Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Жураев: Cаясий күрөш күчөшү мүмкүн


Жаз жакындаганы Кыргызстанда саясий кырдаал күчөшү ыктымалдыгы тууралуу божомолдор айтыла баштады.
Жаз жакындаганы Кыргызстанда саясий кырдаал күчөшү ыктымалдыгы тууралуу божомолдор айтыла баштады.

Серепчи Эмил Жураев Камчыбек Ташиевдин кадамдары, жазгы саясий кырдаал боюнча ой бөлүштү.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата-Журт”фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айткандары боюна уу-дуу токтой элек. Ташиев ага чейин бир топ кадамдарды жасаган: “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен биригип, уулуу көмүрдүн айынан премьер Бабанов менен тирешип, анын кызматтан кетишин талап кылып жаткан. Ташиевдин бул кадамдары эмнеге алып келиши мүмкүн?

Эмил Жураев: Бул жерде бир топ маселе болуп жатат. Биринчиден, Ташиевдин кечээ айткан сөздөрү биздин саясий маданиятыбыздын төмөндүгүнүн бир белгиси. Бул Ташиевдин эле эмес, жалпы эле саясатыбыз өкүнүчтүү абалда турганын көрсөтөт. Ташиев ошонун бир көрүнүктүү белгиси болуп турбайбы.

Бирок жалпылап карасак, партиялардын биригиши, акимдерди, мэрлерди шайлоо боюнча ызы-чуулар эмнеге алып келет дегенде, бир топ серепчилердин айткандарына кошулуп кетет элем: менимче, жазында биз дагы бир саясий толкундоолорду күтөт окшойбуз. Анткени барган сайын бийликтин үч бутагынан ортосунда кичине чыңалуу пайда болгону көрүнүп турат. Кайсы белгилер менен, кайсы жааттар арасында бөлүнүү, ажырым болоорун ойлонуш кыйын болуп турат. Бирок башка себептердин айынан айыгышкан күрөш болуп калчудай.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбев улут, диний, аймак аралык араздашууну козуткандарга катуу чара көрүлөт деп байма-бай айтып келет. Ташиев улутчул деп айыпталып жатканда президент эмнеге өзүнүн сөзүн айтпай жатат?

Эмил Жураев: Анын эмнеге жооп бербегенин түшүнүш кыйын болуп турат. Бирок жаңы президенттин көп жерден унчукпай койгонун байкап эле турбайбызбы. Баткендин Андарак айылында улут аралык кагылыш болуп кеткенде деле унчукпай эле койгон. Дагы бир топ жерлерде сөз айтпай, кандай ойдо болгонун калың эл билбей калып жатабыз. Бул өкүнүчтүү. Менимче, такай ушуга окшогон мисалдарда, кырдаалдарда бекем жана катуу ойлорун айтып турушу керек болчу. Улут аралык биримдик, тынчтык, ынтымак деген такай идеологиялык жактан президенттин милдети болуп эсептелиши керек.

“Азаттык”: Жазында саясий кырдаал чыңалышы мүмкүн деп айттыңыз. Азыр коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт деп маалымдалууда. Ушундан улам ондогон депутаттарга кылмыш иши козголуп, камоолор болот деген божомолдор бар. Мындай шартта парламенттин тарашы ыктымалбы?

Эмил Жураев: Парламенттин тарашы ыктымал. Коррупция ашкереленет деген сөздөргө анын жыйынтыгын көрбөй туруп ишениш кыйын. Анткени бизде жок жерден эле ар кандай нерселер болуп кете берет эмеспи. Бирок парламенттин тегерегинде саясий кырдаал курчушу мүмкүн экени байкалып турат. Менимче, максат коалицияны уратыш болобу, же Жогорку Кеңешке башка партияларды алып келүүбү, айтор жазгы саясий күрөштүн маалында парламенттин айланасындагы саясат эң биринчи планга чыкчудай.

XS
SM
MD
LG