Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Прокуратура Исаков опузага кабылганына ишенбейт


Сапар Исаков УКМКга сурак берип чыккандан кийин. 26-апрель, 2018-жыл.
Сапар Исаков УКМКга сурак берип чыккандан кийин. 26-апрель, 2018-жыл.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата тергөө абагындагы басым тууралуу анын арызынын негизинде иш козгоодон Башкы прокуратура баш тартты.

Абактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өзүн опузалаган тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранган арызы боюнча кылмыш иши козголбогонун анын адвокаты Нурбек Токтакунов айтып чыкты.

Адвокаттын сөзүнө караганда, тергөөчүлөрдүн кадамында мыйзам бузулган учурлар аныкталса да, Башкы прокуратура иш козгоодон баш тартты:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Исаковду камерадан чыгарып, тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө киргизишкени жана ал ыкчам кызматкер менен сүйлөшкөнү такталды. Бирок алар “башка маселелер боюнча сүйлөшкөнбүз” деп жатышат. Башка маселе менен сүйлөшкөн учурда да адвокаттын катышуусу менен өтүшү керек эле. Мында мыйзам бузуу болгону такталып жатат. Буга карабай Башкы прокуратура бул мыйзам бузуу боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

Сапар Исаковдун арызынын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганын "Азаттыкка" Башкы прокуратура да ырастады.

Аталган органдын расмий өкүлү Наргиз Куватованын айтымында, Аскер прокуратурасы арызды иликтеген:

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- Кылмыш ишин козгош үчүн кылмыштын курамы аныкталышы керек. Текшерүүнүн жыйынтыгында ишти козгоого негиз жок болгон жана тиешелүү токтом чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрү опузалап, адвокат Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартууга чакырып жатканын Сапар Исаков август айында айтып чыккан.

Анда Исаков тергөөчүлөр Токтакунов менен кызматташууну токтотпосо, жаңы кылмыш иши козголорун эскертишкенин билдирген. Буга байланыштуу ал башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранган.

Адвокат Нурбек Токтакунов атайын кызматка анын тергөө тууралуу коомчулукка ачык маалыматты бөлүшкөнү жакпай жатканын билдирген.

Адвокат эми “кылмыш иши козголбой, мыйзамсыз иштерге көңүл бурулбай, мурдагы премьерге карата басым уланууда” деп жатат. Ал эми УКМК болсо Исаков жана адвокаты айткан маалыматты куру доомат катары баалап, четке кагууда. Анткен менен укук коргоочулар кылмышка шектүүлөрдөн кайсы бир адвокаттан баш тарттыруу же маалыматты жашырып-жабуу аракеттери кеңири колдонулуп келгенин айтышат.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулованын айтымында, Исаковдун ишинде адвокат Токтакунов тергөөнүн шартына макул болбой койгону ар кыл опузаларга негиз болушу мүмкүн:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- УКМК - өтө жабык орган. Анын ишин териштирүүгө аракет кылып кат жазсаң УКМК жөн жооп бербейт. Болду, эч нерсе кыла албайсың. Бул тууралуу "Кылым шамы" уюму буга чейин канча жолу айтып келген. Мисалы, Максат Кунакунов жана аны менен бирге камалган сегиз адамдын иши. Алардан кармалган күндөн тартып эле "биз кылмыш ишиндеги маалыматтарды эч жакка чыгарбайбыз" деп тилкат алынган. Андан соң алардын адвокаттарынан да тергөөчүлөр дал ушундай эле тилкат алып коюшкан. Ал эми эмне себептен “Токтакуновдон баш тарт” деп жатышат? Себеби, Токтакунов өз укугун жакшы билген адвокат катары тергөөчүлөргө тилкат жазып бербей коюп, коомчулукка маалымат берип жатат. Ошондуктан Исаковду бул адвокаттын кызматынан баш тарттырыш керек болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда Сапар Исаковдун акыркы билдирүүсүнөн күмөн санагандар да бар. Жарандык активист Адил Турдукулов Исаков бийликте турган кезде дал ушул сыяктуу иштер болуп келгенин белгиледи:

Аддил Турдукулов.
Аддил Турдукулов.

- Албетте, Сапар Исаков мамлекеттик ишмер болуп калган соң ага карата тергөө жана башка жараяндар ачык болушу керек. Ал эми Исаковдун тарапташтары айтып жаткан сөздөр буга чейин деле болуп келген. Ага убагында көңүл бурулбай калган. Жалпысынан алганда ал кырдаал үчүн Исаковдун саясий жоопкерчилиги бар. Бирок ал мыйзамга ылайык, укук коргоо органдарын тейлеп, күч түзүмдөрүнө буйрук бербегени үчүн укуктук жоопкерчилиги жөнүндө айтуу кыйын.

41 жаштагы Сапар Исаков - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири. Ал мурдагы бийлик учурунда бир катар жогорку кызматтарды ээлеп, акыркы жолу өкмөт башчы болуп иштеген. Быйыл жазында Исаковдун өкмөтүн парламент ишеним көрсөтпөө аркылуу кызматтан кетирген.

Ошондон көп өтпөй Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 5-июнда камакка алынган эле. Ал саясий негизде камакка алынганын айтып жатат.

Акыркы жолу 1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, аны камакта кармоо мөөнөтүн 5-декабрга чейин узартты. Камактагы мурдагы премьердин адвокаттары тергөө өтө жай жүрүп жатканын айтышса, УКМК бардык жараяндар мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG