Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

Бишкек Индиядан инвестиция күтөт

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди. 14-июнь, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди. 14-июнь, 2019-жыл.

2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 37 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда айтты.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин жыйынында кыргыз бийлиги Индия менен соода-сатыкты жакшыртуу ниетин билдирип, инвесторлорду Кыргызстанга чакырды. Ал эми Индия Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген насыя бермей болду.

14-июнда Бишкекте өткөн бизнес-форум Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында болду.

Моди кыргыз-индия ишкерлеринин жыйынына Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинен кийин катышты.

Бизнес-форумга Индиядан отуздай, Кыргызстандан 150гө жакын бизнесмен келди. Анда сөз сүйлөгөн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүргүртүү өтө эле аз экенине токтолду.

"Азаттыктын" архиви: Индия товарлары Бишкекте

Индия маданияты Бишкекте

Көргөзмөгө катышуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген хинди кызы Качур Сахота.
1/18 Көргөзмөгө катышуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген хинди кызы Качур Сахота.
Хинди кыздары күйөөгө чыгарда колдоруна ушундай кооз сүрөттөр түшүрүлөт. Ал "михенди" деп аталат. 
2/18 Хинди кыздары күйөөгө чыгарда колдоруна ушундай кооз сүрөттөр түшүрүлөт. Ал "михенди" деп аталат. 
Lark lnternational Group компаниясынын туризм менеджери Асел Исмаилова колуна михенди түшүрүп көрсөттү.
3/18 Lark lnternational Group компаниясынын туризм менеджери Асел Исмаилова колуна михенди түшүрүп көрсөттү.
Мында келгендер Индиядан келген кийим, сувенир, индия ашканасынын сырлары менен  таанышып, косметика, дары-дармек, ашканага  керектүү кездемелерди, зер  буюмдарды  сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат экен. 
4/18 Мында келгендер Индиядан келген кийим, сувенир, индия ашканасынын сырлары менен  таанышып, косметика, дары-дармек, ашканага  керектүү кездемелерди, зер  буюмдарды  сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат экен. 
Сатуучулардын айтымында, айымдар үчүн арналган бул жасалгалар алтын эмес. Салмагына, кооздугуна карай баасы миң сомдон беш миң сомго чейин.    
5/18 Сатуучулардын айтымында, айымдар үчүн арналган бул жасалгалар алтын эмес. Салмагына, кооздугуна карай баасы миң сомдон беш миң сомго чейин.    
Зергерлердин колунан чыккан билериктер. 
7/18 Зергерлердин колунан чыккан билериктер. 
Кардарлар Индия күмүшү сапаттуу болорун айтышат. 
8/18 Кардарлар Индия күмүшү сапаттуу болорун айтышат. 
Индия сатуучулары менен соодалашсаңыз болот. Каалаган буюмуңузду соодагер айткан баадан эки эсе арзан алышыңыз да мүмкүн. 
9/18 Индия сатуучулары менен соодалашсаңыз болот. Каалаган буюмуңузду соодагер айткан баадан эки эсе арзан алышыңыз да мүмкүн. 
Кыздын көзү кызылда. 
12/18 Кыздын көзү кызылда. 
Сөөктөн жана таштан жасалган мончоктор. 
13/18 Сөөктөн жана таштан жасалган мончоктор. 
Айымдар Индиянын көйнөктөрүн баалашат экен. 
14/18 Айымдар Индиянын көйнөктөрүн баалашат экен. 
Уздар тиккен капчыктар. 
16/18 Уздар тиккен капчыктар. 
Жармаңкеге кыл калем чеберлеринин жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери да коюлган. 
17/18 Жармаңкеге кыл калем чеберлеринин жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери да коюлган. 
Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчисинин жубайы Прмя Жаянттын айтымында, жармаңкеден түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.  
18/18 Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчисинин жубайы Прмя Жаянттын айтымында, жармаңкеден түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.  
Артка
Алдыга

«2018-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү - болгону 37 миллион долларды түздү. Соода жаатындагы кызматташтыктын дарамети толук кандуу колдонулбай жатат деп эсептейм. Азыркы кыргыз-индия соода-сатык мамилесин бир кыйла жакшыртууга потенциалдык мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр экенин белгилейм».

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Индиядан инвесторлорду чакырып, өлкөдө бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, инвестордун активдери менен жеке менчиктери коргоого алынганын билдирди.

Ал буга жаңы түзүлгөн ишканаларды текшерүүгө үч жылга тыюу салынганын, Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен соода-логистика борборлору пайда салыгынан толук бошотулганын жана электр энергиясынын тарифи өлкөдө төмөн экенин мисал кылды.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да эки өлкөнүн соода-алакасы солгун экенин айтып, Индия Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген насыя бере турганын билдирди жана экономикалык мамилени жакшыртуу боюнча оюн мындайча ортого салды.

«Биздин экономикалык мамилебизде бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулбай жатат. Ошондуктан бүгүнкү бизнес-форум өтө зарыл учурда өтүүдө. Менин пикиримде, инвестицияны жогорулатууда негизги үч нерсе бар. Алар: инвесторлорго жакшы шарт түзүү, тыгыз байланышта болуу жана ишкерлердин тез-тез жолугуп турушу».

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы жылдык соода жүгүртүү 40 миллион доллардын тегерегинде. Анын ичинен Кыргызстан Индияга 5 миллион долларлык товарды экспорттойт. Ал эми Индиядан келген импорттун көлөмү 30 миллион доллардан ашат.

Кыргызстан Индияга айыл чарба продукцияларын, анын ичинен сүт азыктарын, кургатылган мөмө-жемиштерди жана бал сатат. Индиядан Кыргызстанга көбүнчө дары-дармек келет.

Индиянын өндүрүш өнөр жай палатасынын жетекчиси Сандип Сомани эки мамлекеттин ортосундагы соода алмашуунун көлөмү тууралуу буларга токтолду.

Сандип Сомани.
Сандип Сомани.

«Ооба, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өтө эле аз. Бирок муну беш эсе көтөрсө болот. Индиянын премьер-министринин бул жолку сапарында эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча реалдуу иштер жасалат деп ишенем».

Бизнес-форумда «1 миллиарддан ашык калкы бар мамлекет менен болгон соода алмашуунун көлөмү эмнеге аз?» деген маселе көтөрүлдү. Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков мунун себептерин төмөнкүдөй чечмеледи.

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

«Биринчиден, Индия Кыргызстандан алыс жайгашкан. Экинчиден, биз көбүнчө Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттер менен соода-сатык кылабыз. Андан тышкары Кытай биздин кошунабыз болгондуктан ал өлкө менен да соода жүгүртүүбүз жогору. Бирок Индия менен фармацевтика, туризм, энергетика жаатындагы долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат».

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга болгон расмий сапарында Кыргызстан-Индия өкмөттөрүнүн ортосундагы инвестициялык келишим, маалыматтык-байланыш технологиялар жаатында кызматташуу, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча жол картасы сындуу 11 документке кол коюлду.

Кыргызстан менен Индиянын соодасы солгун
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Төрөгелди

    Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG