Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:20

Узап бараткан аптада Кыргызстанда учак кыйроосу 38 адамдын өмүрүн алды. "Боинг-747" жүк ташуу учагындагы 85 тонна жүктүн кимге таандык экендиги боюнча кайчы пикирлер пайда болду. Дональд Трамп АКШ президенти кызматына киришти.

16-январда Кыргызстанда чоң кырсык болду. “Манас” аба майданына конууга аракет кылган Түркиянын "Боинг-747" жүк ташуучу учагы аба майданга жакын Дача айылындагы үйлөрдүн үстүнө кулады. Таң эрте менен үйүндө болгон адамдар балдары менен алаамат кырсыкта ажал тапты.

Жалпысынан 23 үй кыйрап, 38 адам, алардын ичинен 34 айыл тургуну набыт болгону кабарланды. Эң эле өкүнүчтүүсү алардын 17си балдар. Жабыркагандардын дээрлик баары жумушсуздук жана катаал шарттардан улам аймактардан жер которуп, кооптуу жайга жакын жерде орун-очок алууга аргасыз болгондор экени аныкталды.

Учак кырсыгы кыргыз коомчулугунда эки жактуу пикир жаратты. Биринчиден, элдин жабыркагандарга жардам берүүгө даярдыгы, колундагысын берүүгө шашылгандыгы "элден айланса болот" деген алкоолорду жаратса, экинчиси эл башы аталган президенттин кырсык болгон жерге барбаганы, үнү, деми менен жабыркагандарга кайрат айтпаганы талаштуу пикирлерди жаратты.

Президенттин маалымат кызматы Алмазбек Атамбаев кырсык болгон күнү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду, андан кийин 19-январда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду кабыл алып, кырсыктын кесепеттерин жоюуну, жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырганын кабарлаган. Бирок коомчулук президенттен активдүүрөөк реакцияны күткөнү белгиленип жатты.

Кыргызстан коомчулугунда суроолорду жараткан жагдай, кыйраган учактагы 85 тонна жүктүн кимге таандык экендигинде болуп турат. Кыргыз бийлик өкүлдөрү кырсык болгон күнү эле ал жүк толугу менен Түркияга таандык экенин жана Стамбулга багыт алганын билдирген.

19-январда өкмөт уюштурган маалымат жыйынында бул кайрадан айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учактагы жүк Стамбулга баратканын айтты:

- Жүк биздики эмес, ал Стамбулга кетмек. Азыр биз штабда отурабыз, (жүктү түшүрө турган) андай маалымат жок экен. Жүктү түшүрүү боюнча эч кандай даярдык да, арыз да болбоптур. Жүк эми өрттөнүп кетти. Ал жок болду. Калгандары ошол эле өрт өчүрүлгөн күнү тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Бир аз эле бөлүгү аман калган экен, кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жаткандыктан ошол жакка өткөрүлүп берилген.

Кыргыз өкмөтү ошондой эле кыйраган учак "Манаска" май куюу жана экипажды алмаштыруу үчүн гана конуш керек болгондугун белгилеп жатат.

Бирок Гонконгдон жүк алып келаткан "Боинг-747" учагынын ээси, Түркиянын ACT Airlines компаниясы учактын майы жетиштүү болгонун, ал "Манаска" жүк түшүрүү үчүн гана конууну көздөгөнүн билдирген. Бирок бир нече күндөн кийин компания учак “Манаска” май куюу жана экипажды алмаштыруу үчүн конууну көздөгөн деген билдирүү жасады.

Бул маселени Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да көтөрдү:

- Менде Түркиянын компаниясы жөнөткөн кат бар. "Биздин майыбыз жайында болчу, биз Бишкекке жүк алып келгенбиз" деп айтып жатат. Ал эми биздин өкмөт башчы баш болуп, чиновниктер Стамбулга өтүп бараткан жүк эле десе, түрктөр "силерге бир жолу эмес, 52 жолу жүк алып келгенбиз" дейт. 100 тоннадан алып келсе, 5 миң тонна жүк алып келүүдө.

«Боинг-747»: кырсыкты чакырган жагдайлар

Мамлекеттер аралык авиациялык комитет 38 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктын себептерин иликтөөгө киришти.

Кыйраган учактагы жүктүн кимге таандык болгонун иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев, Канат Исаев, Жанар Акаев жана башка депутаттар киргени маалым болду.

Учактагы жүктүн “Манаска” түшүрүлүшү мүмкүндүгүн кырсык болгон жерде телефон, от тутандыргычтарды (зажигалка) колдонуу боюнча кыргызча нускамалардын табылышы да бекемдегендей болду.

“Азаттыктын” кабарчысына Дача айылынын тургундары, окуучу балдар кыйраган учактагы телефон жана башка майда-барат нерселерди милиция кызматкерлери автоунааларына жүктөп кетишкенин да билдиришти.

Тагдыры татаал темир жол

16-январда учак кыйраган күнү президент Алмазбек Атамбаев да Кытайдан учуп келип, анын учагы “Манас” аба майданынын айланасындагы туманга байланыштуу Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аба майданына конгону кабарланган. Президент Атамбаев 5-январда Кытайга жумуш сапар менен барып, Кытай жетекчиси Си Цзинпин менен жолугушкан. Сапардан кийин президент эмгек өргүүсүн Кытайда өткөрөрү кабарланган.

Президент Атамбаев Кытайга сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүү өткөрөрүн билдирген. Андай сүйлөшүү өткөрүлдүбү жана Кытай тараптын жолдун курулушуна карата реакциясы кандай болгону белгисиз. Бирок акыркы маалыматтар бул темир жолду куруу багытында эч кандай жылыштар болбогонун кабарлайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маселе Аскар Акаевдин тушундагы абалда турат деди:

- Сүйлөшүүлөр кайрадан нөлгө келди. Биринчиден, багыт, экинчиден, жолдун эни, үчүнчүдөн, каржылоо булагы аныктала элек. Үчөөнү чечпей туруп эле, биз өзүбүзгө жаккан долбоорду өзүбүз мактап жатабыз. Кытай өкмөтү жолдун багытына (маршрут) ынабай жатат. Экинчиден, энине макул эмес. Үчүн маселе каржылануу жок. 1998-жылдын деңгээлинде турат. Бул долбоор, тилекке каршы, долбоор бойдон калчудай.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун абалы боюнча депутаттын сөзүн ырастап, маселе кыргыз тарапка коюлганын айтты:

- Ушул варианттарды кайрадан карап чыгуу боюнча маселе биз тарапка коюлду. Азыр биздин эксперттер ушул боюнча жумуштарды жүргүзүп жатат, ал токтогон жок. Өзбекстан буга чейин “болуп калса макулбуз” дегендей эле айтып келген, расмий түрдө кайрылган эмес. Былтыр декабрь айында Өзбекстандан эксперттер келди. Кытайдын, биздин эксперттер алар менен бирге иштешти. Азыр өзбек тарап бул жолду куруу боюнча өздөрүнүн позициясын ачык билдирди. Азыр үч мамлекетте макулдук бар.

Президенттин Кытай сапары

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга болгон сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туура келди.

Кыргызстан үчүн бир нече жагынан стратегиялык мааниси бар бул темир жолдун тагдыры көптөн бери чечилбей келатат. Бул темир жолдун стратегиялык мааниси тууралуу сөз кылганда, анын биринчи кезекте Кыргызстан региондорун темир жол менен туташтыруусу эске алынат.

Андан сырткары республика темир жол туңгуюгунан чыгып, транзиттик өлкөгө айланат. Транспорт жана жолдор министри Калилов айткандай, андан өлкө жыл сайын 150-200 млн долларга чейин пайда көрмөк. Бул эми темир жолду бойлой курула турган инфраструктура жана кыйыр кирешелерди эсепке албаган жагдайлар.

Мына ушундай кирешелүү темир жолдун курулушунун ишке ашпай жатуусунун себебин карап көргөндө “кемигинде да бар, кертигинде да бар” экени байкалат. Анткени ага коомчулук өзү да, бийлик да себепкер болгон. Биринчиден, мурунку бийлик учурунда кандайдыр бир күчтөрдүн шыкагы менен “темир жолдун курулушу менен Кытай каптайт, кендердин баарын Кытай ээлеп алат” деген маалыматтык өнөктүк жүрүп, ага коомчулук салымын кошту. Экинчиден, мына ошол жасалма жол менен жаралган жагдай бийликтин тайсалдоосуна, мамлекет үчүн стратегиялык маанилүү долбоорду турмушка ашырууда чечкинсиздикке алып келген.

Андан кийин азыркы президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бизге кереги жок, биз Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун курууну көздөйбүз" деп чыккан эле. Бул долбоордун реалдуулуктан канчалык алыс экени айкын болгондон кийин Алмазбек Атамбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна кайрылууга аргасыз болду.

Глобалдашуунун жаңы лидери - Кытай

Бул арада Кытай темир жол аркылуу товарларын Европа жана дүйнөнүн башка жерлерине чыгарууну чечип жатат. Анын бир кашкайган далили - ушул жумада Кытайдан чыккан жүк ташуучу поезддин Британияга жетиши. Эл керектөөчү товар жүктөлгөн поезд Кытай-Казакстан-Орусия аркылуу Европа континентине, андан ары Британияга жетти.

Кытай Орусия аркылуу да темир жол курууну пландаштырып жатканы маалым. Ал эми Пакистан аркылуу Гвадар портуна чыгууга умтулууда. Ошондой эле Кытай-Тажикстан-Ооганстан-Иран багытында темир жолун куруу боюнча долбоор да алдыга түртүлүп жатканы маалым.

Кытайдын темир жол долбоорлору глобалдашуунун бир көрүнүшү. Дүйнөлүк өндүрүш очогуна айланган Кытай өндүргөн товар, продукцияларын дүйнөнүн чар-тарабына чыгаруунун жолун ошентип чабууда. “Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет” дегендей, андан биздин өлкө да пайдаланууну көздөгөнү табигый көрүнүш.

Узап бараткан аптада Швейцариянын Давос шаарында өткөн дүйнөлүк экономикалык форумда да Кытай мына ошол глобалдашуунун, эркин сооданын негизги коргоочусу болуп чыкты. Кытай лидери Си Цзинпин ал форумда негизги конокко айланды. Ал эми глобалдашуунун башкы лидери Кошмо Штаттарда президент алмашып, соода саясаты өзгөрүүдө.

Трамптын дымагы

20-январда Дональд Трамп ант берип, Кошмо Штаттардын президенти кызматына расмий түрдө киришти. Ал ант берүү аземинен кийин сүйлөгөн сөзүндө Американы биринчи орунга коёрун дагы бир жолу белгиледи.

Трамптын президенттик кызматка киришүүсү менен дүйнөлүк соода эле эмес, саясий-аскерий мамилелер да өзгөрөт деп күтүлүүдө. Андан Трамптын буга чейинки билдирүүлөрү кабар берип турат.

Биринчиден, Трамп “Американы кайрадан улуу кылуу” ураанына жараша соодада протекционизмди күчөтүп, АКШнын ички базарын коргоону көздөөдө. Анын бул сөздөрү ага ачык бир далил:

- Кытай жылына 500 млрд доллар таап, биздин жумуш орундарыбызды жана акчабызды өлкөдөн чыгарып кетип жатканына, биздин ага эч нерсе кылбаганыбызга кыжырым келип турат. Менин Кытайга эмес, биздин саясатчыларга ачуум келип турат. Чек арадан адамдар кирип жатса, “кире беришсин” деп айтып жатышканына ачууланып турам.

Трамп дүйнөлүк компанияларды Америкада өндүрүш ачууга мажбурлап жатат. Маселен, жакында эле Мексикада завод курууну болжогон Германиянын БМВ автогигантына ал жерде чыгарган автоунаасын АКШ базарында сатуусу татаалданарын эскертип, европалыктарды бушайманга салды.

Дүйнөдөгү эң бай жана көлөмдүү базарын АКШнын коргоого киришүүсү дүйнөлүк соода келечеги кандай болот деген кооптонууну жаратса, Дональд Трамптын НАТО, коопсуздук багытындагы сөздөрү жакын союздаштарын тынчсыздандырууда. Трамп НАТОну “эскирген” уюм деп атап, ага мүчө өлкөлөрдүн коргонууга жетиштүү каражат бөлбөй жатат деп айыптаган:

- НАТО эскиргенин айткам. Анткени ал террорчулук менен жетиштүү деңгээлде күрөшпөйт. Уюмдун чыгымын Америка гана көтөрүп жатат.

АКШнын Европадагы өнөктөштөрү Трамптын мына ушул билдирүүсүнө жана Брекситти колдоосуна камтама. Ал эми анын Кремль менен тил табышуу аракети Европада “баш ооруга” айланган маселе болуп калды.

Дональд Трамптын мындай позициясы эл аралык аренада гана эмес, АКШнын өзүндө да катуу карама-каршылыктарды жаратууда. Мунун өзү АКШ элитасында ынтымак ыдырап, тирешүү эмнеге алып келет деген суроолорду жаратууда.

Сирия жаңжалын басууга умтулган Орусия жана Түркия

Узап бараткан аптада Астанада Сирия бийлиги менен оппозициясы ортосунда сүйлөшүү болору аныкталды. Орусия, Түркия жана Ирандын ортомчулугу астындагы сүйлөшүү 23-январда башталмакчы. Ага Түркия колдогон Сириянын куралдуу оппозициянын өкүлдөрү катышарын билдирди. Демек, сүйлөшүүлөр болот. Бирок анын натыйжасы кандай болору белгисиз.

Андан сырткары дүйнөдөгү эң таасирлүү мамлекет АКШны Астана сүйлөшүүсүнө чакыруу маселесинде келишпестик чыгууда. Сүйлөшүүлөрдүн негизги ортомчулары Орусия жана Түркия Вашингтонду Астана сүйлөшүүсүнө тартууга макул болсо, Иран каршы чыгууда. Ошондуктан азырынча АКШнын ага катышар-катышпасы белгисиз бойдон калууда.

Сирия
Сирия

Бул арада Орусия менен Түркия Сириянын Ал-Баб шаарындагы “Ислам мамлекети” террордук уюмуна биргелешип абадан сокку ура баштады. Бул эки мамлекеттин биргелешкен биринчи соккусу болуп калды. Бирок азырынча “Ислам мамлекети” Ирак жана Сирияда бир нече шаар, аймактарды көзөмөлүндө кармап турат. Мосул шаарынын бир бөлүгү, Ракка шаары террордук уюмдун көзөмөлүндө кала берүүдө.

Жаңы жылда Түркиянын Стамбул шаарындагы түнкү клубга кол салган Абдулкадир Машарипов дал ушул Ракка шаарынан тапшырма алганын колго түшкөндөн кийинки сурактарда билдиргенин түрк маалымат каражаттары жазып чыкты.

39 адамды атып өлтүрүп, 69 адамды жарадар кылган Машарипов Өзбекстандын Кокон шаарында туулуп, өскөнү маалым болду. Ал Ооганстан, Иран аркылуу өткөн жылы январь айында Түркияга өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG