Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Дамирбек Асылбек уулу 13 жылга кесилеби?


Кыргызстандын экс-депутаты, Казакстанда аткезчиликке айыпталып жаткан Дамирбек Асылбек уулу. 2-ноябрь, 2018-жыл. Алматы шаары.
Кыргызстандын экс-депутаты, Казакстанда аткезчиликке айыпталып жаткан Дамирбек Асылбек уулу. 2-ноябрь, 2018-жыл. Алматы шаары.

3-апрелде Алматы шаарынын райондук сотунда аткезчилик боюнча айыпталган Кыргызстандын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна байланыштуу соттук отурумда жарыш сөзгө орун берилди. Прокурор соттон Асылбек уулун айыптуу деп таап, аны мүлкүнөн ажыратып, 13 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Алматы шаарында өткөн соттук жараянда алгачкы сөздү прокурорлор алышты. Мамлекеттик айыптоочу Дастан Мырзагали Дамирбек Асылбек уулун "бажы салыгын төлөөдөн качканы жана экономикага зыян келтиргени үчүн" айыптуу деп таап, аны 13 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады:

"Дамирбек Асылбек уулу 13 жылга эркинен ажыратылып, жазасын катаал режимдеги колонияда өтөп, кылмыштык жол менен тапкан мүлкү конфискацияланышын сурайбыз".

Ошондой эле прокурор Казакстандын Кылмыш-жазык кодексинин 51-беренесине таянып, Асылбек уулун жазанын негизги бөлүгүн өтөгөн соң гана өлкөдөн чыгарууну соттон өтүндү.

Бул иште жабырлануучу тарап катары Алматынын Мамлекеттик киреше боюнча департаменти таанылды. Салык кызматынын маалыматына караганда, айыпталуучулар түзгөн “трансулуттук топ” чек арадан аткезчилик жолу менен 400 миллион тенге же бир миллион долларга бааланган товар өткөрүшкөн. Натыйжада казак бюджетине 260 миң доллардай зыян келтирилген.

Мына ушунча көлөмдөгү каражатты департаменттин өкүлү айыпталуучулардан мамлекеттин пайдасына өндүрүп берүүнү соттон өтүндү. Бирок адвокат Аскар Баймуратов Асылбек уулу толук акталышы керек деп эсептейт.

"Алар бажы текшерүүлөрүнүн бардыгын Кыргызстанда өтүшкөн. Аны ырастай турган документтердин бардыгы иш материалдарына тиркелген. Кыргызстан тарап 12 машиненин бардыгы ал жактагы бажыдан текшерүүдөн өткөрүлгөнүн дагы бир жолу бышыктады", - деди адвокат.

Баймуратов Асылбек уулунун Казакстанда камакка алынышын мыйзамсыз жана эч негизсиз деп эсептейт.

Сот жараянына катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Евразия Экономикалык Биримдигине кирген бир мамлекет ушул эле уюмга мүчө башка өлкөнүн бажы документтерин тааныбай жатышы өкүнүчтүү экенин белгиледи:

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров.

"Эгерде биздин өлкөнүн бажы документтерин тааныбай, ушул бойдон өкүм чыга турган болсо, бул Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер арасында жаман прецендент болуп калышы мүмкүн. Эртең Казакстандын бажысынан өткөн товарлардын бардыгын Кыргызстан да тааныбай башташы ыктымал".

Дамирбек Асылбек уулу өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал буга чейин кыргыз жараны экенин айтып, сотту Кыргызстанда өткөрүүнү суранган. Бирок экс-депутат Казакстанда кармалганда коңшу өлкөнүн тиешелүү органдары анын казак жараны экендигин көрсөткөн документти таркатышкан. Мындан соң ал Кыргызстанда депутаттык мандаттан ажыратылган.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулунун жакындары анын улуту кыргыз экенин жана Кыргызстандын жараны болгонун айтып жүрүшөт.

Соттогу тараптардын жарыш сөзү бир нече күнгө созулат. Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Асылбек уулу Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында былтыр февралда жүргүзгөн атайын операция учурунда кармалган. Аны менен кошо төрт кыргызстандык жаран жана ондон ашык казак жараны камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG