Импорттоого чектөө коюлган азыктардын тизмесинде үй жаныбарлары үчүн тоок этинен жасалган тоюттар, кошулмалар, тоок эти жана тирүү канаттуулар, инкубация жолу менен алынган жумурткалар бар.
Казакстандан тоок этин ташууга чектөө киришине Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын коңшу өлкөдөгү тиешелүү тармакка жиберген катына өз убагында маалымат ала албаганы себеп болгон.
Мамлекеттик инспекция 4-октябрда жиберген катында «Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймактарында куш тумоосу чыкты» деген маалыматты тактап берүүнү суранган. Жооп ала албаган мамлекеттик мекеме чектөө киргизүү тууралуу чечимди 8-октябрда кабыл алган. Жооп кат болсо Казакстандан 10-октябрда келген.
ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын
ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын
Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?
Бирок Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция "бул катта так түшүндүрмө жок" деп, чектөөнү алып салуудан дагы эле карманып турат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Рахат Садырбекова билдирди:
- Казакстан расмий түрдө "бизде эч кандай куш тумоосу катталган эмес" деп билдирди. Бирок аларга "так түшүндүрмө бергиле" деп биздин инспекция кайра кайрылды. Бул коопсуздук маселесин эске алуу менен убактылуу гана киргизилген чектөө. Казакстан тактап жооп жиберсе, биз чектөөнү алып салабыз.
Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстан киргизген чектөөнү "мыйзамсыз" деп баалады. Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда Алматы облусунда акыркы он жылда куш тумоосу катталган эмес. Ал эми "Ньюкасл" аттуу ылаңга байланыштуу Түндүк-Казакстан облусунун Айыртау районундагы карантин ушул жылдын 19-сентябрында алынып салынган.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Чек ара көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөнбек Рысалиев Казакстан Кыргызстанга буга чейин деле оңдуу жооп бербей келгенин айтып жатат:
- Биз Казакстанга көптөн бери эле каттарды жөнөтүп келебиз. Былтыр да "шарп боюнча ар кандай сөздөрдү угуп жатабыз, эпизоотикалык абалды тактап берип койгулачы" деп кат жөнөтсөк кайра жооп болгон эмес. Быйыл 24-августта дагы бир кат жиберсек, ага да жооп жок. "Буга да мейли" деп турсак, бизге дагы бир кайрылуу түшүп калды. Ошондон кийин эле 4-октябрда "бизге эки күндүн ичинде жооп бергилечи" деп өтүнүч жөнөткөнбүз.
Кыргызстандын Канаттууларды багуучулар ассоциациянын төрагасы Рустам Осмоналиев Казакстандагы куш оорулары боюнча маалыматты жакшылап текшербесе, өлкөдөгү ансыз деле оор абалда турган тоок фермаларына кедергиси тийерин эскертти:
- Кыргызстанда бул тармак өзү эле оор абалда турат. Анткени башка өлкөлөрдө мамлекеттик колдоо бар. Бизде болсо тоок фермаларына каржылоо жок. Эгер куш тумоосу жайылып кетсе, ишкерлерге кыйын болот. Себеби бизде ири фермалар ансыз деле аз эле калды. Мисалы, Орусияга окшогон ири мамлекеттерде куш тумоосу чыкса миллион тоокту жок кылып коюу чоң деле жоготуу эмес. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстанда болгону 1 миллион тоок бар.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматында, 2018-жылы Кыргызстанга 56 миң тоннадай тоок этин импорттоого квота бөлүнгөн. Сегиз айдын ичинде орто эсеп менен 30 миң тонна тоок эти келсе, анын 18 миң тоннасы Орусияныкы. Ал эми Кытайдан тоок этин алууга 2016-жылы тыюу салынган.
Кыргыз жана казак өкмөттөрүнүн тоок этине байланышкан чырын фермер Манас Саматов ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы көнүмүш иш катары сыпаттады:
- Мындай окуя биринчи эле жолу болгон жок да. Орусияга жиберилген өндүрүмүбүз кайра кайтарылган учурлар бар. Казакстан тарап биздин товар жүгүртүүбүздү блоктоп, ар кандай шылтоо менен товар жүгүртүүгө чек коюп келе жатат жана мындан ары да ошондой боло берет.
Кыргызстандын Казакстанга койгон чектөөсү казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мындан бир жыл мурун кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча айткан сөзүнө тушташ болду. Назарбаев 5-октябрдагы казак элине телеканал аркылуу кайрылуусунда «Казакстан былтыр жолду жаап салганда кыргыз тарап ачык күрөшкөн, ал эми казак аткаминерлери өйдө жакты карап эле үн чыгарышпайт» деп сындаган.