Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Күч түзүмдөрү «Апрелди» жабышты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата тергөө иштерине байланыштуу соттун чечими менен «Медиа Форум» акционердик коомунун жана «Апрель ТВ» телеканалынын мүлкү камоого алынды.

Телекомпаниянын жетекчилиги муну сөз эркиндигин таптоо катары кабыл алып, «Атамбаевдин менчик сүрөөнчүсү» деп тагылган жарлыкка карабай, телеканал калыс иштеп келгенин жүйө келтирди.

Медиа эксперттер кандай гана телеканал болбосун телеберүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашын сөз эркиндигине урулган сокку катары баалашууда.

«​Медиа Форумдагы» кечки коноктор

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы 9-август күнү кечки саат сегиз чамасында атайын даярдыктагы куралдуу топтун коштоосунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу деп таанылган «Медиа Форум» ишканасына келип, күзөт кызматына имарат камоого алынганын билдирген. Имараттагы «Апрель» телеканалына да тергөөчүлөр мөөр басып, кызматкерлерге чыгып кетүү талабы коюлган.

«Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников муну сөз эркиндигине басым жасаган аракет катары кабыл алды:

«Биз обого чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадык. Азыр эмне болуп жатканын түшүнөбүз. Бул - чектен чыгуу. «Апрель» Атамбаевдин сүрөөнчүсү деп аталганына карабастан биз кандай гана болбосун журналистиканын принциптерин, ойлордун балансын сактап келгенбиз. Журналисттин этикасы эмне экенин билебиз жана кээ бир учурда каналдын негиздөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарына карабай кандай иштөө керек болсо ошондой, туура иштеп жүргөнбүз. Бүгүн болуп жаткан көрүнүш Кыргызстандагы сөз эркиндигине басым жасоо гана эмес, өтүк менен тебелеп кеткендей сезим калтырды. Бүгүн бул өтүк бизди тебелеп өттү. Бул окуяга эч ким көңүл кош карабашы керек. Анткени ал өтүк башкаларды да тебелеши мүмкүн».

Күч түзүмдөрү “Апрель” телеканалын жапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

​Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова соттун чечими менен Алмазбек Атамбаевге карата тергөө иштерине байланыштуу «Медиа Форум» имараты камоого алынып, андагы мүлк мыйзамга ылайык каттоого алынарын билдирди:

«Алмазбек Атамбаевге карата сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө иштерине байланыштуу соттун чечими менен «Медиа Форум» акционердик коомунун мүлкүнө бөгөт коюлду. Бул иштин алкагында мындан аркы тергөө иш-чараларын өткөрүү үчүн мыйзам боюнча, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары да суракка алынып, «Медиа-Форум» менен «Апрель» телеканалынын кеңсеси жабылып, мөөр коюлду».

Бишкектеги көп кабаттуу «Медиа Форум» имараты юридикалык жактан «Медиа Форум» ачык акционердик коомуна катталган. Бул акционердик коомдун өкүлү Азамат Акматов ички иштер органдары имарат камоого алынганын жана анда тинтүү иштери жүрө турганын кабарландырбай келгенин белгиледи:

«Мен бул жакка интернет сайттардан окуп калып келдим. Бул жакка кирейин десем, мыйзамдуу укугум бар болгонуна карабастан, мени имаратка киргизбей түртүп, чыгарып салышты. Бизге бул жакта имарат камоого алынып, тинтүү жүрө турганы боюнча эч ким маалымат берген жок. Кокусунан эле билип калып келсем, тиешелүү иш-чаралар биздин катышуубузсуз өткөрүлүп жатат».

«Медиа Форумдун» имаратында бир эле «Апрель» телеканалы эмес, башка да маалымат каражаттары менен мекеме-уюмдар жайгашканы белгилүү. «Апрель» телекомпаниясынын журналисти Самат Качкынов имаратта ижарада турган башка ишкана кызматкерлери да андан чыгып кетүүгө мажбур болушканын айтты:

«Бизге бир соттун токтомун көрсөтүштү. Ошонун негизинде кеңсе жабылып, иш-чаралар өткөрүлө турганын айтышты. Бизге буюм-тайымдарды алып, кеңседен чыгып кетүүнү талап кылышты. Бул жакта бир эле биз эмес, «Европа+», «Кыргызстан обондору» сыяктуу маалымат каражаттары да ижарада турушат экен. Ошол ишкана кызматкерлеринин бардыгы жумуш орундарын таштап, имараттан чыгып кетүүгө мажбур болушту. Бизге болсо «Медиа Форум» жетекчилиги «алар ижарада тургандыктан бардыгын чыгаруунун зарылчылыгы жок болчу» деп айтып, жагдайды түшүндүрүштү.

Сөз эркиндигине жасалган басым

«Интерньюс-Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Карагулова Ички иштер министрлигинин Алмазбек Атамбаевге карата тергөөгө байланыштуу «Медиа Форумдагы» мүлк камоого алынганы тууралуу соттун чечимине таянган жүйөсүнө карабастан телеканалдын ишин токтотууну туура эмес деп эсептейт:

«Себебин түшүндүрбөй туруп телеканалды жабуу бул албетте жаман көрүнүш. Бул жерде сөз эркиндиги буулуп жатат. Мындай жагдайлар курчуган саясий окуяларда байкалып турат. Натыйжада альтернативдүү маалымат булактары азаят. Эркин мамлекетте мындай ыкмалар колдонулбайт. Мындай кадамдардын таасири тескери болоорун «Сентябрь» телеканалын жабышканда да айтканбыз».

Буга чейин мурдагы президент Атамбаевдин тушунда «Сентябрь» телеканалы бийликтин кысымы жана соттун мыйзамсыз чечими менен жабылганы белгилүү. Ага чейин айрым көз карандысыз телерадиолордун эфир толкундарына чектөө киргизген учурлар эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылган болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG