Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:44

Кыргызстандык юристке БУУнун сыйлыгы берилди


Азизбек Ашуров. Женева, 2-октябрь, 2019-жыл.
Азизбек Ашуров. Женева, 2-октябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандык юрист Азизбек Ашуров Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин «Нансен» сыйлыгына ээ болду.

Быйылкы лауреаттын ысымын агенттик 2-октябрда жарыялады.

Быйыл июль айында Кыргызстан жарандыгы жок адамдардын маселесин толугу менен чечкен дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калган.

Азизбек Ашуров жана анын «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» аттуу уюму жарандыгы жок адамдарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүп келген. Сыйлыкты тапшыруу аземи 7-октябрда Женевада өтмөкчү.

“Азаттык”: Азизбек мырза, сыйлыгыңыз кут болсун! Эмгегиңиз жогору бааланыптыр.

Ашуров: Рахмат, бул жалгыз менин сыйлыгым эмес. Аны алууга бир топ адам салым кошту. Тилекке каршы, протокол боюнча бир эле адамга берилет экен. Бирок мен муну мамлекеттин сыйлыгы деп айтар элем. Эмне дегенде жарандыкты мамлекет берет, биз ага көмөктөштүк.

Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн айырмаланып тарыхта биринчи жолу өзүнүн аймагында жарандыгы жок адамдардын санын кескин түрдө кыскартканы абдан чоң жетишкендик. Ошол эле убакытта бул ишке өнөктөштөрүбүз, партнер ишканалар, юристтерибиз чоң салым кошту.

Азизбек Ашуров менен БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди. Женева, 2-октябрь, 2019-жыл.
Азизбек Ашуров менен БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди. Женева, 2-октябрь, 2019-жыл.

“Азаттык”: Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин маалыматында сиздердин уюм жарандыгы жок жүргөн 10 миңден ашуун адамга акысыз юридикалык жардам көрсөткөнү айтылат. Бул кайсы мөөнөт ичинде берилген жардам?

Ашуров: Акыркы төрт жылдан ашуун убакыттан бери жарандыгы жок адамдарга көмөк көрсөттүк.

Мамлекеттик программанын алкагында 2014-жылдын 1-июнунан тарта Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин колдоосу менен мамлекеттик органдардан бир адам, биздин юристтерден бир адам кирген мобилдик топ айыл кыдырып, жарандыгы жок адамдарды аныктап, аларды документтештирүү иш-чараларын жүргүзгөнбүз.

Мамлекетибизде жалпы жонунан 13 миң 707 жарандыгы жок адам катталып, анын ичинен 10 миң 828и биздин колубуздан өттү. Ар бир иш көп убакытты талап кылат. Айрым учурларда үч айдан бир жарым жылга чейин күтүүгө туура келген.

“Азаттык”: Негизи ошол процедура канчалык кыйын?

Ашуров: Мен адегенде бир нерсени тактай кетейин. Паспорту жок адамдардын көбүн СССР кулагандан кийин жарандыгын аныктоого берилген мөөнөттү өткөрүп жибергендер, маалымат жетпей калганы үчүн жарандыгы такталбай калган алыскы райондордун жашоочулары, кошуна өлкөлөрдөн келин болуп келген аялдар, жер которуп келип чет өлкөнүн жарандыгын жоготуп алгандар түзөт.

Паспорту жоктугуна байланыштуу алардын абалы да оор болчу. Балдарына күбөлүк алып же расмий түрдө ишке орношууда бир топ кыйынчылык, тоскоолдуктар кошточу. Ишибизди соңуна чыгарууга саясий чечим да маанилүү болду.

Азаттык”: Келиндер тууралуу сөз кылып кеттиңиз. СССР таркай электе же ыдырап жатканда кошуна өлкөлөргө турмушка чыккан, советтик паспорту бар кыргызстандык келиндер жарандык албай кыйналып жүргөнү тууралуу маалыматтар көп чыгат. Аларга жардам берүүгө, ишмердигиңерди аймакка жайылтууга мүмкүнчүлүк барбы?

Ашуров: Мисал катары Өзбекстанды айта кетейин. Ал өлкөдө БУУнун расмий статистикасы боюнча жарандыгы жок 80 миңден ашуун адам жашайт. Алардын арасында Кыргызстандан көчүп баргандар, ал жакта турмуш курган аялдар да болушу ыктымал. Алардын так санын айта албайм. Себеби, башка мамлекет. Бирок биз аларга көмөк көрсөткөнгө дайыма даярбыз. Ошондуктан биздин уюм башка жарандык уюмдар менен бирге Борбор Азиядагы жарандыгы жок адамдар боюнча бейформал топ түзгөнбүз. Ага чөлкөмдөгү беш өлкөдөн бизге окшогон 11 уюм кирген. Кыргызстандын мисалын, тажрыйбасын ошол платформа аркылуу жеткиргенге аракет кылып жатабыз. Эмне дегенде жарандык албай калуунун негизги себептери Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан же башка мамлекеттер болобу, окшош эле. Менин оюмча, Кыргызстандын тажрыйбасын кошуна мамлекеттер колдонсо, биз үчүн чоң жеңиш болмок.

Бул сыйлык Бириккен Улуттар Уюмуна чейин түзүлүп, толук иш жүргүзө албай калган Улуттар Лигасынын качкындар боюнча биринчи комиссары, норвегиялык изилдөөчү Фритьоф Нансендин (1861-1930) ысымын алып жүрөт. Былтыр аны качкындарга медициналык жардам көрсөткөн түштүк судандык дарыгер Эван Атар Адахага ыйгарышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG