Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Ош: журналисттин талаштуу чакырыгы


 Абай Нур Большевиков.
Абай Нур Большевиков.

Ошто жергиликтүү журналист кесиптештерин зордук-зомбулукка байланыштуу маалыматтарды жазбоого үндөдү. Журналисттер коомчулугу бул чакырыкты сын менен кабыл алды.

Оштогу жергиликтүү журналисттердин бири Абай Нур Большевиков кесиптештерин адамдын маанайын бузган маалыматтарды жазбоого жана аны Интернет аркылуу таратпоого чакырды. ​

Журналист видеокайрылуусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук тууралуу маалыматты тиешелүү органдар териштирип, коомчулукка чыгарбашы керек деп эсептейт.

- Ансыз да психологиялык жактан жабыркап турган элге каяктагы бир атасы зордуктаганды, апасын бычактаганды, чоң энесин өлтүрүп койгонду ж.б.у.с. маалыматтарды таратуу, чагылдыруу зарылбы?, - деп суроо коет ал.

Журналисттин бул видео кайрылуусуна чейин Кыргызстанда бир жумада эки аял күйөөсүнүн токмогунан ажал таап, 15 жаштагы кызды өз атасы бир жыл бою зордуктап жүргөнү тууралуу кабарлар тараган.

Абай Нур Большевиковдун өзү менен байланышканда, ал социалдык тармакта жаран катары пикир калтырганын, аны кабыл алуу же албоо ар кимдин өз эрки экенин билдирди:

- "Өз атасы зордуктап кетти" деген кабарлар биздин мамлекетибиздин беделине доо кетирет. Себеби, бизден чыккан маалыматтарды башка мамлекеттин ЖМКлары да которуп, жарыялап жатат. Эртең мамлекетибизди башкалар зордукчулардын, киши өлтүргүчтөрдүн өлкөсүндөй кабыл албашы керек.

Анткен менен Большевиковдун кайрылуусу кызуу талкуу жаратты. Оштогу жергиликтүү журналисттердин бири Алмира Абидинова ага ушундай эле видеокайрылуу менен жооп берди:

- Азыр үч жана бештеги кыздар зордукталган окуялар чыгып жатат. Мындай көрүнүштөр күчөп жатса, биз аларды коомчулукка чыгарбай, кантип жаап-жашырып отурабыз? Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат. Ошон үчүн "бактылуу жашоону гана көрсөтөлү" дегенге каршымын. Андан көрө биз мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылалы. Педофилдерди өлүм жазасына тартпасак да, Казакстандагыдай кастрация кылалы, - деди Абидинова.

Ал эми Ош шаарындагы «Акипресс» маалымат агентствосунун журналисти Бексултан Мамытов зомбулукка байланыштуу окуялардын ачыкка чыгышы жабыркагандарга укук коргоо органдары тарабынан адилеттүү мамиле жасалышына жардам берет деген пикирде.

- Коомдук пикирди жаратуу менен мындан ары терс көрүнүштөрдүн алдын алабыз деп ойлойм. Зордуктоонун алдын алуу боюнча милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштеген бөлүмү бар. Биз аларга кулак-кагыш кылып, жакшы иштешине шарт түзөбүз деген ойдомун.

Гүлзат Газиева.
Гүлзат Газиева.

Медиа байкоочу, эркин журналист Гүлзат Газиева коомго тиешелүү, көйгөйлүү маселелерди ЖМК сөзсүз чагылдырышы керек деди:

- Коомдогу орчундуу окуяларды, көйгөйдү журналисттер сөзсүз алып чыгышы керек. Серепчилерден, компетенттүү адамдардан жооп алып коомчулукка берүү зарыл. Жаап-жашыруу менен маселе чечилбейт. Кайра маселе оорлошуп кетиши мүмкүн. Коомго тиешелүү маселе жашыруун болбошу керек.

Газиева муну менен катар кылмышка шектүү жарандар тууралуу маалыматтарды таратууда өтө этият болууну, айрым учурда алар тааныла тургандай сүрөт, видео маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.​

Ал эми медиа эксперт Марат Токоев журналисттер окуяны чагылдырууда дайыма бейтарап позицияны карманып, ошону менен бирге ар кандай чакырык жасоодон да этият болушу керек деген пикирде.

Марат Токоев.
Марат Токоев.

- Коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү сөзсүз алып чыгып туруш керек. Жаап-жашыргандан көйгөй жоголуп кетпейт. Аларды көзөмөлдөп, кийин ошондой терс көрүнүштөр кайталанбашы үчүн кандай чара көрүлгөнүнө байкоо салуу кажет. Бирок бул дагы кампанияга айланып кетпеши керек. Мен бул балдарды адистердин айткандарына көңүл бурууга чакырат элем. Журналист өз пикирин билдиргенде адамдар аны чындык катары кабыл алышы мүмкүн. Ошол үчүн чакырык таштоодон мурда этият болушса. Журналисттерди саясий тараптарга ыктабаганга же кайсы бир кызыкчылыкты көздөбөгөнгө чакырат элем. Эгер журналист бир тарапка өтүп кетсе, анда чындыкка жетиш кыйын болуп калат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинде «журналисттин коомдук кызыкчылык туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына, тиешелүү маалыматка жетишине чек коюуга жол берилбейт» деп жазылган.​

Ошол эле учурда эксперттер Кыргызстанда айрыкча, гезиттерде жана айрым сайттарда такталбаган, ушак өңдүү макала-баяндар жарыяланат деп сындап келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG