Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Жолдон акы алуу тартиби талкууда


Кубакы ашуусу
Кубакы ашуусу

Транспорт жана жол министрлиги Кыргызстандын аймагындагы чоң жолдордо жүрүүгө акы алуу максатында төлөмдөрдүн эсебин чыгарып, долбоорду парламентке сунуштаганы жатат.

Долбоорго ылайык акы алуу пилоттук аймак катары Кочкор-Кубакы жолунан башталат.

Бул демилге коомчулукта кызуу талкууга алынып, коррупциянын кезектеги жемине айланат деп сындап жатышат.

Өкмөттүн 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүү токтомунун негизинде жана жаңы салынган автоунаа жолдорунун сапатын сактап калуу максатында жолдон акы алуу демилгеси көтөрүлгөнү тууралуу Транспорт жана жол министрлиги сайтына жарыялады.

Аталган министрликтин кеңешчилер тобунун жетекчиси Нурлан Кайынбаев ушул тапта мыйзам долбоорунун процедуралары каралып жатканын айтты:

- Кайсы жолдорго, автоунаанын кандай түрлөрүнө акы алынышы керек деген нормаларды карап жатабыз. Мисалы, төрт чийиндүү же андан көп кенен жолдордон өткөн бардык автоунаалардан акы алынышы керек деп сунуштап атабыз. Ал эми Бишкек-Ош сыяктуу эки чийиндүү жолдорго оор жүк ташуучу автоунаалар гана төлөшү керек деп сунуш киргиздик. Азыр тарифтер министрликте талкууланып жатат. Болжолдуу баалары жеңил автоунаалар ар бир чакырымга 60 тыйындын айланасында, ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар категориясына жараша эки сомдон он сомго чейин деп эсептелип жатат.

Бишкек-Торугарт автоунаа жолу
Бишкек-Торугарт автоунаа жолу

Учурда бул мыйзам долбоору даярдалып жатат. Жакынкы күндөрү коомчулуктун талкуусуна коюлат. Андан соң парламентке жиберилет. Эгер бул демилге эл өкүлдөрүнөн колдоо тапса, жарым жылда ишке ашып калышы мүмкүн дейт Кайынбаев:

- “Жол тармагынын негизги багыттарын өнүктүрүү” аттуу стратегиялык документибизге ылайык Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусун пилоттук аймак катары кирген. Ашуу 26 чакырым. Анын альтернативдүү жолу Балыкчы шаары аркылуу айланып өтсө болот. Бул ашуу пилоттук аймак кылууга ыңгайлуу. Бул аймакта калктуу конуштар жок. Биз акы алынуучу жолду автоматташтырылган системада иштетүүгө аракет кылып атабыз. Анткени адам кийлигишкенде коррупциялык схемалар көбөйүп жатпайбы. Ошондуктар адамдардын аралашуусу минималдык түрдө болушу керек. Акча төлөп жаткан киши дагы көрүшү керек. Берген акчасы натыйжалуу пайдаланып, жолго коротулуп жатканына ынанышы керек. Мындан сырткары жолдун сапатына, стандартка да көңүл буруп жатабыз. Акы төлөнгөн жол сөзсүз түрдө жакшы каралышы керек, эки чети тосулуп жүргөнгө коопсуз болушу керек.

Өлкөдө Транспорт министрлиги тейлеген шаар жана айыл аралык 18 800 чакырым автожол бар. Анын 6 миң чакырымы асфальттанган. Бул жолдорду жыл сайын оңдоп-түзөп туруу үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд. сом бөлүнөт. Бирок бул каражат ремонттун 35 пайызына гана жетет. Жалпы муктаждык 10 млрд. сом. Эгер өлкөдөгү 500 чакырым автожолдон акы алынса чыгымдын 50 пайызын жабышы мүмкүн.

Абдувахаб Нурбаев
Абдувахаб Нурбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев автоунаа жолдордон жүрүүгө акы алуу менен жолдун сапатын көтөрүүгө болот деди:

- Бул дүйнөлүк практикада, көп өлкөдө бар. Бирок мындай акы төлөнүүчү жолдор сөзсүз түрдө альтернативдүү автоунаа жолдору бар жерлерде болушу шарт. Анткени адамда тандоо болушу керек. Эгер монополия болуп, ушул гана жолдон башка жол жок дей турган болсо анда туура эмес. Мамлекеттик жеке менчик, өнөктөштүк мыйзамдын негизинде альтернативдүү жолдорго кое турган болсо уруксат бериш керек. Экинчиден, бул жолдордун кызмат кылуу кепилдиги узарат, сапаты жакшырат жана сырттан карыз алуу азаят, анткени биздин мамлекетибиздин буга чейинки тышкы карыздарынын бардыгы жолго жана энергетика тармагына кетип жатпайбы. Ошондуктан бул мамлекетке пайдалуу болот:

Деген менен "бул көрүнүшкө Кыргызстан даяр эмес, биринчи элге тушүндүрүү иштерин жүргүзүү керек болчу" дегендер да четтен чыгат.

Маселен, автоунааларды ижарага алып айдагандардын республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы Батырбек Дуланов өкмөттүн бул демилгеси ишке ашып, пайдасын берерине ишене албай турат:

- Биз азырынча жолдорубузду жакшы жасай элекпиз. Стандартка жооп бербейт. Жол кырсыктары көп катталат. Бул жолдун начардыгынан. Экинчиден, биздин элдин аң-сезими бул кадамга жете элек. Бул кайсы бир аткаминердин эле демилгеси деп ойлойм. “Ушуну жасайлы, мындан акча түшөт” деп. Бул жөн гана полулисттик идея. Эгер бул мыйзам күчүнө кирип иштей баштаса, эл жолду бууп митинг кыла баштайт. Анан башка өлкөлөргө атагыбыз чыгып жатып калабыз. Мен көп киши менен сүйлөшүп сурап көрсөм, дээрлик бардыгы каршы.

Түндүк-түштүк атаандаш жолунун курулушунан.
Түндүк-түштүк атаандаш жолунун курулушунан.

Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сарыташ-Эркечтам, Ош-Баткен-Исфана автоунаажолдоруна эл аралык донорлордун эсебинен 2,5 млрд. доллар жумшалган.

Акы төлөнчү жолдорго Кубакы-Кочкор жолунан сырткары Бишкек шаарын айланып өткөн жана өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирчү альтернативдүү жолу каралып жатат.

Буга чейин бул министрлик жол тармагын өнүктүрүү жана республикалык бюджетке жеңилдик кылуу максатында акы алынчу жолдорду 2018-жылы 26 чакырымга, 2025-жылга чейин 500 чакырымга жеткирүү пландалып жатканын айткан. Муну жол тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашыруу каралган.

Азыр бир дагы жолго акы төлөнбөйт. Болгону айдоочулар Бишкек-Ош жолундагы туннел үчүн төлөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG