Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Элита жаңырмайынча коом өнүкпөйт


Жаштардын президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учуру. 12-ноябрь, 2018-жыл.
Жаштардын президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учуру. 12-ноябрь, 2018-жыл.

Акыркы күндөрү коомчулукта Кыргызстанды башкарууга жаңы саясий элита келиши керек деген ой-пикирлер көп айтыла баштады.

Жаңы саясий элита кайда? Алар бийликке кантип келет? Атайын даярдаш керекпи же коом өзү чыгарабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев жана саясат талдоочу Сейтек Качкынбаев катышты.

«Азаттык»: Жамгырбек агай, сөз башында «саясий элита» деген термин эмнени түшүндүрөт, чечмелеп берсеңиз?

Жамгырбек Бөкөшев.
Жамгырбек Бөкөшев.

Жамгырбек Бөкөшев: «Элита» деген сөздүн мааниси жалпак тил менен айтканда «өзгөчө, тандалган, мыктылар», башкача айтканда тигил же бул тармактын алдыңкы адамдары деп түшүнсөк болот. Башкача айтканда, чыгаан адамдардын тобу. Мисалы, саясаттагы мыктылар, маданияттагы мыктылар, же жергиликтүү элита, улуттук элита деген да түшүнүктөр бар.

Ал эми бийлик башында туруп, саясатта жүргөн, саясий маселелерди чечүүгө катышкан адамдарды биз «саясий элита» деп айтсак болот. Тагыраак айтсак, өкмөттө иштегендер, башкаргандар, парламент депутаттарын саясий элитага кошо алабыз.

Коомдогу башкы маселе, элитага кошулуу гана эмес, "Анын сапаты кандай, колунан эмне иш келет, элдин алдында өзүн кандай көргөздү?" деген суроолорго жооп бериш керек.

«Азаттык»: Кыргыздын тарыхында саясий элита деген түшүнүк болгонбу? Эгерде болсо аларга кимдер, кандай сапаты, жөндөмү менен кирген?

Жамгырбек Бөкөшев: Албетте, мурда да элдин жакшылары, мыктылары болгон. 1917-жылдагы Октябрь революциясына чейин да кыргыздын алдыңкы катмары болгон, коомдун негизги маселелерин ошолор чечип келишкен.

Советтер союзунун учурунда, өзгөчө 1940-50-жылдардан баштап, Кыргызстандын жетекчилери, алдыңкы адамдары СССРдин саясий элитасынын бир бөлүгүн түзүшкөн.

«Азаттык»: Сейтек мырза, эл аралык тажрыйбага келгенде «саясий элита» деген кантип, кандай коомдук шартта түзүлөт? Ага да даярдык, билим, саясий тажрыйба топтош керекпи, мисалы, бизнесте жүрүп эле саясий элита боло калуу мүмкүнбү?

Сейтек Качкынбаев
Сейтек Качкынбаев

Сейтек Качкынбаев: Негизи саясий элита деген авторитардык жана демократиялык коомдордо эки башка түзүлөт.

Авторитардык коомдо элита тандалып, даярдалып чыгат, ал эми демократиялык коомдо элита шайланат, аларды иргеп, коомго алып чыга турган - элдин добушу, шайлоо системасы.

«Саясий элита болом» дегендерге кесиби, билими маанилүү эмес. Эң башкысы элдин көңүлүн, ишенимин алып, чечим кабыл алууга катыша алат. Ошондуктан элитага өтүк уста, белгилүү актёр, чыгаан академик ж.б. кирип калышы мүмкүн. Демократиялык коомдордо мындай тажрыйбалар өтө көп.

Ал эми авторитардык коомдо кайсы бир топ, же адам «мен ушуну таптайм, даярдайм, элитага кошобуз» деп атайын, жасалма түрдө алып чыгат. Авторитардык коомдо саясий элита боюнча «баланчанын мектеби» деген түшүнүк бар.

Бизде совет заманынан бери келаткан «ал баланчанын кадры, тигил түкүнчөнүн кадры» деген сөздөр бар. СССР учурундагы жетекчилер кимдир бирөөгө симпатиясын арттырып, сүймөнчүлүгүн көргөзүп, тарбиялап келишкен. Ал эми жетекчиге окшобогон ою бар, көз карашы бар, билими барларды катарга кошпой келишкен.

«Азаттык»: Жамгырбек агай, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз саясий элитасынын коомдогу орду, бедели, аброю кандай болду? Сапаттык деңгээли жөнүндө айтканда үч президенттин учурунда саясий элитанын салмагын салыштырмалуу кандай баалайт элеңиз?

Саясий элитаны калыптандырууда жалаң эле жетекчилер эмес, элдин да саясий маданияты, жоопкерчилиги болуш керек.
Жамгырбек Бөкөшев.

Жамгырбек Бөкөшев: Албетте, салыштырууга болот. Айталы, Аскар Акаев президент болуп турганда интеллектуалдарга, билимдүүлөргө, адистерге басым жасалган. Кадр тандоодо кайсы бир система калыптанып калган. Келечектеги кадрларды өстүрүү максатында «21-кылымдын кадрлары» деген программа чыгып, көптөгөн жаштар чет өлкөлөрдөн билим алышкан.

Курманбек Бакиевдин убагында болсо бул система кедерине кетти. Кадрларды тандоодо «акаевдики», «өзүмдүкү» деген критерийлер пайда болду.

Алмазбек Атамбаевдин учурунда болсо бул маселе унутта калды, керек болсо мүнөздөгөнгө да мүмкүн эмес болду. Анын бийлигинин башында «жаш кадрларды өстүрүү» максатында сөздөр айтылып, иштер башталган, кийин башаламан болуп кетти.

Менимче, саясий элитаны калыптандырууда жалаң эле жетекчилер эмес, элдин да саясий маданияты, жоопкерчилиги болуш керек. Азыр элде биздин парламенттеги депутаттар жөнүндө «ал соодагер болчу, бул криминал болчу» деген ойлор көп. Аларды ким шайлады, ким добуш берди? Учурунда акча үчүн, же башка жолдор менен шайлап алабыз да, кийин дооматты башка бирөөгө артабыз. Ошондон улам «элге жараша, анын тандоосуна жараша элита эленип чыгат» десек болот.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG