Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

Апта: Атамбаевдин билдирүүсү, орус-түрк жакындашуусу...


Тбилиси, 12-октябрь, 2016-жыл
Тбилиси, 12-октябрь, 2016-жыл

Узап бараткан аптада Конституциялык палата Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жараян Конституцияга ылайык жүрүп жатат деген корутунду чыгарды.

Президент Алмазбек Атамбаев Грузияда Украина боюнча карама-каршылыктуу билдирүү жасады. Орусия жана Түркия “Түрк агымы” газ кууру боюнча келишимге жетишти.

Конституциялык палатанын корутундусу

Конституциялык палата Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүнүн мыйзамдардын талаптарына туура келер-келбеси боюнча корутундусун 11-октябрда жарыялады. Анда өзгөртүүлөр Конституция талаптарына туура келет жана Конституциялык палатанын чечими акыркы жана өзгөртүлбөйт деп белгиленди. Конституциялык палатанын 10 мүчөсүнөн жалгыз гана судья Эмил Өскөнбаев өзгөчө пикирин айткан.

Конституциялык палатага КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кайрылган. Мына ошол кайрылуунун негизинде корутунду чыгарылган. Бул жогорку сот органына башка саясатчылар да кайрылышканы белгилүү. Бирок Конституциялык палатанын бул маселе боюнча чечими чыкканына байланыштуу ал арыздар каралбайт. Конституциялык палатанын чечими ошондой эле декабрь айына белгиленип жаткан референдумга укуктук-мыйзамдык тоскоолдуктар жок дегенди туюнтат.

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Конституциялык палата бийликтин ыгынан чыга албады деп сынга алды:

- Конституциялык палата биздин арызды караган жок. Алар КСДП берген арызды карап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзам жолунда баратат деген корутунду чыгарып берди. Акаев учурунда да, Бакиев учурунда да ушинтип Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Конституциялык сот туура болгон деген чечимин чыгарып берген. Ошондуктан Конституциялык палатанын көз каранды экендиги, ал мыйзамга таянып чечим чыгара албастыгы көрүнүп калды. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, соттор бийликтен ого бетер көз каранды болуп калат.

Бийлик оппоненттери андан сырткары “Референдум жөнүндө” мыйзам кабыл алына электе эле, Конституцияга референдум аркылуу өзгөртүү киргизүү жана референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып жатышын сынга алышууда. Бул “аттан мурун араба бараткан” көрүнүш катары сыпатталууда.

Компроматтар согушу уланууда

Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети жараткан саясий жаңжалдын аягы тыйыла тургандай эмес. 31-августтагы чырлуу сөзүнөн кийин президент Атамбаев 11-октябрда жарашуу маанайында сөз сүйлөп, кечиримдүүлүк жөнүндө айтканына карабай, анын учурдагы негизги оппоненти Өмүрбек Текебаев өмүрүнө коркунуч келип жатканы тууралуу билдирүү жасады. Ага чейин Текебаев артынан түшкөн аңдуулар жөнүндө айткан эле.

Атамбаев Текебаев менен жарашабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эгерде Текебаев кайрылса, ага коопсуздугун камсыздоого даярдыгын жарыялады. Жума ичинде компроматтык согуштардын жаңырыгы уланып, “атамекенчилер” "Мегаком" боюнча айыпталса, ”Ата Мекен” “Дастан” заводун президенттин айланасындагы адамдар талап-тоногонун, жерлерин, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” аттуу пансионатын ээлеп кетишкенин айтып чыкты.

Кезинде “Дастан” заводуна тиешелүү жерди президентке саткан Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип, ал жер боюнча карама-каршылыктарды ого бетер күчөттү. Маселен, документтер боюнча Албек Ибраимовдун жубайы 2.7 гектар жерди 2015-жылы 7-майда сатып алып, ошол эле жылы 12-майда, беш күндөн кийин Алмазбек Атамбаевге сатканы аныкталган. Ал эми маегинде Ибраимов ал жерге жубайы менен медициналык борбордун пайдубалын куюп, дубалын көтөргөнүн билдирип жатат.

Конституциялык палата бийликти колдоду

Конституциялык палата бийликти колдоду

Кыргызстан жарандарын бул саясий тирешүүлөр жана компроматтар жараткан жаңжалдан сырткары АКШ жана Британия элчилиги октябрь айында Кыргызстанда теракттар жана барымтага алуулар болушу мүмкүндүгүн билдирип, Кыргызстандагы өз жарандарын сак болууга чакыруусу да санаага салды. Бул эки мамлекеттин эң кубаттуу атайын кызматтары бар экендиги белгилүү. Алар мына ошол атайын кызматтардын маалыматына таянуу менен эскертүү бериши ыктымал.

Бул эскертүү чыкканга чейин Сириядабыз деген, бетин-башын чүмкөгөн үч кишинин кыргыз бийлигине сес көрсөткөн видеосу жарыяланган. 30-августта болсо жанкечти Бишкекте Кытай элчилигин жардырган. Мына ушул окуялар тизмегин талдоо жана атайын кызматтарынын маалыматына таянуу менен элчиликтер эскертүү жасаганын атайын кызматтардын мурунку жетекчилеринин бири Артур Медетбеков билдирет:

- Менин оюмча, булар биринчи талдоо жүргүзөт. Талдоо өздөрүнүн атайын кызматтары берген ички маалыматтарга таянып жүргүзүлөт. Ар бир элчиликте атайын кызматтын өкүлдөрү болот. Алар маалыматтарды талдап берип турат. Ал маалыматтарды дагы башка кызматтардын маалыматтары менен салыштырып, андан кийин жанагындай эскертүүсүн чыгарышат.

Артур Медетбеков АКШ жана Британия элчиликтеринин эскертүүсүз эле террордук коркунуч жогору экенин жакында эле болуп өткөн окуялар ырастап турганын кошумчалады. Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миң ок уурдалып, кайда экендиги белгисиз болуп жатканын Медетбеков мисал келтирди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети теракт мүмкүнчүлүгү боюнча маалымат текшерилип жатканын билдирди. Бул маселе парламент комитетинде да каралганы кабарланды.

Президенттин карама-каршылыктуу билдирүүлөрү

Узап бараткан аптада президент Атамбаев Грузия жана Арменияга иш сапар менен барды. Грузия сапарында Алмазбек Атамбаев бир катар карама-каршылыктуу сөздөрдү айтты. Грузиянын аймактык бүтүндүгүн таануу улуттук кызыкчылык жана эл аралык нормаларга ылайык келген сөз болсо, Украина дарегине айтылган сөздөр таңданууну жана суроолорду жаратат.

Алмазбек Атамбаев Украина тууралуу мындай деген:

- Украина бир ыңкылапты жайгара албай жатат. Биз мындайдан экөөнү баштан өткөрдүк. 2010-жылкы бийлик алмашууда бизде деле Украинадагыдай ондогон адамдар аянтта каза болду. Бирок биз Москвага же Вашингтонго чалып, жардам сурабадык. Бизде да облустук администрацияларды басып алышкан. Мисалы, 2013-жылы облустук бийликтин имаратын ээлешти. Эч кимге телефон чалбай эле, өзүм барып маселени чечип келгем. Көйгөйдүн баарын өзүм чечкем. Маселени сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керек. Аскерий жол менен чечүүгө аракет жасоо туңгуюкка алып келет. Албетте мен дагы бир жолу Кыргызстан Грузиянын аймактык биримдигин колдой турганын расмий түрдө айтам. Бүтүндүктү сактоо - ар бир өлкө үчүн негизги принцип болушу керек. Бул ар бир мамлекетке, ошол эле учурда Кыргызстанга да таандык.

Алексиевич: Украинада бир туугандар согушуп жатат

Алексиевич: Украинада бир туугандар согушуп жатат

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, беларус жазуучусу Светлана Алексиевич “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына маек куруп, ал орус аскерлеринин Сирияга жиберилгенин түшүнүү кыйын экенин, Украинадагы окуяларды кайра куруу жылдарындагы нес кылуучу жагдайларга салыштырса болорун белгилеген.

Биринчиден, Украина да Кыргызстан сыяктуу эле эки ыңкылапты башынан кечиргени белгилүү. Анын биринчиси 2004-жылы болуп, анда Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенко бийликке келген. Ал эми экинчиси 2014-жылы болуп, анын соңунда Петр Порошенко баштаган бийлик келди.

Экинчиден, Украина Орусия артында турган абдан татаал жана катаал жикчилдер проблемасына туш болду. 2010-жылы ыңкылаптан кийин Кыргызстанда улут аралык жаңжал чыкканда маркум Ислам Каримов жикчилдерди колдобой, ал жаңжалдын ырбап кетпешинде чечүүчү ролду ойногону белгиленип келет. Ал кезде Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева кошуна өлкө лидерлери менен көптөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү да белгилүү.

Сыноодогу кыргыз-түрк мамилеси

10-апрель, 2013-жыл
10-апрель, 2013-жыл

Ал эми кыргыз-түрк мамилеси мурдагыдай болбой калганы белгилүү. Салкындоо Кыргызстанга берилген түрк насыясы, Орусиянын учагынын атып түшүрүлүшүнө жасалган реакциядан башталып, 15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш жана андан кийин Кыргызстандагы "гүленчилерге" байланыштуу араздашуулар менен оорлошкон.

Алмазбек Атамбаевдин 20-сентябрда жүрөк дартына байланыштуу Ататүрк аба майданында калууга аргасыз болгондо түрк жетекчилигинин ага көңүл кош мамилеси, андан кийин Кыргызстан президентинин Түркия тааныбаган Кипр республикасын эгемендүүлүгү менен куттуктоосу эки өлкөнүн бийлик башчыларынын мамилесинин абалын айкын көрсөтүп турат.

Назарбаевдин жүрүшү же...

Арменияда болсо 14-октябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин саммити болду. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугуна байланыштуу Ереванга барган жок.

Кыраакы Назарбаев апрель айында да Евразия экономикалык биримдигинин Арменияда болгон саммитине баруудан баш тарткан эле. Ага Тоолуу Карабак боюнча ошол кезде абдан курчуп турган Азербайжан менен Армениянын мамилеси себеп болгон. Ошондуктан Назарбаевдин сасык тумоого шылтоолоп Арменияга сапардан экинчи жолу баш тартуусунун артында Тоолуу Карабак боюнча Азербайжан, Түркия позициясын колдоо жатат дегенге болот.

Нурсултан Назарбаев 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин колдоого муктаж болуп турган Түркияга сапар менен барып, Казакстанда "гүленчилер" ээн-эркин жүрө албасына президент Эрдоганды ишендирип келген.

Орус-түрк элдешүүсү

Түркия демекчи, узап бараткан жумада, 10-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Түркияда болду. 2015-жылы ноябрь айында орус учагын түрк тарап атып түшүргөндөн кийин бул орус президентинин Түркияга биринчи сапары болуп калды.

Сапар учурунда президенттер Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин соода-экономикалык, энергетикалык, аскерий жана чалгындоо багыттарында кызматташууну сүйлөшкөнү кабарланды. Эки президенттин сүйлөшүүсүнөн кийин эки өлкөнүн энергетика министрлери “Түрк агымы” газ куурун куруу боюнча келишимге кол коюшту.

Орус президенти Владимир Путин Түркиянын айыл чарба товарларына Орусияда чектөө алынганын жарыялады:

- Буга байланыштуу айткым келет, бүгүн Орусия Федерациясынын өкмөтү түрк товарларынын кеңири тобуна орус базарына жол ачкан чечим кабыл алды. Бул айыл чарба товарлары, данектүү деп аталгандар жана цитрустук жемиштер.

Анкаранын максаты Асаддын режимин кулатуу жана Орусиянын Сирия оппозициясына карата пикирин өзгөртүү. Орусия болсо Эрдоган менен келишсек, ал Сириядагы жарандык согушта жеңишке жетишүүгө жардам берет деп үмүттөнөт.

Араздашып табышкан Түркия менен Орусия курууга ниеттенген газ куурунун бир түтүгүнүн газы Түркияга багытталса, экинчиси Европа Биримдигине арналат. Ал Түркия чек арасынан Греция чек арасына чейин жеткирилип, андан ары Европа Биримдиги чечүүгө тийиш. Ар бир түтүктөн жыл сайын 15.75 млрд. кубметр газ өткөрүүгө болот. Газдан сырткары Орусия Түркияда Аккую атомдук электр станциясын курмакчы. Түрк президентинин айтымында, Түркиядагы биринчи атомдук электр станция 2023-жылга карай электр энергиясын берип калышы керек.

Орусия менен Түркия соода-экономикалык байланышын калыбына келтирип жаткан менен эл аралык саясаттагы Крым, Тоолуу Карабак, өзгөчө Сирия маселесинде бир пикирге келише алганы байкалбайт. Орусия Башар Асадды колдоп, Сириянын Алеппо шаары жана башка жерлерде жоочуларга абадан сокку уруп жатса, Түркия Сириянын түндүгүндө “Ефрат калканы” аттуу аскерий операция жүргүзүүдө.

Ошондуктан эки өлкө Сирияда кандай кызматташары белгисиз дейт Орусиялык аскерий талдоочу Павел Фельгенгауэр:

- Азыр кырдаал өтө татаал. Эки тарап Сирия боюнча келишебиз, координация жасайбыз деп жатат. Бирок иш жүзүндө ал аракеттин натыйжасы боюнча эки тараптын көздөгөнү эки башка. Түрктөр азыр “Түрк агымы” менен Орусияны өзүнө байлап, ал аркылуу Орусияны шантаждоону көздөйт. Ошондуктан, түрктөр Орусия менен башка бир нерсе боюнча келишимге жетишип, андан соң Түркиянын Сириядагы максаттарын таанытам деп турат. Анкаранын максаты Асаддын режимин кулатуу жана Орусиянын Сирия оппозициясына карата пикирин өзгөртүү. Орусия болсо Эрдоган менен келишсек, ал Сириядагы жарандык согушта жеңишке жетишүүгө жардам берет деп үмүттөнөт. Бирок эки тараптын Сирияда эмне кылуу боюнча келишимге жетишкенин көрө элекмин. Ал эми эки өлкөнүн аскерий союздаш болуусу жөнүндө сөз дагы жок.

Крым, Тоолуу Карабак жана Сирия маселесинде эки башка позицияда кала берген менен, Москва менен Анкаранын аскердик-техникалык, чалгындоо багыттарында кызматташары жөнүндө көп сөздөр жүрүүдө. Маселен, август айындагы Эрдогандын Санкт-Петербургга, андан кийин Путиндин Анкарага сапары учурунда эки өлкөнүн ортосунда аскерий жана чалгын тарабында кызматташуу боюнча сүйлөшүү болгону кабарланган. Түркиянын Yenisafak гезитинин жазуусу боюнча, Түркия Орусиянын С-300, С-400 абадан коргонуу системаларына кызыкдар болууда.

АКШ: талапкерлер Орусия боюнча кайым айтышты

АКШ: талапкерлер Орусия боюнча кайым айтышты

Республикалык партиянын вице-президенттикке талапкери Майк Пенс 4-октябрдагы телетаймаш учурунда Алепподогу соңку окуяларды “варвардык чабуул” деп сыпаттады.

Түркия абадан коргонуу системасын сатып алуу боюнча тендер жарыялап, Кытай системасы тандалып алынганы мындан үч жыл мурун маалымдалган. Бирок ал ишке ашырылбай турат. АКШнын “Пэтриот” системасы сатып алууда кандайдыр бир тоскоолдуктар, ишенбөөчүлүктөр жаткандай. Анын үстүнө акыркы кезде Фетхуллах Гүлен, күрт маселесинде Вашингтон менен Анкаранын ортосунда олуттуу келишпестиктер пайда болууда.

Мына ушундай шартта Орусия менен Түркиянын соода-экономикалык, андан ары аскерий-техникалык кызматташуусу региондо олуттуу геосаясий өзгөртүүлөргө алып келет деген пикирлер жок эмес.

Ал эми Орусиянын Батыш менен тирешүүсү өтө жогорку деңгээлге чыгып баратканы белгилүү. Бул тирештин айынан Орусия узап бараткан жумада ядролук дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү “Искандер” тактикалык ракетасын Калининградга жайгаштырды. АКШ жана анын союздаштары Орусия жана Сирия бийлиги Алепподо аскерий кылмыш жасады деп, эл аралык кылмыш соту менен эскертүүдө. Батыш өлкөлөрү Сирияда учууга тыюу салган аймактарды түзүүнү талкуулап жатканы да айтылууда. Андай аймактарды түзүү Орусия менен кагылышууга алып келүү мүмкүнчүлүгү менен өтө опурталдуу экени белгилүү.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG