Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Тергөө менен тескөөнүн түйшүгү көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңыдан күчүнө кирген кодекстердин негизинде иштөө татаалдашып, жумуштун жүктөмү көп болгондуктан милициядан тергөөчүлөр менен тескөөчүлөр кетип жатканы айтылууда.

Бул арада ички иштер органдарына тергөөчүлүк жана тескөөчүлүк кызматка чакырган жарыялар көбөйдү. Ички иштер министрлиги тергөө жана тескөө органдарынан кызматтан жапырт бошонуп кетүү жок экенин, милициядагы иштин жүгүн азайтыш үчүн жаңы ачылган штаттык бирдиктерге сынак жарыяланып жатканын билдирди.

Жакындан бери жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөөчүлүк жана тескөөчүлүк кызматтарга байма-бай чакырган жарыялар көбөйдү. Адатта милицияда тергөөчүлүк же тескөөчүлүк кызмат беделдүү деп эсептелип, ал жакка орношуу бир топ татаал экени айтылып жүргөн. Бирок азыр жумушка чакырган жарыялардын көбөйгөнү ички иштер органдарында тергөө жана тескөө адистиктери боюнча бош орундар бар экенин ырастап турат.

Атын атагысы келбеген милициянын майору азыр тергөөдө иштер аябай көбөйүп, бирок штаттык бирдиктер менен маяна аз бойдон калып, анын натыйжасында жумуштун жүктөмү жогору болгондуктан кызматкерлер жапырт бошонуп же болбосо башка кызматтарга которулуп жатышканын айтып берди:

Азыр ар бир кызматкерде 300дөн 500гө чейин материал бар. Анын бардыгын тергөөчү тергемек тургай карап жетише албай жатат.


- Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материал алгач тескөөчүгө түшөт. Ошондуктан ошолордун арасынан кызматтан бошоп кеткендер көп болуп жатат. Себеби 102 аркылуу келген чакыруунун бардыгы каттоого алынып, анын ар бири өзүнчө иш катары иликтенүүгө тийиш. Андай учурлардын көбүндө арыз жазганга чейин эле маселе чечилип калчу. Азыр ар бир чакыруу каттоого алынып калды. Ошондуктан иш көбөйүп, тескөөчүлөр менен тергөөчүлөр жумуш көп болгондуктан жетише албай кызматтан кетип жатышат. Азыр ар бир кызматкерде 300дөн 500гө чейин материал бар. Анын бардыгын тергөөчү тергемек тургай карап жетише албай жатат. Жүктүн бардыгы тескөөчү менен тергөөчүгө түшүп жатат. Ал эми ишти карай турган кызматкерлер жетишпейт. Бирок жыйынтыгында каралбай калган иш үчүн тергөөчүгө кылмыш иши козголушу мүмкүн. Ошондой жоопкерчиликтен улам да алар башка жактарга которулуп же болбосо тергөөдөн биротоло кетип жатышат.

Ички иштер органдары учурда милицияда канча бош кызмат орду бар экени жана анын канчасына сынак жарыяланганы тууралуу маалыматтарды кызматтык сырга байланыштуу ачык билдирген жок. Ошондой жумушка чакырган интернет-сайттардагы жарыялардын биринде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгындагы тергөөчүлүк жана тескөөчүлүк бош орундарга сынак жарыяланып, жумушка чакырылгандарга коюлган талаптар көрсөтүлгөн. Мурдагысынан айырмаланып, тергөөчүлүк жана тескөөчүлүк кызмат орундарына мурда милицияда же башка күч түзүмдөрүндө иштебеген, бирок юридикалык билими бар жарандык кызматтагылар да чакырылган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков кызмат орундарына чакырган жарыя кошумча ачылган штаттык бирдиктерди толукташ үчүн берилгенин айтып, башкармалыкта бошогон орундар жок экенин белгиледи:

- Бизге жумуштун көлөмүн азайтыш үчүн өкмөт тарабынан кошумча штаттык бирдиктер берилди. Ошол жаңы ачылган штаттык орундарга сынак жарыялап, тергөөчүлүк жана тескөөчүлүк кызматтарга чакырып жатабыз. Бирок чынында эле жумуш көп болчу. Ошону жеңилдетиш үчүн кошумча кызмат орундары түзүлгөнү турат.

Кодекстердин кемчилиги

Ошол эле кезде милициянын запастагы подполковниги, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев жаңы кодекстердеги кетирилген калпыстыктардын айынан тергөө жана тескөө органдарында иш көбөйүп, аны жөнгө сала турган механизмдер киргизилбей калганын айтты. Кайрат Осмоналиев Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүдө маселе бар экенин айтып, анда айрым жагдайлар эске алынбай калганын түшүндүрдү:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

- Жаңы Жазык-процессуалдык кодексте «кылмыш ишин козгоо» деген беренени алып салышкан. Азыр бирдиктүү реестрге киргизип, анан каттоого алынган иштин материалдары боюнча текшерүү иштери жүрбөй туруп эле фактылар каттоодо тура берет. Мурда бир тергөөчүгө 20-30 иш туура келсе, азыр 200-300 иш туура келип калып жатат. Биздин тергөө тутумубуз жаңы иштелип чыккан кодекстерди пайдаланууга даяр эмес болуп чыкты. Ошондуктан ушундай «диверсия» болуп жатат. Азыр эч ким эч нерсеге жооп бербей турган укуктук жагдай чыгып жатат. Муну оңдобосок болбойт. Анда биз мамлекеттин бул маанилүү институтун жоготуп алабыз.

Анткен менен жаңы кодекстерди иштеп чыккан тарап анын бир жакшы өзгөчөлүгү катары материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине кирип калгандыктан, тергөөчүлөр эми кылмыш иштерин жаап-жашырып, бурмалап же иликтебей коё албай турганын белгилеген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова милициядагы иштин жүктөмүн азайтыш үчүн жаңы штаттык бирдиктер ачылып жатканын ырастады:

- Биз жаңы ачылган кызмат орундарына жумушка чакырган жарыяларды эмнеге берип жатабыз? Себеби биздин борбордук аппараттагы штаттык бирдиктер кыскарып, анын эсебинен жер-жерлерде жетишпеген кызмат орундарын ачып жатабыз. Ошол штаттык бирдиктерди көбөйтүү аркылуу биз тергөөчү жана тескөөчү адистиктерине сынак жарыялап жатабыз. Бул жерде жапырт кызматтан кеткен көрүнүш жок.

Ички иштер органдары криминалдык милиция, коомдук коопсуздук кызматы, мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы, экстремизмге каршы туруу кызматы жана тергөө кызматы сыяктуу бир катар түзүмдөрдөн турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG