Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Р. Ахмедов: ИИМ журналисттер менен иштөөгө даяр


Ички иштер министрлиги маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды. ИИМдин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедов бул тууралуу “Азаттыкка” кеңири айтып берди.

“Азаттык”: Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн таратууга мүмкүн болбой турган маалыматтардын тергөө, сот органдарынын жазуу түрүндө уруксаты жок жайылып кетип жатканы тууралуу билдирүү таратууга эмне себеп болду?

Р. Ахмедов: Быйыл биз бир сыйра иликтөө жүргүзүп ушундай билдирүү таратууну чечтик. Кээ бир маалымат каражаттары “өзүбүздүн ишенимдүү булактардан”, же болбосо “биздин булактардан алынды” деп туура эмес маалымат берип жатышат. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” деген мыйзамдын 18 жана 20-беренелери одоно түрдө бузулуп жаткан учурларды көрдүк.

“Азаттык”: Сиз ушул жерден конкреттүү мисал келтире аласызбы?

Р. Ахмедов: Азыр аларды айтуу туура келбейт. Ушул суроону жоопсуз калтырып кое берели. Алардын аттарын атабасак дагы, Интернет булактарды ачып карасак толтура эле жазылып жүрөт.

“Азаттык”: Сиздердин билдирүүңүздөрдү айрымдар журналисттерге массалык маалымат каражаттарына карата кандайдыр бир деңгээлде кысым деп айтып чыгышты. Буга кандай карайсыз?

Р. Ахмедов: Муну кысым катары көргөн туура эмес. Анткени бул мыйзам чегинде болуп жатат. Муну кысым деп кабыл алгандарга мен “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” деген 18, 20 жана 23-беренелерин дагы бир жолу окуп алышын суранат элем. Анткени ал жерде жакшы жазып койгон: ММК тергөө жана сот органдарынын жазма түрүндө урксаты жок маалымат берүү мүмкүн эмес. Анткени бул айрым учурда адамдын ар-намысына, абийирине шек келтирет, кылмышкер болсо да “презумпция невиновности” деген бар, адам укугун сыйлаган жерлер бар. Биз ошол жерлерден чыгып кетпесин, мыйзам бузуулардан сактоо үчүн билдирүү таратканбыз.

ИИМдин басма сөз кызматы журналисттер күнү болобу, түнү болобу каерде болсо дагы силердин суроолоруңарга ар дайым убакыт таап, эгер убакыт жетпей атса кичине күтө тургула деп суранып, силерге маалымат берип жаткандан кийин биз сиздерге так маалымат бергенге шериктешпиз. ИИМ маалымат каражаттары менен иштөөгө даяр. Биздин расмий сайтыбыз бар. Ошол сайттан карасаңар ИИМдин ММК менен иштей турган инспекторлорунун телефондору бар. Аларга биздин кесиптештер кайрылып керектүү маалыматтарды тактап алса болот. Ошону менен бирге ИИМдин жооптуу кызматкерлеринин телефондору жарыялаган. Дагы бир жолу айтайын, биз кызматташууга даярбыз, бирок биздин кызматташтык мамлекетибиздин мыйзамдарынын чегинде болушу керек.

“Азаттык”: Сот процесстеринин жана ыкчам иликтөө иштеринин катышуучуларынын аты-жөнүн, даректерин ачык жарыялап жибергенден улам кылмышка шектелгендер из жашырып кетип жатат деп айтыпсыздар. Ушундай учурлар көп болуп жатабы?

Р. Ахмедов: Бул дагы бир көрүнүш. Анткени эрте басылып чыккан маалымат сот процессине өзүнүн таасирин берет. Кээ бир укук коргоочуларыбыз, же журналисттер сот мекемелеринде болуп өздөрүнүн репортаждарын жазап атканда көбүнчө ички иштер органдарынын кемчиликтерин издөө менен алектенишет. Анын ордуна cот өкүмү чыкканга чейин сабыр кылып, чечим чыккандан кийин маалымат берсе жакшы болмок.

Сот өзүнчө процессуалдык, көз карандысыз орган болуп эсептелет. Биздин мыйзам боюнча аларга эч ким басым жасабашы керек. Мыйзамда да ошентип жазылган, мына 18-беренени дагы бир жолу эскерте кетейин. Ал берене маалыматты билдирүүгө жол бербей турган жагдайлар деп аталат. Мисалы ыкчам иликтөө иштеринин, же болбосо кылмыш иштин ичиндеги тергөө сырларын сот болуп аткан учурда соттун, тергөөчүнүн жазуу түрүндө уруксаты жок бериши керек эмес. 20-беренени карасак, журналист өзү алган маалыматты чындыкка туура келеби же жокпу деп бир ирээт текшерип алышы керек деп жазылган. Мисалы мына “Азаттыктын” журналисттери ар кандай маалыматты текшерип чалып атасыңар го. Чындыкка туура келсе “ооба, бар”, деп тактап атабыз, болбосо жокко чыгарып атабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG