Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Оппозициянын курултай өткөрүү камылгасы


Конституцияны өзгөртүүгө каршы былтыр Ак үй алдында өткөн митинг
Конституцияны өзгөртүүгө каршы былтыр Ак үй алдында өткөн митинг

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөр өз ара биригип, жакында бирдиктүү улуттук курултай өткөрүүгө камынууда.

Бул курултайды өткөрүү мөөнөтү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жарыяланганга чейин өтүшү керек экени талкууланууда.

Күчтөрдү бириктирүүнүн далалаты

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы саясий күчтөр менен жарандык коом өкүлдөрү бийликке референдум өткөрүүнү токтотуу талабын койгон улуттук курултай чакыруу чечимин кабыл алган. Бардык күчтөрдүн башын бириктире турган улуттук курултайда эмдиги жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнүн кесепеттери талкуулана турганы айтылды.

“Жаңы муун” жаштар кыймылынын теңтөрагасы Мавлян Аскарбеков учурда төрт түрдүү багыттагы күчтөрдү бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн мындайча белгиледи:

- Мына ошол бирдиктүү курултайды уюштуруу үчүн бардык саясий күчтөрдүн башын бириктиргенге аракеттенип жатабыз. Азыркы кезде төрт негизги саясий күч биригүү алдында турат. Бул саясий оппозиция, жарандык коом, жаштар кыймылы жана улуттук-мекенчил күчтөр. Биз көз караштарыбыздын ар түрдүүлүгүнө карабастан бийликтин коомчулук менен кеңири кеңешпестен туруп, Баш мыйзамды өзгөртүү жана ал аркылуу узурпациялоого багыт алганын ооздуктоо үчүн бир муштумга биригүү керек экенин терең жоопкерчилик менен сезип турабыз.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

Мына ошентип Баш мыйзамды өзгөртүүгө жана бийликти узурпациялоого каршы туруу демилгесин көтөргөн тарап сентябрь же октябрь айынын башында бирдиктүү улуттук курултай чакырууну мерчемдеген.

Көз караштардын кагылышы

Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө уюштурула турган курултайга кожоюндук кылуу жана анын күн тартиби боюнча маселеде талаш-тартыштар чыкты. Мындан сырткары курултайды уюштуруучулардын арасынан бийликтин Баш мыйзамга сунуштап жаткан жоболорун колдогон тараптар дагы болду.

Улуттук-мекенчил күчтөрдүн башын бириктирген “Элдик курултай кыймылынын” өкүлү Кадыр Кошалиев оппозиция жана жарандык коом менен менен тил табыша албай калган жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Бир эле бирдиктүү курултай өткөрөлү деген максат болду. Бирок биз кээ бир маселелер боюнча тил табыша алган жокпуз. Мына ошондуктан биздин арабызда референдумду өткөрүүнү колдоо жагына оой турганыбыз тууралуу дагы маселе көтөргөндөр болду. Анткени сунушталып жаткан долбоордо улуттук дөөлөттөрдү жана жогорку баалуулуктарды коргоо сыяктуу бизге жаккан жоболор бар экен. Бирок биз ошол эле кезде саясий оппозиция менен тил табышпай калууну трагедия катары көрбөйбүз. Биз алар чакырган жыйындарга конок катары барып катышып сүйлөсөк, алар биз чакырган курултайга келип сөз сүйлөп кете беришет.

Ошол эле кезде Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы уюмдашып жаткан саясий күчтөр курултайды бийлик референдум жарыяланганга чейин өткөрүү маселесин көтөрүүдө. Бирок бир айга чукул убакыттан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү кайсы бир тараптар менен болгон келишпестиктерден улам ар бир тарап өз алдынча жыйынга чогулуу чечимин кабыл алган. Башында 17-сентябрга дайындалган бирдиктүү улуттук курултай өткөрүү демилгесинин мөөнөтү мына ушуга окшогон маселеден улам артка жылып кетти.

Санааркаткан санаалаштык

“Каршылык көрсөтүү кыймылынын” өкүлү Бегалы Наргозуев саясий оппозиция менен улуттук-мекенчил күчтөрдүн ортосунда карама-каршы көз караштар болгонун ырастады:

- Бул жерде саясий оппозиция менен жарандык коом “Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө каршыбыз” деп жатабыз. Ошол эле кезде “Элдик курултай кыймылы” болсо өздөрү койгон улуттук баалуулуктарга байланыштуу маселелер эске алынса жана президент Атамбаев сунуштаган долбоорго өзгөртүү киргизилсе, анда референдум өткөрүүгө макул экенин белгилешти. Мына ушул жерге келгенде биздин көз караштар дал келбей калды. Бирок алар дагы бийликти узурпациялоого жол бербөө жана ага каршы турууда бирге болууга тилектештигин айтышууда.

Бегалы Наргозуев
Бегалы Наргозуев

Буга чейинки эки ыңкылаптан кийинки акталбаган үмүттөр жана бийликтин ишмердүүлүгү менен элдин ишениминин ортосундагы ажырым маселесинде “Элдик курултай кыймылы” менен азыркы саясий оппозициянын ортосунда көз караштар дал келген. Бирок бул коомдук кыймыл саясий оппозиция улуттук курултай чакырууну өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп кетет деп кооптонуп тургандай. Мына ошондуктан “Элдик курултай кыймылы” бийлик менен оппозициянын тирешинен пайдаланып, өз сунуштарын Баш мыйзамга киргизип калууну көздөп жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG