Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Каракол жаратылыш багындагы тирешүү


Каракол жаратылыш паркынын кызматкерлери менен жетекчилери араздашууда.
Каракол жаратылыш паркынын кызматкерлери менен жетекчилери араздашууда.

Каракол шаарындагы улуттук жаратылыш паркынын кызматкерлери менен жетекчисинин ортосундагы араздашуу дагы деле токтой элек.

Буга чейин парктын жыйырмага жакын кызматкери ишканада орун алып жаткан мыйзамсыз аракеттерди токтотуу жана бир канча жылдардан бери топтолгон социалдык көйгөйлөрүн чечип берүүнү талап кылып чыгышкан.

Таалай Жумаканов Каракол жаратылыш паркында 20 жылдан ашык эмгектенип келген. Өткөн жылдын акырында аны эмгек келишими бүттү деген негизде азыркы жетекчи Таалай Аманов кызматтан четтеткен. Жумаканов жетекчинин мындай аракетин мыйзамсыз деп эсептейт. Анткени мурдагы жетекчилер учурунда эмгек келишими бүткөн соң ал жаңыртылып түзүлүп турчу.

Таалай Жумаканов бул тажрыйба быйыл эле токтотулуп калганына нааразы.

- Өткөн жылдын акырында мени кошуп, сегиз кызматкерди эмгек келишими бүттү деген шылтоо менен жумушка кайра албай койду. Мурдагы директор Иманкожоевдин убагында 15 жумушчу бошотулган. Ошентип азыркы учурда бардыгы 23 кызматкер жумушсуз отурабыз. Жарым-жартылай болсо да кызматкерлерди кайра ордуна койсун деген биздин биринчи талабыбыз.

Эмгек жамааты мындан сырткары жумушчулар картошка айдаган жаратылыш паркынын ичиндеги 6 гектар жер ижарага берилип кеткенине нааразы. Алты гектарды 5 адам бөлүшүп алышкан, бардыгы чоочундар. Жер тилкеси 49 жылга кетиптир.

Буга кошумча жаратылыш паркында кызматкерлер жашап турган 13 үй бар. Мына ушул үйлөрдүн бешөөн жумушка орношконуна эки-үч жыл гана болгон кызматкерлер менчиктештирип алышкан. Калган үйлөрдү болсо бошоткула деп азыркы жетекчи Таалай Аманов талап кыла баштаган соң нааразычылыктар күч алган экен.

Каракол жаратылыш паркынын жумушчулары жашаган үйлөр
Каракол жаратылыш паркынын жумушчулары жашаган үйлөр

Жаратылыш паркынын мурдагы кызматкери Самудин Томоев:

- Биз азыр бул үйлөрдөн чыгып калсак кайда барабыз? Беш үйдү деле менчиктеп алышпадыбы. Алар кимдер: кимисинин убагында болсо да ошол жетекчи менен коюн-колтук болуп жүргөндөр, кичине акча бере койгондор да. Биз да жеке менчикке чыгарып алалы десек болбойт, ижарага алалы десек болбойт, чыккыла дей баштаганын улам ушул ызы-чуу чыкты. Мына ушундай теңсиздик болуп жатпайбы.

Мына ушул талаптары менен парктын 30га жакын кызматкери жетекчи Таалай Амановдон түшүндүрмө талап кылышкан. Аманов 8 кызматкер мыйзам чегинде бошотулганын, бирок жайкы сезондо аларды убактылуу эмгек келишими менен ала турганын убада кылды. Ал эми 49 ижарага берилип кеткен 6 гектар жер жана менчикке чыгарылган үйлөр тууралуу анын маалыматы жок экен. Айтымында, бул иш-аракеттердин бардыгы мурдагы жетекчилердин учурунда ишке ашырылган.

- Мен сегиз жумушчу менен келишимди токтотком. Мага жаратылыш паркын иштетүүгө он чакты эле адам жетет. Бардыгын кармап туруунун кажети деле жок. Анан "жерди кайтарып бер", "калган үйлөрдү жеке менчикке чыгарабыз" дегендери туура эмес. Мыйзам боюнча жаратылыш паркынан бир дагы мүлк жеке менчикке берилбеши керек. Ал эми азыркы кызыл, жашыл китептердин бардыгы кандай жагдайда, кантип кеткенин мен билбейм. Мурдагы жетекчилер учурунда ушундай болуп кеткен экен. Кайра артка кайтаруунун жолун караштырып көрөбүз.

Каракол жаратылыш паркынын жетекчиси Таалай Аманов
Каракол жаратылыш паркынын жетекчиси Таалай Аманов

​Таалай Амановду кошкондо 1998-жылдан бери Каракол улуттук жаратылыш паркын 11 жетекчи башкарган. Кызматкерлер дээрлик ушул учурга чейин эмгек жамааты жашаган чакан кыштакчага эч көңүл бурулган эмес дешет. Айткандай эле үйлөр эскилиги жеткендиктен урайын деп араң турат. Коомдук транспорт да каттабайт, парк Каркол шаарынан 5 чакырым алыс жайгашкан. 22 баланы мектепке жөө алып барып келишет. Иштеген кызматкерлер бир айга болжол менен 1 жарым миң сом айлык алышат, жумуш болсо сезондук эле.

Жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиктери тууралуу маалымат алуу үчүн Токой-чарба жана экосистема департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Алмаз Кысанов келген:

- Кызматкерлер менен сүйлөштүм, алардын жашаган жерине чейин барып келдим. Таалайды да уктум. Жумушчулардын коюп жаткан дооматтары туура эмес, Таалайдын бул жерде эч кандай күнөөсү жок. Булардын артында үгүттөп жаткан бирөө бар деп ойлойм. Жумушчулар өздөрү мындай талаптар менен чыгышпайт болчу.

Нааразычылык билдирип жаткан эмгек жамааты жаратылыш паркынын бюджети боюнча да шек туудурган жагдайлар бар экенин белгилешет.

Жаратылыш паркынын нааразы болгон жумушчулары
Жаратылыш паркынын нааразы болгон жумушчулары

Каракол улуттук паркынын аянты 38 миң гектар. Ага каражаттын негизги бөлүгү жаратылыш паркынын ичинде жайгашкан Каракол лыжа базасынан түшөт. Ар бир кирген унаага 50 сомдон, ал эми чет элдиктерден 250 сомдон алынат. Киши башына алына турчу төлөмдүн баасы да ушундай.

Мындан сырткары токойдон отун сатылат. Бир кубометри 600 сомдон 800 сомго чейин. Мына ушинтип парктын бир жылдык кирешеси 3 миллион сомдон ашары айтылууда. Жетекчилик болсо ишканага түшкөн каражат жылына 2 миллион сомго чукулдап, акча республикалык бюджетке которуларын, кандай максаттарга жумшалары жогору жактан чечилерин айтат.

Мындан эки апта мурун эмгек жамааты жаратылыш паркындагы абал боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчисине да арыз жолдошкон. Парктын мурдагы кызматкери Таалай Жумаканов билдиргендей, арыздын негизинде тараптардын араздашуусун атайын комиссия келип иликтегени жатат.

XS
SM
MD
LG