Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Ишкер менен тургундардын жатакана талашы


Таш-Көмүр шаарындагы банкротко учураган "Турак-Жай" акционердик коомунун он жыл мурда сатылып кеткен жатаканасына байланыштуу чырды сот териштирмей болду.

Буга имараттын он жыл мурда сатылып кеткенин билбей жашап жүргөн тургундардын сотко кайрылуусу себеп болууда. Атайын ордердин негизинде бөлмөлөрдө алды 20 жыл мурда отурукташкан айрым тургундар турак жайды өздөрүнө менчикке калтыруу же сатып алуу укугубуз бар деп эсептешет.

Жылдызбек Маматалиев үй-бүлөсү менен 2000-жылдан тартып жатакананы байырлайт. Экинчи баласы да ушул жерде жашап турганда төрөлдү. Ушул жылдын 31-майында жатакананы сатып алган жеке ишкер топ балдар менен келип, ал жашаган имараттын эшик-терезелерин бузуп алып чыгып кеткенин айтат. Буга байланыштуу милицияга кайрылганы менен алар ишти кароодон баш тарткан:

- Мен ал күнү 10 мүнөттөй үйдө жок болуп калдым. Ошол учурда жеке ишкер 5-6 бала менен келиптир. Колдорунда балта жана тешелери бар. Кош бойлуу келинчегимди жана үч жашар балам менен кызымды чырылдатып, эшик-терезени бузуп алып кетип калышыптыр. Эгер мен болгондо алар менен мушташып болсо да алып калат болчум. Мен бул багытта Таш-Көмүр милициясына арыз менен кайрылдым. Алар 10 күндөн кийин кылмыштын курамы жок деп мага жооп беришти. Азыр терезелерге пленка тагып жашап жатабыз.

Таш-Көмүр шаарындагы Куруучулар кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу 50 бөлмөдөн турган жатакана "Турак-Жай" акционердик коомуна тиешелүү болгон. 2007-жылы ишкана банкроттук абалга кептелип, жатаканасы сатыкка коюлган. Үч бөлүктөн турган имараттын ар бир подьезди 70 миң сомдон ар башка тараптарга сатылган.

Анын жашоочусу Айнура Мамытова кезегинде эч кимге билгизбей жашыруун сатып жиберишкенин айтат:

- Акционердик коом акционерлерди чакырып, бизге айтпай эле өз ара акцияларын (жатакананы) сатып жиберишкен. Бул иштер 2007-жылы болгон, бизге былтыр гана билинди. Арадан 10 жыл өткөрүшкөн. Азыр ошол учурдагы эч бир адамды таппайсың. Баары жумуштан кеткен же башка жакта жүрүшөт. Булар ушундай планды кылышкан. Менин ата-энем жок, жолдошум каза болуп эки балам менен ордер алып ушул жатаканага келгем. Кезегинде бизге айтса, өзүбүз эле сатып алмакпыз. Бир подъездди 70 миңге сатып алыптыр. Анын ичиндеги 17 үй-бүлөгө бөлсөк аз эле акча чыгат. Биз эми каякка барабыз? Бизге башка жашай турган жер берсин, болбосо биз чыкпайбыз. Мен 4-кабатта турам. Ылдыйкы кабаттагы комнаталардын барын эшик-терезелерин талкалап бүттү.

Үч бөлүктөн турган жатакананын бир бөлүгү учурда ушундайча талаш маселени жаратты. Ортоңку бөлүктөрүн башка адамдар өздөштүрүп алса, акыркысында эч ким жашабайт. Нааразычылык билдирген жашоочулардын жактоочусу Кубанычбек Бакиров азыр соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын айтат:

- Сатып алган жеке ишкер жашоочуларды мажбурлап чыгарууга сотко берген. Бирок ал иш азыр токтотулган жана имарат камакка алынган. Ошентсе дагы жеке ишкер кара күч колдонуп, адамдарды чыгарууга аракет жасап жатат. Багаар-көрөөрү жок азиз кемпирди буга чейин чыгарып салган экен. Жакында болсо жаш үй-бүлөнүн эшик терезелерин чыгарып кетишкен. Биз тараптан укук коргоо органдарына кайрылуу болгон менен жооп болгон жок. Азыр биз арбитраждык сотко сатуу келишимин жокко чыгарып берүү боюнча кайрылдык.

Жатакананын 3/1 бөлүгүн сатып алган жеке ишкер Сабыр Долонбаев кезегинде жашоочулар жеке менчикке өткөрүүгө кызыккан эмес дейт:

- 2007-жылы жатаканын ээси саналган акционердик коом банкрот болуп ушул имаратты сатыкка чыгарган. Алгач жашоочуларга сунуш берген сатып алып менчиктештирүү боюнча. Буга 1-бөлүктө жашагандар макул болуп сатып алышып, азыр жашап жатышат. Булар сатып алууга макул болбогон соң ишкана жарыя берген. Мен ошондон келип 70 миң сомго алгам. Сатып алуу келишимдеринин баары бар. Бул жерди эки жылдан бери бошотпой келе жатышат. Мен оңдоп, бул жерге тигүү цехин ачсамбы деп пландап жүрөм.

Учурунда шаардагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетин жетектеп, азыр Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткарып жүргөн Өмүрбек Бабатаев жашоочулардын талабын туура деп билет:

- Мен жашоочулар тарабын талашмакмын. Алар бир топ жылдардан бери ошол жерде жашап, коммуналдык чыгымдарын төлөп келе жатышат. Эгерде жеке ишкер сатып алса, аларды башка жакка чыгарышы керек. Бул жерде мен эки жолду көрүп турам. Биринчиси - алар жеке ишкер менен келишип алып, имаратты бөлүшүш керек. Экинчиси - алар канча жылдардан бери төлөп келе жаткан коммуналдык чыгымдарын чогултуп сотко кайрылышы керек. Аларды жеке ишкер төлөп берүүгө милдеттүү болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG