Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Ош: жаңы бүткөн көпүрө кайра оңдолууда


Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү ремонттоо учуру
Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү ремонттоо учуру

Оштун Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн плиталары туташкан жерлер оңдолуп, кайрадан асфальт басыла баштады. Бул шаардыктар арасында көпүрөнүн сапаты жөнүндө шекшинүүнү күчөттү.

Бир аптадан бери жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу көпүрөнүн бир тарабы толук жабылып, жол кыймылы экинчи ыпта аркылуу гана ишке ашууда. Ош шаардык мэриясы тургундарды сабырдуулукка чакырып, ремонт пландын чегинде аткарылып жатканын айтууда.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов мындай деди:

- "Навои көчөсүндөгү көпүрө кайра жасалып жатат, түшүп калыптыр” деген сөздүн баары жалган. Көпүрөгө коюлган плиталардын арасындагы термошов деген нерсе бар. Азыр ошону жаңылап жатабыз. Былтыр курулушту бүтүрүп жатканыбызда күз болуп, күн муздап кеткен. Ошол себептүү аны талапка ылайык кое албай калганбыз. Натыйжада термошовду оңдоп, жаңылоону үчүнчү этапка киргизип, атайын сметанын негизинде акча бөлүп койгонбуз. Көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн 105 миллион сом бар эмес беле. Аны көпүрөнү реконструкциялоонун үчүнчү этабына жумшап жатабыз.

Тротуарга да брусчатка басылууда.
Тротуарга да брусчатка басылууда.

Курулушту ишке ашырган “Сафари” фирмасынын башкы инженери Мавлян Рахимов кеп болуп жаткан термошов же курулушчулардын тили менен айтканда деформациялык туташмалар кантип жасалып жатканына токтолду:

- Басылган асфальт ичинен балкалардын арасынан 50 сантиметр жер кесилип алынып, кайра анын ордуна атайын жасалган шагыл менен герметик куялат. Мына азыр шагылды 180 градуска, герметикти 200 градуска ысытып туруп, кабат-кабат кылып коюп жатабыз. Бул термошов көпүрөнү ар кандай температурада сапаттуу кармайт жана зилзала учурунда курулуштун туруктуулугун сактайт.

Буга чейин көпүрөнүн капталындагы адамдар өтчү жол да сынга алынып, ал сууга толуп, арык болуп калганы, ал тургай ошондон курулуштун астына суулар агып жатканы айтылган. Бийликтер бул жолку ремонттоо иштери менен кошо так ошол тротуарга да брусчатка басып жатышат.

Байкоочу Эрнис Азимжанов буларга токтолду:

- Көпүрөнүн ачылганына бир жыл өтө элек, алты-жети айда эле минтип кайра ремонт кылып жатышканы өтө уят көрүнүш. Термошовдорду оңдоо пландалган ремонт дегени жалган, көпүрөнүн экинчи тарабында жолду карасаңар, жолдон кадимкидей жаракалар кетип калган. Дагы көчүп кетпесин деп, уялганынан оңдоп жатышат. Ачык моюнга алыш керек, көпүрө эптеп курулгандыктан ушундай абалга кептелип отурат. Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаев сыноо учурунда өзү көпүрө астында туруп, “басып калса мени басып калсын, көпүрө канча оор машине өтсө да көтөрөт” деп мактанган жайы бар эле. Менимче, эрте мактанып алган окшойт. Ушу кетиште дагы үч-төрт жылда эле көпүрө бузулчудай.

Көпүрөнүн экинчи тарабындагы казыла элек жаракалар.
Көпүрөнүн экинчи тарабындагы казыла элек жаракалар.

Кантcе да Ош шаардык мэриясы тротуарды жана термошовду оңдоону дагы бир апта ичинде бүткөрөбүз деп убада кылды. Бирок көпүрөнүн экинчи тарабын да эске алганда, ремонт кеминде бир айда аяктачудай. Бул айрым шаардыктарды кыжаалат кылса, кээ бирөөлөр көпүрөнүн начар курулуп калганын бийликтер моюнуна албай жатат деп сынга алууда.

Шаардын дагы бир тургуну Алтынай Саматбекова курулушка аз каражат жумшалып калганы ушуга алып келди дейт:

- “Кылым курулушу” деп айтылганы менен, бул көпүрө бир жылдык эле курулуш болуп калган окшойт. Мурдагы бийлик көпүрөгө 600 миллион жумшады эле, аз 400 миллионго эле куруп койдук деп жатышкан. “Арзандын тузу татыбайт” деген сөз бар элибизде, менимче так ошол азыраак акча жумшалып калгандын азабы эми чыгып жатат. Демек үнөмдөдүк деген акчанын баарын эле кайра көпүрөгө жумшашат экен да. Акчаны аябаса өздөрү да, эл да убара болбойт эле. Эми эмне жылда акча бөлүп, жылда оңдоп турушабы? Өтө чоң тыгын жаратып жатат дебейм, бирок жолдун бир тарабы жабылганы шаардыктарга баары бир ыңгайсыздык жаратууда. Ансыз деле көпүрөнү курабыз дешип үч жыл Навои көчөсүн жабышкан, эми эмне дагы он жылга жолду жабышабы?

Көпүрөнү оңдоо учуру
Көпүрөнү оңдоо учуру

Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөсү былтыр ишке берилгенден бир аптадан кийин, чет-жакасындагы тротуарлар чөгүп кетип, мэрия бир сыйра оңдоп чыккан.

Филармониянын алдындагы бул жөө адамдар өтчү таш жол бир ай мурдараак дагы бузулуп, оңдолгон. Кийинчерээк көпүрөдөн түшчү тепкичтердин бузулганы да коомчулукка жарыяланган. Буга түшүндүрмө берген мэрия мындай алешемдиктер көпүрөгө тиешеси жоктугун айтып, мындан саясат жасабоого чакырган. Бирок алар бул жолку ремонтту да көпүрөнүн өзү менен байланыштырбай, “жөн гана термошов оңдолууда” деп кутулуп жатат.

Ош шаарындагы көпүрөнүн курулушу былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылган. Бирок айрым адистер көпүрө талапка жооп бербей бүткөнүн, сапатын убакыт аныктай турганын айтышкан эле.

Көпүрөнүн узундугу 265 метр, ал эми анын эки жагын улай салынган жол жалпы 1200 метрден ашат. Курулушка Орусия грантынан келген 564 млн. сом каражат жумшалган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG