Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Соттор: тараза ташында ишеним турат


Кыргызстандын сот системасындагы коррупция жоюлмайынча өлкөдө өсүш болбойт. Коррупцияны жоюу үчүн соттордун айлыгын 2 миң долларга чейин көтөрүү зарыл.

Бул тууралуу 7-июнда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын сот системасын иликтеген корутундусун жарыялоо учурунда айтылды.

Иликтөөдө кыргыз сотторуна болгон элдин ишеними төмөн экендиги айтылат. Бишкектин тургундары кыргыз сотторуна карата ойлорун "Азаттык" менен мындайча бөлүштү.

Турсунбек: Кимдин акчасы болсо, ал эч качан жазаланбайт. Кутулуп кетет. Соттордун баарын алып, жаштарды коюш керек.

Сотко каршы акциядан бир көрүнүш, 7-июнь, 2011-жыл
Омор: Соттордун ичинде да адилет чечим чыгаргандары бар. Бирок көпчүлүгү коррупцияга аралашып калды. Соттор керек, алар адилеттик менен соттоп турса жакшы болот эле.

Нурсултан: Күнөөнүн баарын эле сотторго коё бергенге болбойт. Бул элден, коомдон көз каранды. Сотторду коом ушундай иштерге алып барып жатат.

Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер соттордогу коррупция өлкөнүн экономикасына кандай кедергисин тийгизип жатканын айта кетти.

- Жакырчылыкты жоюу үчүн экономикалык өсүш болуш керек. Бирок инвесторлорлордун сот системасына ишеними болмоюнча, экономикалык өсүшкө жетүү кыйын.

Жыл сайын төмөндөгөн ишеним

Дүйнөлүк банк 2009-2010-жылдары Бишкек шаарындагы жана бардык облустардагы сот органдарына иши түшкөн адамдарды сурамжылоого алган экен. Ага катышкан 500 адамдын 30 пайызы Кыргызстанда ишкерчилик кылууга кыргыз соттору тоскоолдук жаратарын билдиришкен. Ал эми 34 пайызы гана кыргыз соттору аркылуу өз
кызыкчылыктарын коргоп калууга
мүмкүн экендигин айтышкан.

Борбор Азия изилдөө борборунун директору Айнура Сагынбаева бүгүнкү күндө ар бир бешинчи кыргызстандык гана сотторго ишеним артаарын ортого салды.

- Сот системасына карата элдин пикири төмөндөөдө.

Мисалы, 2008-2009-жылдары ар бир үчүнчү киши сотко ишеним артса, 2009-жылы бул көрсөткүч төмөндөп кеткен. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар бир бешинчи тургуну гана сотторго ишенет.


Дүйнөлүк банк Кыргызстандын сот системасын реформалоо боюнча сунуштарын да жарыялады. Анда укуктук мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайыктоо сунушу жана сот органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу зарылчылыгы айтылган.

Сотторду көз карандысыздыгын күчөтүү жана аларды тандап алуу институттарын киргизүү көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрайымы Максуда Оморова Дүйнөлүк банк тарабынан айтылган сын пикирлер жана сунуштар менен макул. Анткен менен Оморова соттордун баары тегиз кесипкөй эмес дегенге кошулбайт. Ал соттордун туура эмес чечимдерине жогору жактан кысымдар болорун да жашырган жок.

- Эмне үчүн соттор туура эмес чечим чыгарат? Анткени бизге үстүртөдөн басым-кысым болгондой болот. "Бул ишти мындай карайсың" дегендер болот.

Эркин Алымбеков
Оморова соттордун көз карандысыздыгын арттыруу үчүн оболу алардын айлык маянасын көтөрүү керек деген ойдо.

- Соттордун айлык-акысын көтөрүп, ошондон кийин гана аларга талапты катуу коюш керек.

Эгерде ишти артка кайтара берсе, туура эмес чечим чыгарган болсо, же өз кызыкчылыгын ишке аралаштырса, андай сотторду эч аёосуз жумуштан алыш керек.


Ал эми “Ата Мекен” фракциясынан депутат Эркин Алымбеков соттордун айлыгын эки миң долларга чейин көтөрүүнү сунуштап чыкты.

- Адилет чечимдерди чыгарса, инвесторлордун укугу корголуп турса, экономиканын өсүүсүнө өбөлгө болот эле. Андыктан айлыктарын эки миң доллар коюп берсек болот.

Реформаны ким жасайт?

Депутат Алымбеков учурда сот системасын жандуу реформалоо боюнча мыйзамдар Жогорку Кеңеште даярдалганын кошумчалады.

- Азыр соттор боюнча 5 мыйзам кабыл алынды. Алардын бири - сотторду тандооо кеңеши боюнча. Ага ылайык, 24 адамдан турган сот тандоо кеңеши түзүлөт. Үчтөн бири-сот системасынын өкүлдөрүнөн, үчтөн бири - коалициялык көпчүлүктөн, калганы оппозиядан болот.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сот системасын реформалоо боюнча сунуштарын айтканы менен аны аткарууну өкмөт өзү колго алыш керектигин, болбосо эч майнап чыкпасын эскертишти.

Кыргызстандын буга чейинки эки бийлиги тең сот жана тартип коргоо органдарында реформа болоорун жарыялап келген. Жаңы бийликтин өкүлү вице-премьер-министр Шамил Атахановдун да бир ай мурда реформалар ийгиликтүү жүргөн Грузиянын тажрыйбаларын колго алаарын билдиргени бар.

XS
SM
MD
LG