Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Автокамсыздандыруу: абайлаган аракет


Бишкек.

2019-жылдын 7-февралынан тарта "Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги тууралуу" мыйзам күчүнө кирет.

Ага ылайык, бардык айдоочулар камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирилет.

Бирок Каржылык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызмат камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга акчалай айып салуу талабын алты айга чейин кийинкиге жылдырып турууну сунуштады.

Аталган мекеме муну айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга көндүрүү үчүн дайындалган өткөөл учур катары мүнөздөдү. Айрым талдоочулар өкмөт калкка ар кандай айып пул салуунун шарттарын негиздеп берип, түшүндүрүү иштерин кеңири жайылтпаса, бул жагдай социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Айып салуу артка жылды

2019-жылдын 7-февралынан тарта өкмөт автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу чарасын экинчи ирет ишке ашырууну мерчемдеп турат.

Буга чейин 2016-жылы коомчулукта бул мыйзам нааразылык жаратканы үчүн өкмөт аны күчүнө киргизүүнү 2019-жылга калтырган.

Эгер мыйзам күчүнө кирсе, бардык айдоочулар камсыздандыруу полисин алууга милдеттүү.

Мыйзамда камсыздандыруу полиси жок кармалган айдоочуларга 3 миң сом өлчөмүндө айып салынары көрсөтүлгөн. Юридикалык жактар үчүн анын өлчөмү 13 миң сомго барабар.

Бирок Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга акчалай айып салуу талабын аткарууну алты айга жылдыра туруу сунушталганын билдирди:

Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

- Айып салуу талабын артка жылдыруунун негизги себеби - буга кандайдыр бир өткөөл учур керекпи деп турабыз. Жарым жыл ичинде эл көнүп, камсыздандыруунун зарылдыгына түшүнүп калат деген ойдобуз. Жол коопсуздугун караган кызматкерлер 7-августка чейин айдоочуларды токтотуп, алар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керектигин айтып, эскертип турушат. Ал эми Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өткөн айдоочулар милдеттүү түрдө 7-февралдан баштап камсыздандыруу полисин ала баштайт. Ал эми биздин айдоочуларга бир аз убакыт керек. Алар бардыгын көрүп-билип, маалымат алып, камсыздандыруу компаниясын тандап туруп 7-августка чейин айдоочулук жоопкерчиликти камсыздандыра алышат.

Автоунааларды камсыздандыруунун өлчөмүн өкмөт азырынча беките элек. Бирок Финансылык көзөмөл кызматы өкмөткө сунуштаган эң төмөнкү өлчөм 1680 сомду түзөт.

Камсыздандыруунун өлчөмү автоунаанын жылына, кыймылдаткычынын күчүнө жана техникалык абалына жараша белгиленет.

Мыйзамда коюлган талаптар боюнча лицензияга ээ болгон мамлекеттик жана жеке менчик компаниялар айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандыра алат.

Мыйзамга ылайык, бул камсыздандыруу жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган үчүнчү тарапка келтирилген зыянды төлөп берүүгө багытталган.

Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов камсыздандыруу талаш-тартышка чекит коюп, айдоо маданиятын калыптандырат деп эсептейт:

- Автоунаасы менен бара жатып, жол кырсыгына кабылып, үчүнчү тарапка зыян келтирсе, камсыздандыруу компаниясы мына ошол үчүнчү тарапка келтирилген зыянды төлөп берет. Азыр сот органдарында каралып жаткан иштердин 30-40 пайызы жол кырсыктарынын айынан келтирилген зыянды өндүрүүгө байланыштуу. Бул камсыздандыруу иштеп кетсе, анда соттордогу аягы көрүнбөгөн талаш-тартыштарга дагы чекит коюлат. Сот иштериндеги убаракерчилик азаят. Бул биздин айдоочулардын арасында жакшы бир айдоо маданиятын калыптандыра турган механизм. Белгилей кетүүчү жагдай, жол кырсыгынын кесепетинен кайтыш болгондордун жакындарына камсыздандыруу компаниясы 300 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөп берүү жагы мыйзамда каралган.

Айдоочулук жоопкерчиликти камсыздандыруунун сунушталган өлчөмүнө ылайык, жол-транспорт кырсыгынан жабыркап, майыптык алган жарандарга жана жаш балдарга 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин төлөнүп берилет. Ал эми жабырлануучу жеңил жараат алып, ага медициналык жардам көрсөтүлсө, анын 100 миң сомго чейинки кетирген чыгымы камсыздандыруу уюму тарабынан кайтарылат. Камсыздандыруу ишмердиги менен учурда кайсы компаниялар кандай шартта иш алып бара турганы азырынча белгисиз.

Жоктун жону катуу?

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев айып салуу жана камсыздандыруу чараларын колдонууда өкмөт калктын төлөө жөндөмүн дагы эске алышы керектигин белгиледи:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Биздин көпчүлүк жарандар, айдоочулар айрыкча мына ошол жол эрежелерин бузууга байланыштуу айып пулдардын өлчөмүнүн көбөйүшүн жана камсыздандыруу полиси жок автоунаа айдап жүргөнү үчүн жаңы жазана салынышын туура кабыл алууга көнө элек. Калктын нааразы болуп жатканынын дагы жөнү бар. Өкмөт элдин төлөө жөндөмүн дагы эске алса болмок. Азыр биздин жарандардын орточо маянасынын өлчөмү кандай? Соңку ирет пенсия канчага көтөрүлдү? Ошондуктан бул жерде өкмөт анализдеп чыгып анан калк көтөрө ала тургандай деңгээлде чечим кабыл алса туура болот эле. Айып пулдарды киргизүүдөн мурда бул нерсе социалдык чыңалууга алып келбейби же нааразылык айынан эл арасында толкундоолор келип чыкпайбы деген суроону беришсе туура болмок.

"Чаралар мыйзамды сыйлагандарга колдонулбайт"

Абдрахман Маматалиев өкмөт айдоочулук жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча маалымат өнөктүгүн чабал жүргүзүп, түшүндүрүү иштери жөнгө салына электигин белгиледи. Мунун айынан калк арасында бул маселеге карата нааразылык жогору экенин белгиледи.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айып салуу жана камсыздандыруу чаралары жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталганын айтты:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Тартип бузгандарга карата гана колдонулган чаралар, айып пулдар - мына ошолордун бардыгы жалпы жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Элибиздин маселесин чечүүгө кызмат кылат. Бул чаралардын мыйзамды так аткарган, аны бузбаган жарандарга тиешеси жок. Кайра ошол мыйзамды сыйлаган жарандардын коопсуздугун камсыздап, алардын кызыкчылыгын коргоо максатын көздөйт. Тартипти сактап, мыйзамды аткарган жарандарга эч ким тийбейт.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов жаңы жылдан тарта киргизилген укуктук өзгөрүүлөр боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бакыт Сеитов бул багыттагы маалымат өнөктүгү кышкы эс алуудан кийин күчөтүлө турганын айтты:

- Жаңы мыйзамдар топтомдорун элге түшүндүрүү үчүн башка мамлекеттик органдарга дагы жоопкерчилик жүктөлгөн. Азырынча көбү кышкы эс алууда болгондуктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ИИМ аркылуу эле болуп жатат. Эс алуу күндөрү бүткөндөн кийин биз түшүндүрүү иштерин күчөтүп, эл менен жолугушууларды, түз байланыштарды жана маалымат жыйындарын уюштурабыз.

Кыргызстанда жаңы жылдан тарта кылмыш-жазаны, укук бузууларды жана жосундарды жөнгө салуу тартибин караган мыйзамдар топтомдору күчүнө кирди. Айдоочулук жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча мыйзам 2015-жылы иштелип чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (71)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG