Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Тунгышбаевдин туюкка такалган иши


Муратбек Тунгышбаев
Муратбек Тунгышбаев

Муратбек Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүү тууралуу Астана Бишкекке өтүнүч жибергени тууралуу маалымат ырастала элек.

Казакстандын Башкы прокуратурасы камактагы жарандык активист Муратбек Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүү боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өтүнүч жибергени кабарланды. Буга укук коргоочулар тынчсызданып, "Бишкек аны аткарбашы керек" деп коңгуроо кагышууда.

Эгер чын эле ошондой сураныч жиберилип, ал аткарылса Тунгышбаев он жылдан ашуун убакытка эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тастыктала элек маалымат

Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүү тууралуу казак тараптын аракети жөнүндө анын жубайы "Фейсбукка" жарыялаганы 15-августта маалым болду.

Тунгышбаевге буга чейин Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 405-беренеси ("Экстремисттик уюмдун ишине катышуу") боюнча айып тагылган. Анын Бишкектеги адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы учурда аны 256-беренеге ("Терроризмге үгүттөө же терроризмге ачык чакырык таштоо") өзгөртүүнү суранууда.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Биринчи берене боюнча айыпталуучуну үч жылга чейин соттоо каралса, экинчи берене менен 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Кыргызстандын прокуратурасы казак тараптын суранычын аткаруудан баш тартышы керек. Азырынча Казакстандын Бишкекке жөнөткөн өтүнүчү тууралуу расмий маалымат ала элекмин.

Казак тараптан муну тактоого мүмкүн болбоду. Коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын сайтынан да маалымат таппадык. Кыргызстандын Башкы прокуратурасына Тунгышбаев боюнча Астанадан расмий өтүнүч келбегенин мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди.

Сын коштогон экстрадиция

Тунгышбаев блогер катары сайт ачып, бийликти сындаган баяндарын жарыялап жүргөн. "Куугунтук болуп жатат" деп, коопсуздугун сактоо максатында быйыл Кыргызстанга качып келген.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 10-майда Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен аны кармаган. 25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо тууралуу чечим чыгарган.

Ал коңшу өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыпталган. Бозгунда жүргөн казак олигархы Мухтар Аблязов түзгөн кыймылды казак бийлиги 18-мартта “экстремисттик уюм” деп тааныган.

Астана Тунгышбаевди кармоо боюнча Бишкекке жөнөткөн өтүнүчүндө аны "Экстремисттик уюмдун ишине катышуу" боюнча айыптаган. Кыргыз тарап аны ошол айыптын негизинде кармаган.

Казакстанга жеткирилген Муратбек Тунгышбаев тергөө аяктаганга чейин эки айга камалган. Бүгүнкү күндө ал Алматынын тергөө абагында отурат. Адвокаттар ага жазаны күчөтүш үчүн коюлган айып өзгөртүлүшү керек экенин, мында Бишкектин жардамы зарыл болоорун белгилешүүдө.

Муратбек Тунгышбаевдин апасы. Бишкек. 20-июнь, 2018-жыл.
Муратбек Тунгышбаевдин апасы. Бишкек. 20-июнь, 2018-жыл.

​Кыргыз бийлигинин блогерди Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу чечимин жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар кескин сындап чыгышкан.

Казакстандын “Тең укуктуу журналисттер” федерациясынын президенти Розлана Таукина “Азаттыкка” блогерге негизсиз жалаа жабылганын айткан:

- Бийликке ыңгайсыз болуп калган соң бүгүн Муратбекке “ал “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген кыймылдын жактоочусу” деген жалаа жабышууда, - деген укук коргоочу Астананын бул жүйөсү аны өткөрүп алыш үчүн гана “негиз болуп жатканын” белгилеген. Аны менен катар блогердин экстрадиция болушу “эл аралык мыйзамдарга каршы келерине” кошумчалаган.

"Бийлик мыйзам менен иштеши керек"

Кыргыз парламентинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдувахаб Нурбаев мындай маселе эл аралык жана ички мыйзамдардын шартында гана чечилиши керек экенин айтты:

- Эки мамлекеттин ортосунда келишим болууга тийиш. Бир беренеден экинчи беренеге өткөрүүгө негиз барбы же жокпу, караш керек. Мыйзамга туура келеби же жокпу? Туура келбесе, "болбойт" деп ачык айта алабыз.

Казакстандык укук коргоочулар Тунгышбаевдин Жаңы-Өзөн окуясындагы ролу өзгөчө экенин белгилешет. Ал 2011-жылкы кандуу кагылышты биринчилерден болуп чагылдырып, окуянын күбөлөрүнүн айткандарын тасмага түшүргөн.

Каршылык акциясынын катышуучуларын полиция кубалап, жыгылып калгандарын атканы тартылган таанымал тасманы жергиликтүү тургундардан Тунгышбаев алып келген.

Тунгышбаев өзүнө коюлган айыптар ойдон чыгарылганын билдирип, сөз эркиндиги, адам укугу үчүн гана күрөшүп келгенин, ушундан улам бийлик аны куугунтукка алып жатканын айткан.

Муратбек Тунгышбаевдин соту

Блогердин кармалышына байланыштуу 26-июнда Бишкекте “Тунгышбаевдин иши – кыргыз демократиясынын сынагы” деген тегерек үстөл өткөн.

Анда саясий ишмер Равшан Жээнбеков казак активисттин сот ишинде коңшу өлкөнүн бийлигинин кысымы байкалганын айтып, “эгер Кыргызстан демократиялык мамлекет болсо, Тунгышбаевге окшогон, кылмыш кылбаган, башка саясий көз караштагы адамдарды бербеши керек. Бул Кыргызстандын эл аралык аброюна аябагандай доо кетирет”, – деген.

Жыйындын катышуучулары соттор мурдагыдай эле “саясий буйрукту аткарып жатканын”, сот менен укук коргоо органдарын реформалоо маселеси актуалдуу бойдон турганын бир ооздон белгилешкен.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун акциясы. 26-июнь, 2018-жыл.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун акциясы. 26-июнь, 2018-жыл.

Бишкектеги талкууга катышкан жарандык коом өкүлдөрү “мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестри” түзүлөрүн жарыялашкан.

“Коомдук анализ институтунун” директору Рита Карасартова “Биз мыйзам бузган судьялардын “кара тизмесин” түзөбүз. Аларды мыйзам чегинде жазага тартуу боюнча бардык аракеттерди көрөбүз”, – деген талкуу маалында. “Атамбаевдин учурунда болгон башаламандык Жээнбеков келгенде токтойт, башка адам келди, эми эл аралык аренада бизди уят кылбайт” деп кол чапкан элек. Бирок биздин өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок”, - деп укук коргоочу бийликти кескин сынга алган.

Тунгышбаевди Кыргызстандын УКМКсы 10-майда Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кармаган.

Казакстандын мыйзамына ылайык, блогердин күнөөсү аныкталса, алты жылдан он беш жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алып, бирок Тунгышбаевдин жактоочулары ал токтомду жокко чыгарууну талап кылып, Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылган. 25-июнда судья Чыңгыз Адамкулов адвокаттын арызын четке кагып, башкы көзөмөл органынын токтомун күчүндө калтырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG