөт экен. Темирден болгондуктан жер титирөөгө туруктуу болот. Эгерде ушундай эле үйдү кирпичтен куйсаң 150 тоннадай болуп кетет. Меники 20 тонна болду. Менин үйүм эки кабат. Беш бөлмөлүү үйгө 2 млн. сом кетти. Аянты 160 чарчы метр.

Анткен менен курулуш тармагындагы айрым адистер конструкциясы оңой курулган тамдарда жашоону туура көрүшпөйт. Алардын жүйөсүнө караганда мындай үйлөр өрт коопсуздугунун талабына жана өлкөнүн климатына туура келбейт. Ошондой эле кирпичтен курулган тамдарга караганда тез жарактан чыгып, анын оңдоп-түзөөгө кошумча каражат керек болот. “Сапат Дом” курулуш компаниясынын өкүлү Рахатбек Байгелдиев мындай деди:

- Жаңы ыкмаларда кемчиликтер болуп жатат. Албетте, иштеп жаткан фирмалар аны айтышпайт. Көбүкбетон менен салган үйгө каалаган жылыткыч сая албайсың. Мындай ыкма менен салгандар жылуулукту жакшы кармаганы менен аба кирбей, нымдуулукта ар кандай микроорганизмдер пайда болот. Санай келсек бир топ кемчиликтери бар.

Азырынча Мамлекеттик экотехинспекция атайын панель менен курулган үйлөр үчүн эреже койгон эмес. Курулуш тармагындагы адис Ишенбай Кадырбеков өкмөт нормаларды бекитилип, мындай тамдарды курууну мамлекет да колго алышы керек деп эсептейт:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Бул элүү жыл мурун Канадада башталган, андан бери Америкада курулуп келатат. Бул тоолуу шартта жакшы. Мисалы, бизде жер титирөө же көчкү чоң маселе болуп атат. Мамлекет башка жерден бөлүп берип "көчкүлө" дейт. Бирок, эл там сала албайт. Мамлекет да там салууга чамасы жок. Ушундай учурда мындай оңой курулган ыкма менен чакан эки бөлмөлүү үйлөрдү салса болот. Азырынча мамлекет ошондой тамдарга көчүрө турса, эл өзү кийин чоңойтуп алмак. Бирок бизде "нормасы жок" деп уруксат бериле элек. Азыр Көлдө сыноо иретинде коттеждер салынып жатат. Ал эми Орусияда Канаданын нормасын алып туруп эле уруксат берип койгон экен.

Акыркы жылдары турак жай үчүн курулган батирлер, жер тамдар көп курулуп жатканы менен баасы түшпөй келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG