Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Италияда «Мекен» ассоциациясы түзүлдү

Жаңы түптөлгөн ассоциациянын активисттери Италия менен Кыргызстандын ортосунда маданий, социалдык алакаларды кеңейтүү максаты турганын «Азаттыкка» айтышты.

Расмий маалыматтар боюнча Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Эмгек мигранттары бул өлкөдө негизинен тейлөө кызматтарына тартылган. Кыргызстандыктар алыста өз киндигин өзү кесип, өздөрү түптөгөн уюм-диаспоралар аркылуу бири-бирине моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп келишет. Жаңы гана түзүлгөн “Мекен” ассоциациясынын максаттары тууралуу Италияда 10 жылга чукул жашаган мекендешибиз Гүлнара Арыкбаевадан билдик.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:29 0:00
Түз линк

Италияда Кыргызстандын расмий өкүлчүлүгү жок, Швейцариядагы кыргыз элчилиги Италия менен дагы алакаларды жүргүзөт. 17-апрелде Рим шаарында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Гүлнара Искакова Италиянын президенти Жоржо Наполитаного ишеним грамотасын тапшырды. Бул жакшы кабарды уккан Италиядагы мекендештерибиз 10 жылдап топтолгон маселелерди чечүүгө иш жүзүндө аракеттер башталат деп үмүттөнүп турушканын "Азаттыкка" билдиришти.

Женевадагы элчинин кеңешчиси Улан Данияров Неапол шаарында жүргөндө телефон аркылуу байланышып, чакан маек курууга үлгүрдүк:

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00
Түз линк

Кыргызстандын ТИМи миңдеген кыргызстандык жарандар жашаган Италияда консулдук ачууга аракеттенип жатканын министр Руслан Казакбаев "Азаттыктын" “Интернет эрөөлүнө” келгенде билдирген эле. Тилекке каршы каражаттын тартыштыгынан өз алдынча элчилик ачууга мүмкүнчүлүк жоктугун дагы министр түшүндүргөн.

“Мекен” ассоциациясы Кыргызстандын тышкы иштер мекемесине кайрылып, Кыргызстандын Италиядагы ардактуу консулдугун түзүүгө расмий уруксат берүүнү суранышат. Түптүү элдин өкүлү болгон ардактуу консул кыргыз мигранттарынын укуктук маселелерин чечүүгө, италян бийликтери менен алака-катнаш түзүүгө жардам берет экен.

Италиядагы кыргыздар

Италияны мекендеген кыргызстандык бөбөктөр
1/9 Италияны мекендеген кыргызстандык бөбөктөр
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
"Мекен" ассоциациясынын күйөрмандары футболдук беттешүүгө келишти
2/9 "Мекен" ассоциациясынын күйөрмандары футболдук беттешүүгө келишти
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Италиядагы Нооруз майрамы, 2009-жыл
3/9 Италиядагы Нооруз майрамы, 2009-жыл
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясынын лидерлеринин бири Гүлнара Арыкбаева жердештердин курултайында, 2010-жылдын 7-апрели
4/9 Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясынын лидерлеринин бири Гүлнара Арыкбаева жердештердин курултайында, 2010-жылдын 7-апрели
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Апрель ыңкылабында курман болгондорду эскерүү иш чарасы, 2011-жылдын 7-апрели
5/9 Апрель ыңкылабында курман болгондорду эскерүү иш чарасы, 2011-жылдын 7-апрели
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Бактылуу жубайлар Дамир Осмонов менен Асел Абдыкайыпова 2008-жылы Италия жергесинде табышкан.
6/9 Бактылуу жубайлар Дамир Осмонов менен Асел Абдыкайыпова 2008-жылы Италия жергесинде табышкан.
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Элчи Гүлнара Искакова, "Мекен" ассоциациясынын президенти Болот Абдыкадыров кыргызстандыктар менен жолугушууда, 2012-жыл
7/9 Элчи Гүлнара Искакова, "Мекен" ассоциациясынын президенти Болот Абдыкадыров кыргызстандыктар менен жолугушууда, 2012-жыл
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Женевадагы элчинин кеңешчиси Улан Данияров кыргызстандыктар менен жолугушууда
8/9 Женевадагы элчинин кеңешчиси Улан Данияров кыргызстандыктар менен жолугушууда
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Кыргызстандын жана Италиянын расмий өкүлдөрү катышкан конференция. Неапол, 14-апрель, 2012-жыл
9/9 Кыргызстандын жана Италиянын расмий өкүлдөрү катышкан конференция. Неапол, 14-апрель, 2012-жыл
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Артка
Алдыга

60 миллиондон ашуун калкы, ага кошумча 5 миллиондой чет элдик мигранттар мекендеген Италиянын азыркы экономикалык абалы көңүл толоорлук эмес. Каржы кризисинин айынан жумушчу орундары кыскарып, өлкө тыкыр үнөмдөө саясатына өткөн. Кыргызстандан алгачкы эмгек мигранттары Италия жергесине 15 жыл мурун келе башташкан. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, "Кыргыз-клаб" сыяктуу уюмдарды түзүшкөн.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG