Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Казакстанга кирген ишкерлер кысымга даттанды


Кыргызстандагы ишкер чөйрө Казакстан аркылуу жүк ташуулардын катаалдашканына кабатыр болууда.

Өкмөт өкүлдөрү маселени үчүнчү тараптын же эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен гана чечүү жагы калганын айтышууда.

Бүгүн өкмөт чек арадагы кырдаалдан жапа чеккен ишкерлерди колдоону чечти. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Сапар Исаков бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы абалды талкуулаган жумушчу жыйын өткөрүп, тиешелүү токтомго кол койду. Исаков чек арада жабыркагандардын басымдуу бөлүгү Казакстандын ишкерлери экени аныкталганын билдирди.

Чек арадан өткөндөн кийинки текшерүүлөр

Кыргызстандагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү Казакстан менен чек арадагы оор абалга байланыштуу салыктан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуп туруу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылды. Буга чек арадан товарларды алып чыгуунун жана алып кирүүнүн кыйынчылыгы менен кошо эле Казакстандын аймагында тынымсыз текшерүүлөр себеп болгону кайрылууда көрсөтүлгөн.

Кыргызстандагы соодагерлердин кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева буга байланыштуу жагдайга төмөндөгүчө токтолду:

- Жүк ташып бараткан унаалар чек арадан өткөн соң, 200-300 метр өткөндөн кийин токтотуп алышып, автоунаанын эшигин ачып, товарларды кайра текшеришип, акча берүүгө мажбурлаган учурлар болуп жатыптыр. Ал жерде ошол жүк Казакстандын өзүнө бара жатабы же транзит аркылуу башка бир үчүнчү өлкөгө багытталганбы, аны менен иши жок экен. Баарын бирдей текшерип эле чекесинен кысымга алып жатышыптыр. Бизде буга байланыштуу тиешелүү фактылар топтолуп жатат. Товар өткөрүү же алып келүү кыйын болуп, соода токтоп калды. Ошондуктан бизге өкмөт жеңилдик бербесе болбойт.

Ошол эле кезде базарлар бирлигинин президенти Сергей Пономарев эл аралык жүк ташуу жобосуна ылайык бекитилип, Түркиядан, Ирандан жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга келе жаткан жүк ташыган унаалардын пломбулары ачылган фактылар бар экенин айтты. Бул Женева эле аралык конвенциясын одоно бузууга жата турганын айткан Сергей Пономарев казак өкмөтүнүн бул жоосундары боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга арыз жөнөтүлө турганын билдирди.

Казакстандан көмүр келбей жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Ишкерлер бирлигинин өкүлү Эльвира Боромбаева жумалап кезекте туруп, чек арадан өткөн жүктөр үчүн Казакстандын Кордой аймагында атайын бажы көзөмөлү киргизилгени тууралуу буларды билдирди:

- Чек арадан өткөндөн кийин биздин кыргызстандык автоунааларды Кордойдогу "Барс" базарынын жанынан токтотуп жатышат. Ал жерде биздин жүк жүктөгөн унаалардын баарын ар тараптуу текшерүүгө алып, мына ошол жерде бажы көзөмөлүн орнотуп алышыптыр. Бул эмненин негизинде көзөмөл коюлганы белгисиз. Биз ошондуктан Казакстандын бийлигине кайрылып, абалды оорлоштурбагыла деп суранат элек. Бул жерде эки тараптын гана эмес, башка бир үчүнчү өлкөлөрдүн ишкерлери менен жүк ташуучулары дагы кыйналып жатканын казак бийлиги эске алышы кажет.

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартты.

Базарлар бирлигинин президенти Сергей Пономарев казак бийлигинин Кыргызстан аркылуу кирген Кытайдан аткезчилик товарларынын агымы бар дегенин негизсиз шылтоо деп атады. Ал анда эмнеге Кыргызстандан чыккан айыл чарба продукциясы, тигүү жана өнөр жай товарлары чек арада негизсиз кармалып турганын мисал келтирди.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров чек арадагы абалды жөнгө салуу чаралары тууралуу буларга токтолду:

- Соңку кырдаал боюнча Евразиялык комиссияга кайрылуу кеткен. Бул тууралуу азыр ошол органдын аянтчасында жандуу талкуулар жүрүп жатат. Анан дагы экинчи бир таасир этүү механизми бул - Дүйнөлүк соода уюму. Биздин экспорттук же импорттук товарлардын киришине же чыгуусуна чектөө коюп, ага тоскоолдук жасоо эл аралык макулдашууга жатпай турганы боюнча маселени мына ошол жактын аянтчасына алып чыгып, сүйлөшүүлөр өтөт. Башында сүйлөшүүлөр учурунда эле маселе чечилип калышы мүмкүн. Болбосо анын арты соттук териштирүүлөргө чейин жетиши ыктымал.

Күчөтүлгөн талаптар...

Ошол эле кезде ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү чек арадагы чектөөлөрдөн улам келип чыккан материалдык зыяндын орду чоң экенин белгилешти. Айыл чарба азыктары чек арадан өткөндөн кийин дагы текшерүүгө алынып, артына кайтарылган учурлар бар экени белгиленди.

Ошол эле кезде кыргызстандык ишкерлер Алматы шаарындагы соода борборлорунун текчелеринен Кыргызстанда жасалган сүт жана эт азыктары ветеринардык талаптарга жооп бербейт деген негизде алынып салынган учурларды мисалга келтиришти.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов бул жагдай боюнча мындай дейт:

- Ветеринардык көзөмөл алына элек. Ошондуктан бул негизде товарларды текшерип, карап чыгышса болот. Бирок фитосанитардык көзөмөл алынган. Бирок азыр ошого карабастан эле текшерүүлөр жүрүп жатканы таң калтырат. Ар кандай шылтоолор менен товарларды кармап алышып, текшерип жатышканы боюнча капачылыгыбыз бар. Анан Алматы шаарынын базарынан 127 килограммдай товар алынып салыныптыр. Бул жерде эми күнөө мына ошол ишкерлердин өзүндө дагы бар. Анткени алар тиешелүү каттоодон өтпөй эле товарларын жашыруун жолдор менен алып кирип кетишкен.

Өткөн жумада Ереванда өткөн жыйында казак премьер-министри Бахытжан Сагинтаев контрабандалык товарлардын агымын ооздуктоо боюнча күчөтүлгөн көзөмөл жүрүп жатканын айтып, чек арадагы абалды жөнгө салууну караган жол картасына кол коюудан баш тарткан болчу. Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков муну жөн гана шылтоо катары кабыл алып, транспорттук чектөөлөр келишимдерге каршы келерин туюнткан болчу.

Кыргыз-казак премьерлеринин кайчы пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:43 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG