Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Парламенттин чарба ишине депутаттар нааразы


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Парламенттеги оппозициялык “Республика - Ата Журт” фракциясы Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн чыгымдарын иликтөө боюнча депутаттык топ түздү.

Үч эл өкүлүнөн турган комиссия парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кожомкуловдун да ишин текшермекчи.

“Республика - Ата Журт” фракциясынын 15-апрелдеги отурумунда Жогорку Кеңештин түзүмүн оптималдаштыруу токтому кантип аткарылып жатканы каралды. Буга чейин парламент кызматтык унаадан баш тартарын жарыялаган. Жогорку Кеңештин карамагында буга чейин 111 автоунаа болсо, анын жарымы дагы деле иш башкармалыктын эсебинде турат. Бул тууралуу Парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кожомкулов маалымат берди:

- Азыр 53 унаа калган. Булардын бирин төрага, дагы экөөн анын эки орун басары пайдаланса, 11и чет элдик конокторду тосуу үчүн деп турат. 2015-жылы оптималдаштыруунун негизинде 30 миллион сомго жакын акча үнөмдөлгөн. Быйыл бул көрсөткүч 60 миллион сомго чейин жетери күтүлүүдө.

Парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кожомкуловдун мындай баяндамасы “республикачы-атажуртчуларды” канааттандырган жок. Депутаттар ар бир фракцияга бирден машине бөлүнүп турган чакта Кожомкулов менен анын орун басары өзүнчө жеке кызматтык автоунааларды пайдаланып жатканына нааразылык билдиришти.

Фракция лидери Өмүрбек Бабанов спикер, вице-спикерлерде бирден гана машине бар деп айткан маалымат туура эместигин белгилеп, эми гана кызматтык автоунаасынан баш тартууну убада кылган Кожомкуловдун бул кызматта отурууга татыктуу экенин карап чыгууну сунуштады.

- Силер спикердин эмес, бүтүндөй бир парламенттин иш башкармалыгы экениңерди унутпашыңар керек. 780 миллион сомдук бюджетти башкарып отурасыңар. Кызматтык машинеден эми баш тартам деп жатасыңар. Мурун кайда элеңер?

Натыйжада фракциянын үч депутатынан турган топ түзүлүп, бул маселени териштирүү бүтүмү кабыл алынды. Жыйында автоунаалардан тышкары депутаттардын кызматтык батирлерине байланышкан маселе да козголду. Депутат Кенжебек Бокоев бош турган батирлерди сатыкка коюу сунушун көтөрдү:

- Жети үй Бишкектин ар кайсы райондорунда жайгашыптыр. Ошолорду сатыш керек. Жогорку Кеңешке 30 батир кенен жетет.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, жалпысынан депутаттар үчүн 37 кызматтык батир бөлүнгөн. Азыр анын 17синде гана эл өкүлдөрү жашап, калганы бош турат. Буга чейин эң көп КСДП фракциясынын 14 депутаты кызматтык турак-жай алганы ачыкка чыгып, коомдо кызуу талкууга түшкөн эле. Аягында башкаруучу партиянын өкүлү Тилектеш Исаев үйдөн баш тарткан.

Былтыркы парламенттик шайлоонун алдында жергиликтүү жарандык активисттер үнөмдөөнү, жеңилдиктерден баш тартууну парламенттен баштоого чакырык таштап, талапкерлердин көпчүлүгү аны кубатташкан. Бирок, шайлоодо жеңип чыккан партиялардын арасынан кызматтык унаа, батирди “Республика - Ата Журт” фракциясы гана толук четке какты. Бул көрүнүш депутаттар артыкчылыктардан баш тартуу, бюджеттик акчаны үнөмдөө тууралуу шайлоо алдында берген убадаларын аткарбай жатат деген сын-пикирлерге жем таштоодо. “Депутаттардын жеңилдиктерине каршы” демилгелүү топтун өкүлү, коомдук активист Алмаз Бейшеев бийлик колго тийген соң эл өкүлдөрү айткан сөздөрүн танып, мамлекеттин бекер акчасынан кыя өтө албаганын мезгил көрсөтүп жатканын "Азаттыкка" айтты:

- Мына эми депутаттар добуш топтоо үчүн кандай аракеттерди көргөнү көрүнүп калды. Бизде бекер нерсеге көнүп алышпадыбы. Бекер үй, бекер машине, чет мамлекеттерге бекер барып келишет. Бир жылда Америкага төрт-беш жолу барып келгендер да бар экен. Эч кимге отчет беришпейт. Ушундай эски совет доорунан калган башкаруу ыкмасынан чыга албай атабыз. Баш тарткылары келишпейт. Аларды жаңы шайланган, жаш депутаттар да туурап атышат.

Мамлекеттик казына Жогорку Кеңеш депутаттарын каржылоо үчүн жылына 800 миллион сомго жакын каражат бөлөт. Ансыз да экономика кыйчалыш абалда турганда, бюджеттик акчаны үнөмдөө үчүн бир эле парламенттин эмес, өкмөттүн, министрликтердин жана президенттик аппараттын чыгымдарын азайтуу сунушу Кыргызстанда бир нече жылдан бери көтөрүлүп келатат. Бирок олуттуу кадамдар жасала элек.

XS
SM
MD
LG