Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Ош: Коркуп жашагандан чарчадык


Ошто президенттик шайлоо алдында этнос аралык маселелер курчуп кетүү коркунучу бар экендиги айтылууда. Шайлоодо упай топтогусу келген айрым талапкерлер аймактар аралык маселени да козгоп жиберүү мүмкүн деп бийликтер билдирүүдө. Аймакта улут аралык же регион аралык тиреш болот деген коркунуч чын эле барбы?

Шайлоону утурлай этникалык жана регионалдык маселелер курчуп кетиши мүмкүн деген бийликтин билдирүүлөрү Ош шаарынын жашоочуларын кабатырга салып тургандай. Талапкерлер үгүт иштерин баштагандан бери эл ичинде “эмне деп жатат, эмне болуп атат” деген суроолор көп.

Тургундардын бири Сонунбү Калыбаеванын айтымында, башкасынан да бийликтин маалыматтары элди көбүрөөк чочутуп жаткан экен:

- Негизинен элдин ичи тынч эле. Бирок кырдаалды жогору жактагылар өздөрү курчутуп жибериши мүмкүн. Себеби баарын алдын ала айтып атышпайбы. Чыга турган болсо, өздөрү чыгарат да. Балким кимдир бирөөгө кресло керек болуп, же бир кызыкчылыкты көздөп, ар нерсени ойлоп таап жибериши мүмкүн.

Шаардын өзбек тектүү тургуну Махмуд Салижанов да ушундай пикирди бышыктоодо:

- Менимче азыр улуттар аралык маселе жок. Мен эртеден кечке жумушта болом. Мурда кечкисин чыга албай калчу элек, азыр андай жок. Кыргыз-өзбек аралашып эле жүрөбүз. Эки эл достукта жашап жатат. Кырдаал кооптуу дегенден көрө, бийлик кооптуу кырдаалды алдын алуу иштерин күчөтсө жакшы болмок.

Этникалык маселеден башка, региондор аралык маселени да карапайым калк каалабай турганын айтат тургундар. Шаар тургуну Мукарам Сулайманова:

Жыргалбек Жээнбеков
- Талапкерлер түндүк-түштүк маселесин козгосо, эл аларды дароо эле кууп чыгат. Анткени эл эч качан бөлүнбөйт. Биз бир эл, бир журтпуз. Регионго бөлүнгөн адамдар кыргыз эмес. Кыргыз эзелтеден ынтымактуу жашап келген.

Калпак менен элечегибизди сыйласак боло. Президенттикке деле талапкерлерди калың журт жерине карап тандабайт. Анын татыктуулугуна, билимине жана эл үчүн иштегендигине карап шайлайт. Ошондуктан регионалдык бөлүнүүчүлүккө коркунуч жок деп кесе айта алам.


Ошентсе да бардыгы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшөн көз каранды. Талдоочу Жыргалбек Жээнбеков талапкерлерди бул аймакта үгүт иштерин жүргүзүүдө этият болууга чакырууда:

- 20 талапкердин ичинен негизги күрөш 3-4 фигуранын арасында гана жүрөт. Эгер биз өлкөнүн бүтүндүгүн ойлосок, Кыргызстандын келечегин ойлосок биз аймакка карабай, талапкерлердин кайсы жерден экенине карабай шайлап алышыбыз керек.

Жээнбеков ошого карабай кырдаал кооптуу деген кептерди шайлоо өнөктүгү менен бирге башталган саясий оюндардын бири катары мүнөздөөдө:

- Элдин арасында эч кандай кооптонуу жок. Бийлик шайлоонун айланасында кайсы бир кызыкчылыктардан улам ушинтип айтып атышат. Маселен, жеңилип баратканда, же президенттик шайлоону жылдырып ийүү сыяктуу пландар болушу мүмкүн. Жок жерден ушундай маселени курчутуп, кайрадан элди коркутуп атат. Карапайым кыргыздан, же катардагы өзбектен чыгып сурасаң эч кандай имиштер жок экенин, эч кандай кооптонуу жок экенин айтып берет.

Маалым болгондой, буга чейин Ошто бийлик өкүлдөрү, күч органдары жана диниятчылар чогулган мобилдик-аналитикалык жыйында жана борбордо өткөн коопсуздук кеңешинде да шайлоо алдында аймакта этникалык жана регионалдык маселелер курчуп кетүүсү мүмкүн экендиги айтылган эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG