Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:20

19-августта Кыргызстандын Жети–Өгүз районундагы Ырдык кыштагынын дунган жана башка этностордон куралган тургундары айылдын негизделгендигинин 140 жылдык мааракесин белгилешти. Ала-Тоонун чыгыш бучкагындагы дунгандардын тагдыры тууралуу чакан баян.

Касиеттүү Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы бул айылдын тарыхы кыргызстандык дунгандардын XIX кылымдын экинчи жарымында тарыхый мекени Кытайдан мажбурланып жер которуп келүүсү менен түздөн-түз байланышкан.

Ырдык айылын 1862-1877-жылдары Ички жана Батыш Кытайда болгон дунган көтөрүлүшү кандуу басылган соң, 1877-78-жж. ал кездеги Орусия падышалыгына жансоога издеп качкан дунган тектүү бозгундар негиздеген.

Көтөрүлүштүн чыгуусуна бамбук мамылардын баасын быча албаган соодагер менен кардардын чатагы от тамызган. Көптөгөн адамдардын башын жалмаган кандуу коогалаңдын кесепетинен Шэнси (орусча Шэньси) жана Гансу (Ганьсу) провинцияларынын калкы 21 (20,77) миллион кишиге чейин азайганы тууралуу маалыматтар бар. Албетте, дунгандардын (хуэй) бир тобу оболу Чыгыш Теңир-Тоого чейин келип, баш паана табышкан.

Бул көтөрүлүш тууралуу Кыргыз илимдер академиясынын улук илимий кызматкери, этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Жон Алинин кебин тыңдайлык:

- XIX кылымдын экинчи жарымындагы (1850—1864) тайпиндердин көтөрүлүшүнөн кийин Кытайга коогалаңдуу мезгил келди. Көтөрүлүшкө дунгандар катышпагандыктан, экономикалык турумдарын сактап калышкан. Ошого аларга кытайлар менен манжурлар улам кол салып, кыса баштаган. 1862-жылы Кытайдын түндүк батышындагы Шэнси жана ортолугундагы Гансу провинцияларында, ошондой эле Шинжаңдын Кулжа-Или аймагында дунгандар көтөрүлүшкө чыгат. Ал 15 жылга жакын созулат. Бирок акырындап цин-манжур аскерлери дунгандарды эзелки журттарынан сүрө баштайт. Дунгандар мусулмандардан колдоо алабыз дешип адегенде Шинжаң тарапка барышат. Бирок манжур аскер башчысы Цзо Цзунтан аларды Кашкардан да сүрүп чыгат. Ошого дунгандар 1877-жылы Орус империясына качып кирүүгө мажбур болушат.

Дунгандар бүгүнкү Кыргызстанды көздөй үч топ менен агылат. Турпандан чыккан биринчи топтогу 1000 адам Ошко келет.( Алардын көбү бүгүн өзбек жана дунган тилин аралаштырып сүйлөйт). Гансулук 1130 бозгун 1877-жылдын күз айларында Караколго келип, андан кийинки жылы жазында шаардан беш чакырым алыстагы Өрдөк капчыгайына отурукташат.

Дунган улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жетекчиси Биянху баштаган үчүнчү топ Токмоктун тұндүк тарабындагы Кара-Коңуз жергесине (бүгүнкү Масанчи айылы) жайлашат. Алар келгенде 3314 адам болгон. Бул качкындарды, Ликокуй деген дунгандын эскерүүсүнө караганда, Нарын чебине чейин кытай аскерлери такымдап кууп келет.

Чакмак өрөөнүндө кытай кошуундары көтөрүлүшчүлөрдү кууп жетип, кызыл кыргын уюштурганда, качкын дунгандардын төрттөн үчү жайран болот.

Ал эми 1881-жылдын февралында кол коюлган Санкт-Петербург келишимине ылайык, үркүп келген 4682 дунган Жети-Суудагы Орусия-Кытай чек арасына жакын аймактарга жана бүгүнкү Сокулукка орношот. Ал эми Бишкекте (Пишпекте) токтогондор шаардын ортосунда өз маалесин - Дунган слободасын негиздейт.

- Жол катаал болот, - деп улантты кепти Жон Али. - Ноябрь-декабрь айларында бийик ашууларды кар басып калган, суук. Айтылганга караганда, бозгундардын теңине жакыны жолдо өлгөн. Дунгандардын бир тобу чек араны 6-7 декабрь күндөрү өтөт. Ырдык тобу ноябрда келген.

Ырдыкта отурукташкандар конушун орус императору Александрдын кызынын урматына Мариновка деп аташат. Ал эми Чүй боорундагы дунгандар туруп калган Александровка кыштагы - императордун ысымы менен аталган. Совет бийлиги орногон соң Мариновка кыштагы Ырдык деп аталып калат. Бул дунгандардын “экинчи капчыгай” деген сөзүнө үндөш сөз.

Соңку маалыматтар боюнча, азыр Ырдыкта 2,8 миң эли бар. Алардын теңинен көбү (66%) дунгандар.

64 жаштагы түбү ырдыктык ишкер Вали Юсуфовдун айтымында, дунгандардын түбү Кытайдын ар кайсы провинцияларынан болгондуктан, алар салты, менталитети жана жөндөмү боюнча бири-биринен айырмаланып турушат.

- Ырдыктагы элдин тамыры - Кытайдын Чэньсу провинциясынан; Токмоктогу, Казакстандын Шортөбөсүндөгү жана Масанчиндеги дунгандар - Шэнси жана александровкалык дунгандар - Гансу провинциясынан. Караколго негизинен интеллигенция келген. Совет заманында жан башына эсептегенде ырдык дунгандары башка кандаштарына салыштырмалуу абдан эле илим-билимдүү болушкан. Алардын бири - СССРдин Эл артисти Хусейин Мухтаров.

Дунган илимпозу, этнограф Жон Али.
Дунган илимпозу, этнограф Жон Али.

Падышалык Орусиянын дунгандарды букаралыкка кабыл алуусунун себебин Жон Али минтип чечмеледи:

- Менин оюмча, орус бийликтери непада Кытай менен мамиле осолдоп кетсе, дунгандарды манжурларга каршы пайдаланабыз деп болжошкон. Дунгандарды падышалык армияда кызмат кыласыңар деген шарт менен кабыл алган. Ал кезде Борбор Азиянын башка элдери падышалык армияга чакырылган эмес болчу. Дунгандарга Караколдон 5 чакырым жердеги бүгүн Ырдык деп аталган жер берилет. Ал капчыгайдан аккан дарыя Өрдөк деп аталган. Бирок дунгандар кыргызча билишпегендиктен, аны өз тилинде “Эр-до-гу” же “Экинчи капчыгай” деп аташат. Чын эле айыл Караколдон келаткандагы экинчи капчыгайдан орун алган.

Ырдык дунгандары мал-мүлктүү болушканын алар 1910-жылы Караколдо курган атактуу мечит да күбөлөйт. Мындан чоңураак мечит Ырдыкта да курулган. Дунгандар 1916-жылкы көтөрүлүштө кыргыздарды колдошкон. Анүчүн Караколдун жаамы дунгандары жок кылынган. Ырдыктын эли да Кытайга качкан. Көтөрүлүшкө катышпагандар жана "бизге тийбейт ко" деп ишенгендер да кырылган. Ырдыкка болсо Жети-Суунун казак-орустары отурукташкан. Совет бийлиги орногондон кийин, 1920-жылдары атайын иш чаралардын натыйжасында дунгандар Кытайдан кайра келе алышты жана аларга Ырдык айылы кайтарылган.​

Ырдыктык дунгандардын андан аркы тарыхы жалпы мурдакы совет элинин тагдырына окшош. Буга түбү ырдыктык, бирок Кытайда жан сактап убактынча качып жүрүшкөндө туулган Вали Юсуповдун ата-энесинин тагдыры айкын мисал.

Теги ырдыктык ишкер Вали Юсупов.
Теги ырдыктык ишкер Вали Юсупов.

- Менин чоң атам 1870-жылы туулган. Ал Совет бийлиги келгенде Ырдыкта биринчи айыл өкмөтүнүн төрагасы болот. Анан Дэйши колхозу түзүлөт. Чарбага бул аталышты менин чоң атам берген. Кийин жаңы экономикалык саясат - НЭП башталып, элге бир аз эркиндик берилет. Атамдар тез эле байып кетишет, ошон үчүн кулакка тартылат. Саясый, атүгүл экономикалык формация өзгөргөндө эл бийликтин эркине ылайык жашай баштайт эмеспи. Ал эми формациянын кескин өзгөрүүсүнөн адамдар жабыр тартат.

Конфуций бекеринен: “Эң жаман каалоо - сен өзгөрүүлөр маалында жашап кал, ылайым!” - деп айтпагандыр.

Менин чоң атам абдан жигердүү адам болгону үчүн репрессияга кабылат. Репрессия биринчи кезекте колунда бар, өзүнө ток адамдарды жутту. 1930-жылдары адамдар бири-бирин каралаган, жамандап сөз ташыган, "тигил - эл душманы" деп сөөмөйү менен көрсөткөн. Ошого эчендеген бейкүнөө адамдар атылып кеткен. Чоң атам атылса керек. Аны, карапайым адамды 1938-жылы Ырдыктан алып кетишкен. Ал эмнеге камакка алынганын, кайсы жерде атылганын, сөөгү кайда көмүлгөнүн ушу күнгө чейин билбейбиз...

Ырдык
Ырдык

Юсуповдордун үй-бүлөсүн 1930-жылдардагы кулакка тартуу, эл ичинен коомго жат элементтерди издөө жана душман деп жок кылуу саясаты кыйгап өтпөйт. Валинин атасы Умардын үй-бүлөсү совет өкмөтүнүн куру жалаасынан качып, Ырдыктан адегенде Казакстанга, кийин Кытайга өтө качат. Таяке жагы түз эле Кытайга оогон.

- Апам Рабия 3 жашта, иниси - таякем 1 жашта экен. Алар Кытайга атчан тоо жамынын качышат. Атам - Умардын ата-энеси жаңы бийликтин омуроосунан из жашыруу үчүн Караколдон Казакстан тарапка кетишкен. Казакстанда ачкачылык болгондо Зайсан аркылуу Кытайга өтүшөт.

Чоң атам даанышман адам болгондуктан, балдарына жакшы билим берген. Атам окууну бүткөндөн кийин байланыш тармагында иштей баштайт. Кийин Шинжаң Уйгур автоном району - СУАРдын байланыш башкармалыгына төраганын орун басары болуп дайындалат. Ал жакта коогалаң башталганда Кыргызстанга кайра кетүүгө аргасыз болушат. Атамды чыгарбай коюшат. Кыязы көп жашыруун сырларды билсе керек. Ал байланыш техникумунда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп калат. Атам Кытайдагы 1966-76-жж. маданий революция маалында студенттер менен тоодо жүрүп, курамында темири бар таштарды чогултушат. Ал өз башынан өткөндөрүн эч качан бизге айтпаган. Балдарым жапа чекпесин деген сыягы. Бирок туугандарыбызга бир-эки жолу көргөн азабын айтып бергенин кулагым чалган. "Биз тоодо темир казабыз деп жешилтип жок кылган кайла-күрөктөрдөн аз темир таап ээриткенбиз; көк мээдей кайла-күрөк менен казбастан, илимий негизде казуу керек болчу. Баарыбыз бир казандан тамак жедик, баарыбыз окшош кийиндик, комфорт жөнүндө сөз жок. Тоодо чатырда жашадык", - деген эле атам. Бүгүн Кытайда баары өзгөргөн. Буга да чыдадык. Жашоо татаал нерсе. Бекерге “жашоо - талаадан кезип өтүү эмес” деп айтылбаган да...

Ата-энем Кытайда үйлөнүшкөн. Биз 1958-жылы Караколго кайра келдик. Беш уул, бир кызбыз. Төртөөбүз Кытайда, эң кенже экөө Кыргызстанда туулган. Кытайда атам тарап Кулжада, апам тараптагылар Кулжадан 40 чакырым алыстагы Күлү жергесинде жашаган.

Вали Юсуповдун атасы Кытайдан Кыргызстанга келгенден кийинки алгачкы жылдары кара жумуш кылып, жан багат.

- Атам жөнүндө көп ойлоном. Ал 65 жашында дүйнө салды. Атам билимдүү, маданияттуу адам эле. Кытайдан келгенден кийин Караколдо портто жүк ташыгыч болуп иштеди. Тилди билбейт, жазганды билбейт, анын Кытайда алган билиминин кимге кереги бар? Ага карабай атам жазганды да, орусча сүйлөгөндү да акырындап үйрөндү. Атүгүл редакцияда журналист болуп иштеди. Мен эч качан бирөөлөрдү жектебейм. Биздин ата-энелерибиз бизди жакшы жашасын деген тилек менен ар кандай оорчулуктарга чыдашты. Биз жакшы жашадык, ачкачылыкты билбедик, согушту көрбөдүк. Алар көп азап чегишти. Репрессияга биздин үй-бүлө гана кабылбады. Мындай балакетти көптөгөн үй-бүлөлөр баштан кечирди. Үрүмчүдө орустар, казак орустар көп жашачу. Мен Манжурияда - Чыгыш Кытай тарабында да болгом. Ал жакта жүзү европалыктарга окшош көптөгөн адамдарды көрдүм. Бирок алардын баары кытай (ханзу) тилинде сүйлөшөт.

Ырдыктык дунгандардын тарыхына жергиликтүү музейдеги экспонаттар да күбө. Баса, 1902-жылы 6-декабрда Кара-Коңуздун дунгандары падышалык Орусия букаралыгына өткөндүгүнүн 25 жылдыгын майрамдашкан экен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG