Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Темир жолдун чырлуу жетекчиси иштен кетти


Темир жол. Бишкек.
Темир жол. Бишкек.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев кызматтан кетти.

Буга чейин ишканадагы мыйзамсыз иштер боюнча маселе парламентте бир нече ирет көтөрүлүп, айрым депутаттар Ногойбаевдин кызматтан алышын талап кылышкан.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун сунушуна ылайык Алмазбек Ногойбаевди ээлеген кызматынан бошотту. Иштен алуунун себебин министрликтен тактоого мүмкүн болгон жок.

Буга чейин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов "Кыргыз темир жолу" боюнча министрликтин атайын комиссиясы иштеп жатканын билдирген. Ал каржылык мыйзам бузуу, ишканадагы кемчиликтер аныкталса, айрым бир жооптуу кызматкерлерге чара да көрүлүшү мүмкүн экенин кыйыткан.

Анткен менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Алмазбек Ногойбаев сыркоолоп жатканын, өзүнүн кызматтан кеткени тууралуу маалыматты Интернеттен окуганын “Азаттыкка” билдирди.

Алмазбек Ногойбаев.
Алмазбек Ногойбаев.

- Мен азыр бейтап баракчасы менен жүрөм. Эч нерсе айта албайм. Интернетте ошентип жүрөт, мага эч ким чалып, эч нерсе айта элек.

Буга чейин "“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында одоно мыйзам бузулган учурлар бар, жетекчилиги миллиондогон каражаттарды сол чөнтөккө солоп койгон" деген дооматтар парламентте бир нече ирет айтылып, Ногойбаев кескин сынга кабылып келген.

Парламенттин депутаты Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келбегенин айткан.

Депутат Акаев Ногойбаевдин бала-чакасы да ишканага тиешелүү жерлерди өздөрү каалаганча пайдаланып жатканын, кызы конок үйүн куруп алганын маалымдаган.

Мындан тышкары, ал Казакстанга бересеси барына карабай "Кыргыз темир жолу" ишканасы Өзбекстандын 137 млн. сом карызын кечкенин кескин сынга алган. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы кенен иликтөө даярдаган.

"Азаттыктын" архиви: Темир жолдогу коррупция. 14-март, 2018-жыл. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

Эл өкүлү Жанар Акаев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жөнүндө айтылган ар кандай кептер терең иликтенишин, Алмазбек Ногойбаевге кылмыш иши козголушун талап кылып жатат.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Алмазбек Ногойбаевдин мыйзамсыз иштерин үч ай бою парламенттен айтып турдук, - деди ал. - “Азаттык” баш болгон бир топ журналисттер аны факты менен далилдеп беришти. Эми араң дегенде кызматтан алышты. Азыр "кызматтан алып койдук" деп түр көрсөткөнү ынандырбайт. Бир жума мурда тиешелүү күч органдарынан кат келди, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында мыйзам бузулган учурлар аныкталды” деген. Эми сөзсүз түрдө кылмыш иши козголушу керек. Кыргызстанда "кызматтан алып койсок эле болду" деп калышты. Андай жарабайт, кылмыш иши козголушун талап кылабыз.

Мындан тышкары, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын айрым поезд коштоочулары да быйыл май айынан бери жетекчиликти жемкордукка байланыштуу айыптап келе жатышкан.

Мекемеде иштеген бир нече поезд коштоочу жетекчилер каттамга билетсиз жүргүнчүлөрдү салып, андан түшкөн каражатка туйтунуп жатканын айтып чыгып, бир нече массалык маалымат каражаттары иликтөө жүргүзгөн.

Андан кийин поезд коштоочулардын бири Алия Асанбаева жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып жатканы тууралуу видео кайрылуу таратып, президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сураган. Сынга кабылган жетекчи бул дооматты четке каккан.

Жакында эле Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу"), 173-беренелери ("Алдоо жана ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгогон.

Андагы маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жүргүзгөн иликтөөдө 2018-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин Орусияга 67 жолу жүргүнчү каттамы ишке ашырылып, 4868 билет гана сатылган.

Ошол эле кезде "Кыргыз темир жолу" ишканасы менен Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат базасында "Кайыңды - темир жол" пункту аркылуу билети жок 2874 киши өткөнү жазылган.

Алмазбек Ногойбаев 43 жылдан бери темир жол тармагында иштеп, 10 жылдан ашык ушул тармакта жетекчилик кызматтарда жүргөн. Ал өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келет.

Учурда Ногойбаев ишканада текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуу табылган жок деп кыскача гана жооп берди:

- Алардын баарын текшерген. Эч нерсе жок. Алар жөн эле сөздөр болгон.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тапкан кирешесинин жарымын гана мамлекетке салык катары төгөт. Бирок кийинки жылдары ишкананын кирешеси кескин азайып кеткен. Маселен, 2014-жылы 1 миллиард сомдон ашык пайда түшсө, былтыр ишкана 650 миллиондой сом каражат тапкан.

Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Канатбек Абдыкеримов дайындалганы белгилүү болду. Ал буга чейин ишкананын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп иштеп келген.

13-августта Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын башкаруу системасын өзгөртүү боюнча жаңы стандарттар каралып жатканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG