Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Саясий партиялар: "жандоочтордун" биригиши


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы өтчү парламенттик шайлоону утурлай, айрым партиялар саясий күрөшкө азыртадан эле даярдана баштады.

Саясий сезонду алгачкылардан болуп "Замандаш" партиясы ачып, өзүнүн партиялык программасы менен коомчулукка алып чыкты.

Серепчилер эмитен эле парламенттик шайлоо курч саясий атаандаштыкта өтөрүн божомолдоп жатышат.

Саясат талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоодо негизинен азыркы президентке ыктаган жана мурдагы мамлекет башчысынын командасынан турган саясий күчтөрдүн ортосунда айыгышкан саясий күрөш жүрүшү мүмкүн экенин болжолдошууда.

Ошол эле учурда парламенттик шайлоонун астында жаңы бийлик партиясынын же анын "жандоочторунун" түзүлүшү саясий топтордун кайрадан уюмдашуусуна алып келиши мүмкүн экенин айткандар бар.

Партиялардын табияты

Ошол эле кезде мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев президент болочок парламенттин толук колдоосуна ээ болуш үчүн өзүнө ыктаган саясий күчтөрдүн парламентке келишине кызыкчылыгы бар экенин айтты:

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

- Саясий партиялар жандана баштаганы, программаларын иштеп чыгып, жарыялап жатканы - алдыдагы шайлоонун астындагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алдыдагы парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөбү же мөөнөтүнөн мурда башталып кетеби, эмне болгон күндө да учурдагы президент көп убакыт өткөрбөй парламенттик шайлоо өткөрүп, өзүнө ыктаган, өзүнүн саясатын колдогон күчтөрдү парламентке алып келүүгө кызыкчылыгы бар. Себеби, парламентте чечүүчү учурда мурдагы президентти колдой турган күчтөрдүн үстөмдүгү бар. Ошондуктан президент өзүнүн багыты менен кетип, экс-президенттин командасы менен пикир келишпестик болгон шартта толук парламенттик колдоого ээ болуу ал үчүн абдан маанилүү.

Саясатчы Азимбек Бекназаров болсо азыркы шайлоо тутумуна ылайык, саясий күчтөрдүн бийлик партиясынын же анын "жандоочторунун" астына кайра уюмдашуусу күтүлөрүн белгиледи.

Азимбек Бекназаров каржылык топтордун бийлик менен биригиши саясий партиялардын табиятын өзгөртүп жатканын айтты:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

- Шайлоо жакындап калды. Бир жыл деген саясат үчүн көп деле убакыт эмес. Ошого азыр бардык партиялар шайлоого даярданып жатышат. Азыркы шайлоо тутуму - бул акча менен бийликтин туундусу. Бул шайлоо тутуму өзгөрмөйүнчө ушул эле саясатчылар бийликтин жаңы түзүлө турган партиясы же анын "жандоочтору" менен кайра ушулар эле келишет. Себеби, биздин саясий тутум ушундайча калыптанып калган. Бийликчил же бийликке ыктаган партиялар гана парламентке келип, ошонун негизинде саясат жүрө турган көрүнүш бизде 11 жылдан бери калыптанып калган.

Эки чоң лагердин эрегиши

Анткен менен мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев буга чейинки шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий атаандаштык күчтүү болорун белгиледи. Бакыт Аманбаев күрөш эки чоң саясий лагердин ортосунда болорун айтып, анын маани-маңызына токтолду:

- Бул жолку алдыдагы парламенттик шайлоо аябагандай күчтүү атаандаштыкта жана саясий күрөш айыгышкан шартта болуп өтүшү мүмкүн. Анткени бул жерде азыркы президентке жана мурдагы президентке ыктаган саясий күчтөрдүн ортосундагы эки саясий лагердин тиреши болору азыртадан эле байкала баштады. Эгерде саясат ушул өңүттөн кете турган болсо, мындай саясий күрөш абдан катаал болушу күтүлөт.

Кыргызстанда 2018-жылга карата 225 саясий партия Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Кыргызстанда жергиликтүү жана парламенттик шайлоолор партиялык тизме менен өткөндүктөн шайлоолорго катышкан активдүү саясий партиялардын саны жыйырманын айланасында.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG