Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:28

Алмалык айылын эки анжы кылган жер которуу


Алмалык айылы
Алмалык айылы

Оштун Алмалык айылындагы 22 үйдү көчкү коркунучу тооруп турат. Жери Ноокат районуна, эли Ош шаарына караштуу болгон Алмалык айылын административдик талаштан улам куткаруу кечеңдеп жатат.

Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында калаадан 25 чакырым алыста турган Алмалык айылындагы 22 үй-бүлө эки күндөн бери тынч уйку көрбөй жатышат. Аларды 13-сентябрдан 14-сентябрга караган түнү көмүрдүн чыгындысынан пайда болгон топурактуу дөбө басып каларына аз калган.

Жасалма тоонун этегиндеги үйдө жашаган Алмалык айылынын тургуну Бүбүайша апа ошондон бери тынч уктай албай, шырт эткен дабыштан да чочуп калган.

- Саат онго жакындап калганда күрс эткен катуу добуш угулду. Эми эле жаткан элек. Эшикке чыгып карасам тынч экен. Кайра кирип уктап кеткен экенмин. Анан кайра дабыш чыкты. Сыртка чыксам эл ызылдап калыптыр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адамдар келишти. Кошуналар көчкү жакындап калганын айтышты. Кайнимдин үйүнө барып түнөдүм. Эртеси өз үйүмө барып уктагандай болбодум. Шырт эткен дабыштан да жүрөк түшө турган болуп калды, жан ширин экен.

Бүбүайша апа
Бүбүайша апа

162 кожолугу бар Алмалык айылы Алмалык көмүр кени ачылган 50-60-жылдарда пайда болгон. Союз ыдырагандан кийин эл үйлөрдү өз бетинче кооптуу жайга жакын жерлерге да сала беришкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абдирашип Бекиловдун билдиришинче, 13-сентябрдын түнүндө узундугу 800, бийиктиги 250 метр болгон 5 млн. куб топурак айылды көздөй 20 метрге жылган.

- Ошол күнү биздин адистер Алмалык айылына барышып, көчкүгө жакын жерде 22 үй бар болгонун аныкташты. Анын ичинен он үйдүн жашоочуларын тез арада көчүрүү тууралуу корутунду беришти. Дагы 12 үйдү көзөмөлгө коюшту. Көчкүнүн жылышын байкоо үчүн атайын белгилер коюлду. Эгерде топурак дагы жылса, калган 12 үйдү да көчүрүш керек. Учурда айыл мектебинин жанындагы бош жерге чатырлар тигилип, он үй-бүлө көчүрүлдү.

Алмалык айылында таза суу түгүл, сугат суу да жок. Айылдыктар сууну шаардан ташып келип ичишет. Айыл мал багууга ыңгайлуу болгондуктан эл башка жакка көчүүгө макул эмес.

Алмалыктын Кадырбек аттуу жашоочусунун айтымында, эл ошол эле айылдын коопсуз жагына көчөрүлүш керек.

- Айылдыктар башка жерге көчкөнгө макул эмес. Бийлик Кең-Сайдан жер сунуштады. Бирок ал жерде деле шарт жок. Ошондуктан өзүбүздүн эле айылдын коопсуз жагына көчөбүз деп турабыз.

Учурда Алмалык айылынын жери Ноокат районунун, эли Ош шаарынын карамагында тургандыктан көчкү басып калуу коркунучунда турган элге батыл жардам көрсөтүүгө эч бир бийлик батынбай турат.

Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормоновдун айтымында, Ноокат райондук бийлиги менен Алмалыктын жерин Ош шаарына алуу боюнча сүйлөшүү эми башталды.

- Алмалык айылынын жери башка районго карагандыктан ал жерде кандайдыр бир аракеттерди жасоо кыйын. Анткени каржылык мыйзам бузуу деп эсептелип калышы мүмкүн. Окуядан соң Ноокат районунун акими да келди. Алар менен жерди Ош шаарына өткөрүү боюнча бир чечимге келгендей болдук. Бирок бул биринчи гана баскыч. Эми биз мыйзам чегинде жерди өткөрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек.

Адистердин айтымында, табигый кырсыкка дуушар болгон жарандарга 200 миң сомдон жардам көрсөтүү мыйзамда каралган. Бирок Алмалык сыяктуу административдик макамы аныкталбаган айылга жардам берүүдө юридикалык тоскоолдуктар көп болот.

Кыргызстан боюнча көчкү басып калуу коркунучунда турган айылдардын саны беш миңге жакын.

XS
SM
MD
LG