Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Кыргызстандын эгемендигине 25 жыл


Ала-Тоо аянты, Бишкек, 31-август, 2016
Ала-Тоо аянты, Бишкек, 31-август, 2016

Буга байланыштуу 31-августта борбор калаадагы Ала-Тоо аянтында аскер парады өттү.

"Ала-Тоо" аянтында аскердик парадга 1,5 миңден ашуун жоокер, аскер техникалары жана авиация катышты.

Эгемендик майрамына карата аскер парады түштүк борбору Ош шаарында да өтүп жатат. Күндүзү өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык оюн-зооктор болот. "Аккула" ат майданында улуттук ат оюндары уюштурулат. Кечинде эстрада ырчыларынын концерти менен фейерверктер салтанатты жыйынтыктайт.

Майрамдагы аскердик парад
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн кызматынан куулган. 2005-жылы анын ордуна келген президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан куулган.

2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчылыгына шайланып, бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алган.

Ош шаарындагы эгемендик майрамынан сүрөтбаян.

XS
SM
MD
LG